Маданият

Улуттук китепкана виртуалдуу конкурс жарыялайт

 А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана бүгүн 6-апрелде баардык курактагы жарандарга виртуалдуу конкурс жарыялады.

Конкурстун темасы Улуу Ата Мекендик согушка багытталган.

Каалоочулар эссе жана көркөм окуу менен сынакка катыша алат. Катышуучулардын жаш курактары 7-12 жаш 13-18 жаш 18 жаштан өйдө. Сынакка катышуу үчүн онлайн тиркеме калтыруу менен анда аты-жөнү, жаш курагы, материалдын аталышы жана е-mail дареги так көрсөтүлүүгө тийиш. Улуу Ата Мекендик согушка арналган теманын көлөмү төрт барактан ашпаган, Times New Roman, кегль – 12, интервал – 1,5 менен, doc, docx форматында электрондук түрдө [email protected], [email protected] дарегине кыргыз, орус тилдеринде кабыл алынат.

Жеңүүчүлөр 9-майда аныкталып баалуу сыйлыктар берилип, алардын эмгектери Улуттук китепкананын сайтына жүктөлөт.

Экинчи конкурс ушундай эле шарт менен, мугалимдер арасында эң мыкты видео сабак, алп акын Алыкул Осмоновдун жаркын элесине арналып жарыяланат.

Сынакка материалдарды 22-апрелден 6- майга чейин жиберүү каралган. Жыйынтыгы 27- майда китепкана күнүнө карата чыгарылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button