Маданият

“Даңазалуу доордогу” каталар

Бир мезгилде дээрлик дүйнөнүн бир топ өлкөлөрү сүйүп көргөн “Даңазалуу доор” (Султан Сулайман) тасмасындагы кетирилген каталарды көпчүлүк байкабаган менен тарыхчылар тастыктап атып чыгышты.

Тасмада сулуу айымдар, гаремдеги интригалар, ошол мезгилдеги саясат сүрөттөлөт. Тарыхчылардын айтымында Хюррем Сулайман Султан болгонго чейин эле жолугуп, андан башка аялдары болгон эмес деп айтышат.

Осмон империясында мусулмандар болгондуктан алардын аялдары декальте кийген эмес, тескерисинче мусулман айымдар денесин жаап жүрүшкөн.

Дал ошол тасманын каармандары кийген кооз көйнөктөр бул одоно кетирилген ката дешет.

Султанга тамак ирети менен бир бирден киргизилчү экен, а тасмада дүйүм тамак турганын көрүүгө болот.

Тасманын дагы бир сюжетинде ханыша Иззабелланын жаш курагын көрүүгө болот. Тарыхчылардын айтымында ал ханыша чынында султандан бир топ жашка улуу болуп, анын чоң апасы менен жашташ болгон.

Дагы бир сюжетте Ибрагимдин артында мунараны көрүүгө болот, Осмон империясы кезинде мындай мунаралар болгон эмес.

Сериалда Хюррем менен Сулайман султандын баардык балдары айтылган эмес дешет тарыхчылар. Чыныгы жашоодо алардын балдары көбүрөөк болгон экен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button