Орусиянын белгилүү 1-каналында көп жылдан бери жаңылыктарды ийне жибине жеткире алып барган 58 жаштагы Екатерина Андрееванын ордуна 30 жаштагы Екатерина Березовская келээри айтылууда.

Акыркы тараган айың кептерге караганда каналдын жетекчиси Константин Эрнст эфирге жаш алып баруучу караштырып жүргөн.

Березовская буга чейин РЕН ТВ, ВГТРК каналдарында иштеген. Бирок азырынча 60 жашка чукулдап калган Екатерина Андрееваны официалдуу түрдө жумуштан кетире элек, азыр ал мурдагыдай эле жаңылыктарды алып баруусун улантууда.