Коронавирус: Экономикасы кубаттуу, эң бай өлкөлөр биринчи жабыркады

309

Мындан туура 100 күн мурда, тагыраагы 31-декабда, Кытайдын Ухань шаарында белгисиз пневмония аныкталгандыгы боюнча кабар расмий жарыяланган.

Бир нече сааттан киийн Кытайдын Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери Уханга келип изилдөөлөрдү баштайт. Деңиз жаныбарларынан же жарганаттан жугушу мүмкүн деген маалымат чыгат.

Экинчи күнү бул жугуштуу илдет болушу мүмкүндүгү айтыла баштайт. Себеби Ухандан кеткен гонконгдук аял ушундай симптомдор менен ооруканага жаткырылган.

Ошентип илимпоздор, медицина кызматкерлери иликтей баштаган маалда, жалбырттаган оттой болуп, Гонконг, Сингапур, Түштүк, Корея анан Европа өлкөлөрү болуп дүйнө жүзүн каптап кирди.

Бирок, мындай тарых-таржымалы мурда болбогон жугуштуу илдетти алгач көптөгөн мамлекеттер этибарга албай мамиле кылышса, бир катар мамлекеттер бул бактериологиялык курал болушу мүмкүндүгүн айтып, ой жоруй баштады. Интернет желесин адам түшүнө кирбеген маалыматтар каптап калды.

Алгач Кытай сап башында болуп, Гонконг, Сингапур, Жапония, Түштүк Кореяда жугузгандардын саны, илдеттен каза болгондордун санын күн сайын бири-биринен өтүп арбый баштаганы дүйнө жүзүнүн үшүн алды. Албетте, Россия, АКШ баштаган ири державалар, Европанын бай өлкөлөрү таажынын чокуларына окшогон белгилери бар болгонунан Таажывирус атыккан бул дүйнөгө жаңы илдетти дале кенебей турушту.

Кытайдан эли кырылып калчудай болгон сандык маалыматтар, көчөлөрүндө туруп-туруп эле жыгылып жаткан адамдардын видеосу, жаналакетке түшкөн дарыгерлер, 10 күн ичинде салынат деген оорукананын курулушу тууралуу видеолор социалдык түйүндөрдө миллиондогон көрүүлөргө ээ болду.

Баягы жугуштуу оорулар каптаган жана андан өлгөндөрдүн саны боюнча графикалык маалыматтар күн сайын жаңыланып, Кытай, Гонконг, Сингапур, Жапония, Түштүк Корея, Италия, Испания, Иран болуп өзгөрүп жатты.

Европанын бай өлкөлөрүнүн катарын толуктаган Италия, Германия бул статистикага кошула электе, айрыкча, Италияда карантин киргизилип, мектептер, бир катар иштер токтотулганы менен эл көчөгө майрамдай эле басып жүргөнү дүйнөлүк телеканалдардан көрсөтүлүп жатты.

Бул ошол маалда күчөп жаткан тенденцияга болгон каамырабастык, кайдыгерлик эле.

Мунун азабын көп өтпөй эле Италия абдан тартты. Таажывирустун Италиядагы өкүмү катуу жүрдү. Дарыгерлеринин ар кандай кайрылуулары, «элден болгон жардам жугузуп албай үйдө отур» деген жалынып сурангандары, күн-түнү тынымсыз иштеген врачтардын орун жоктугунан коридорлордо уктап жаткандары боюнча ар кандай аянычтуу маалыматтар социалдык түйүндөрдө бири-бирине жиберилип, дүйнөгө тарады.

Дал ушул маалдарда катуу тартип Кытай таажывирустун тажаал өкүмүн ооздуктай баштаса, Сингапур, Түштүк Корея, Жапония илдетти басаңдатууга жетишти.

Мунун себеби, бул өлкөлөрдүн элдеринин тартипти так сактаганы, врачтарынын 24 саат тыным албай иштегени, бийликтин катуу чаралары, алдыңкы технологиялык жетишкендиги менен күчтүү медицинасы болду.

Анткен менен жаалданган таажывирус тынбастан, дүйнөнү айлануусун улантты. Италия менен Испаниянын шайын кадимкидей алды. Мен деген Германиянын канцлери Ангела Меркел да карантинге алынды. Таажывирус тоготпой жаткан Британиянын премьер-министрине да илешип, ооруканага айдады. 

Франция, Чехия баштаган көп өлкөлөрдө толук карантин жарыяланып, туристтер кыдырган ажайып жайлар аңырайып бош калды. Алтургай адам жоктугунан деңиз жээктерине, Венециянын суу каналдарына дельфин, акулалар ээн-эркин сүзүп келип-кетип жатышты.

Бул арада башкалардан өзгөчөлөнүп, Швеция менен Белоруссия карантин жарыялабай таажывирус катталган очокту катуу көзөмөлдөп, ыкчам медициналык жардам көрсөтүү жолунда болушту.

Акыры таажывирустун таажылары Орусия менен АКШга да жетип, дүрбөлөңгө салып жаткан маалы. Статистиканын сап башына айды багынтам деген АКШ чыкты. Акыркы күндөрү АКШда жугузгандардын саны 400 миңден ашса, бир күндө 1900 америкалык өмүрү менен кош айтышты.

Россия ар тараптуу катаал чараларды кабыл алууга өттү. Путин өзү бардык жарандарын дүйнөдөгү башкы коргонуу чарасы болгон үйдө отурууга үндөп чыкты. Бул арада илдетти басаңдатты деген Жапонияда кайрадан карантин чараларын баштады. Демек, таажывирус дале өкүмүндө.  

Мына бүгүнкү маалыматтарга эле байкоо салалы. Дүйнө жүзү боюнча 1 млн 519 миң киши коронавирус жуктуруп алышкан. 88,5 миң адам бул илдеттен каза болду.

•          АКШ (435 160) — өткөн түнү 32 168 жаңы жуктуруп алгандар, 1949 каза болгондор аныкталды;

•          Испания (148 220) — 6278 жаңы учур, +747 каза болгондор катталды;

•          Италия (139 422) — 3836 жаңы жугузуп алгандар, +542 өлгөндөр катталды;

•          Германия (113 296) — 5633 жаңы учур, +333 өлүм катталган;

•          Франция (112 950) — 3881 жаңы учур жана +541 өлүм катталган.

Кытай жалпы жуккандардын саны боюнча 81 865 адам болуп тизмеде алтынчы орунду ээлеп турат. Андан кийинки катарда Иран (64 586) жана Улуу Британия (60 733) турат. Тизмедеги алгачкы ондукту Түркия (38 226) жана Бельгия (23 403) жыйынтыктайт.

Тилекке каршы, жогорудагы маалыматтардын ичинен каза болгондорунда дагы, жуктургандарында дагы арасында дарыгерлер бар. Эң коркунучтуу, эң аянычтуусу –ушул болуп жатат.

Таажывирус медицинасы өнүккөн мамлекеттерди дагы аяган жок. Мен-мен деген ооруканалардын врачтары дагы адамдарды медиктерге күч келтирбей, жугузуп албай, үйдөн чыкпай отурууну кайра-кайра суранып жатышат.

Мунун баары түшүнүктүү жагдай. Буга чейин катталбаган илдетти кантип дарылоонун жолу, дары-дармеги болбогондон кийин дүйнө жүзүндөгү дарыгерлер аны менен күрөшүүдө кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Чын-чынына келгенде, бардык жерде дарыгерлер өздөрүнүн саламаттыгын дагы тобокелчиликке салып иштеп жатышат. Андан улам, жуктуруп алган дарыгерлердин саны дагы арбын экени маалым.

Бул дүйнө жүзүндө медицина системасынын бул илдет менен күрөшүүгө даяр эместигин белгиси. Дал ушул себептен медицина тармагынын кызматкерлери дагы жабыркап жатканы айдан ачык иш. Бирок күрөш токтоп калган жок. Саламаттыкты сактоо жаатында коронавируска каршы вакцина, дары-дармек ойлоп табуунун үстүндө кызуу иштер жүрүп, дүйнө жүзү боюнча 20дан ашуун препарат сыноодон өтүп жатканы айтылууда.

Таң калыштуусу – бул жагдай менен күрөшүүдө экономиканын кубаттуулугу жардам боло алган жок. Экономикасы күчтүү мамлекеттерде дагы коронавирус менен күрөшүү жаатындагы жагдай үлгү болорлук эмес.

Жалпылап айтканда, экономикасы күчтүүбү, алсызбы – тегиз бардыгында вирусту жугузуп албоо маселеси биринчи планга чыгып отурат. Дүйнөнүн булуң-бурчунда үйдө отур, үйдө жаша таризиндеги чакырыктар ураан болуп айтылып келет.

Эң өкүнүчтүүсү, мына ушундай дүйнөлүк көйгөйдө, адамзаттын башына түшкөн апаатта деле өз кызыкчылыгы үчүн саясат жүргүзгөн саясатчылар, мамлекеттер жок эмес экен.

Дүйнөлүк саясатта, маселен, ошол эле АКШны алалы. Алгач такыр кенебей, коронавирусту триллиондогон доллар жумшасам да жеңип чыгам дегендей түр көрсөттү эле.

Бул илдеттен 200 миң америкалык өлсө деле эчтеке эмес деп алып, өз элине бир жаман көрүндү. Анан вирус Нью-Йорк штатын кучагына алганда, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун коркутуп, эрте коңгуроо каккан жоксуңар дегендей кылып бир каптап өттү.

Анан Кытайды ачыктан ачык айыптап, алар менен маалыматтык согушка аттанды. Дүйнөгө вирусту Кытай таратты деп жаманатты кылуунун үстүндө иш алпарууга өттү. Буга да ири каражаттарын жумшап жатканы айтпаса да белгилүү. Ошентип, коронавирусту өз пайдасына иштетүүнүн үстүндө.

Дүйнөдө мындай саясый оюндар жүрүп жатканда Кыргызстанда дагы бул таажывируска жамынып, бийликтин аракеттеринин кыйкым издегендер да пайда болду.

Буга чейин сакталып келе жаткан туруктуулукта айла таппай, эми коронавирус өлкө аймагында катталып, карантин, өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимдери киргизилгенден кийин кине коюп башташты.

Албетте, бул элдин көңүлүн буруп, бийликтин иштеп жатканынан кемчилик таап, жаманатты кылуу аракетин катуу жүргүзө башташты. Буга акыркы күндөгү бийликке болгон сындардан байкасак болот.

Дүйнө жүзүндөгү лидерлер, таанымал окумуштуулар, белгилүү өнөр адамдары, дүйнөлүк рейтингдеги спортчулар жалпы элди – жалпы адамзатты бул илдетти жугузуп албоонун эң эле биринчи кадамы катары үйдө болууга чакырып жатышат.

Ошону менен катар жардамга муктаж өлкөлөргө, шаарларга жардам берүүгө ашыга башташты. Тапкан-ташынган байлыгы дал ушул адамзаттын өмүрүнө жана саламаттыгына жумшалышы керектигин терең сезе башташты. 

Мына дүйнө жүзү таажывирус менен кандай күрөшүп жатканына бир саам гана көз чаптырдык.

Дал ушундай кырдаалда, эч кандай саясат менен алек болбой адамзаттын өмүрү, элдин ден соолугунун камы, экономиканы жок дегенде ушул деңгээлде кармап калууга жандалбастап жатканда, саясый маданияты төмөн, адамдык сапаты ушунчалык пас, өз кызыкчылыгынын камын гана ойлогондор чыгып жатканы абдан өкүндүрөт.

Бирок жалпы эл калыс баасын берет. Ким элдин камында, ким элдин жанында, ким элдин сабында экенин эл өзү таразалап алат.

Булак: Abal.kg