Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү облусу тургундарын коронавирус илдетинен улам жана өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, 15-апрелге чейин мал жандыктарын жайлоого айдабай турууну эскертет.

Өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдиргендей, жарандардын массалык мал айдоо аракеттери өзгөчө кырдаалдын тартибин бузуп, жарандардын топтолуусуна жана байланышына шарт түзөт. Ошондой эле тоолуу аймактарда, жайыттарда аба ырайынын төмөндөшү күтүлөт.

Малчыларга жайлоого мал айдоо качан башталаары тууралуу кошумча маалымат берилет.