Кыргызстандыктардын коронавирус менен күрөшүүдөгү демилгелүү иштерин дүйнөлүк ЖМКлар чагылдырып жатат. Мындай маалыматтарды угуп, окуп абдан сыймыктанасың. Бул видеодо алып баруучулар Эркин Рыскулбеков менен Нурсултан Майназаровдун кайрымдуулук иштери тууралуу айтылган. Эркин Рыскулбеков буга чейин онкологиялык ооруларга жардам кылып жүргөнү коомчулукка белгилүү эле. Учурдагы кырдаалга байланыштуу колунда бар адамдардын көмөгү менен аз камсыз болгон жарандарга азык-түлүк баштыктарын таратып жатат. Күнүнө 50дой адамга кол сунуп менен Эркин жана кесиптештери адамдардын жүрөктөрүн жылытып, баталарын алып жатат. Азаматсынар!