Өлкөдөгү тыюу салынган Курдистан Жумушчу партиясынын мүчөлөрү тарабынан уюштурулган жардыруунун натыйжасында Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбакыр провинциясында беш адам курман болгон.

«Бүгүн таңкы саат 6.30да колго жасалган жана КЖП террористтик уюмунун мүчөлөрү тарабынан коюлган түзүлүштүн  жарылуусунан улам отун алуу үчүн токойго бара жаткан Кульп районунун беш тургуну набыт болгон.

Түркияда 2015-жылдын июль айынан тартып болуп келе жаткан КЖП менен болгон куралдуу кагылышуулардын натыйжасында күрт көтөрүлүшчөлөрүнүн кол салуусунан улам 1 миңге чукул аскер адамдары менен полиция кызматкерлери, ошондой эле 500 жакын жай тургундар каза болгон. Түркиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча бул мезгил аралыгында коопсуздук күчтөрү тарабынан 10 миңден ашык КЖП мүчөлөрү жок кылынган.