ММКлар билдиргендей буга чейин Гарри Поттердин музейине (WarnerBros. Tour Studio London) туристтерди ташуучу автобустары Англия Улуттук саламаттык сактоо кызматынын Хартфордшир графчылыгындагы кызматкерлерине арнала тургандыгын маалымдашты.

Коронавирустун жайылуусуна байланыштуу музей жабылып, компаниянын автобустары сыйкырчылар тууралуу көркөм тасманын көпчүлүк бөлүгү тартыла турчу бул жерлерге болгон сапарларын токтотууга мажбур болушкан.

Бирок, Хартфордширдин үч пунктуна мындан кийин бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен  бул автобустарда дарыгерлер жана медайымдар ташылат.

«Биздин медициналык кызматкер бул оору менен күрөшүп жатып, алдан-күчтөн тайып бүтүштү. Ошол себептүү, дени сак кызматкерлердин транспортко байланышкан көйгөйлөргө дуушар болуусуна жол берүүгө болбойт» — деди Батыш Хартфордшир ооруканасынын өкүлү Пол да Гама.