Өткөн суткада дагы 15 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ушуну менен жалпы айыккандардын саны 216га жетти.

Өлкө аймагы боюнча коронавирус жуктургандардын саны 590го жетти. Жети адам каза болду.