Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн өлкө аймактарында 2020-жылдын 21-апрелине карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат беришти.

Бишкек шаары;

Бишкек шаары боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары ‭482,2‬ т ун, 55,3 ‭т макарон, 46865 литр өсүмдүк майы, 53,5 т күрүч, 56,3 т кум шекер, 4247,2 кг чай, 19492 кг бурчак (горох), 3625 кг гречка, 9477 кг китлап, 402 кг эт, 250 банка коюлтулган сүт, 3 418 кг картошка, 372 пачка бульон берилди.‬‬‬‬‬‬

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 3 327 584 сомду түздү. Жалпысынан ‭44 977‬‬‬‬‬ үй-бүлөгө жардам берилди.‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬‬

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 55 аралыкта текшерген термометр, 75980 бет кап, 36303 кол кап, 1250 литр антисептик, 379 даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдары (көп жолу кийилет), 2796 даана коргоо костюмдары (бир жолу кийилет), 7000 даана бут кап (бахилы), 9500 даана шпатель берилди.

Ош шаары;

Шаар боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 295т ун, 11 700 кг макарон, 21 800 л өсүмдүк майы, 5 500 кг күрүч, 4 700 кг кумшекер, 800 кг эт, 41 200 кг картошка берилди. Жалпысынан 27248 үй-бүлөгө жардам берилди. Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 15 125,8 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 4,7 т хлор, 133 514 даана беткап, 2 615 л антисептик, 9 003 даана коргоо костюмдары, 32 430 даана кол каптар берилди. Көрсөтүлгөн жардамдын ичинде Элдик штаб («Дестинация Ош» коомдук бирикмеси аркылуу), «Элим барсыңбы?» коомдук уюму, “Кызыл Жарым Ай” коому аз камсыз болгон улгайган жарандарга жана СПИД Борборуна, «Жаңы муун» коому онкологиялык оорулууларга жардам беришти.

Ош облусу;

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары жалпы 2 723,5 т ун таркатылды. Кыргыз Республикасынын мамлекетттик резервдер фондунан 1248 т ун бөлүнгөн. Мындан сырткары, 26 688 кг макарон, 95736 л. өсүмдүк майы, 36 т 876 кг күрүч, 11 419 кг кумшекер, 5 475 кг эт, 21 т 700 кг картошка берилди.

Жалпысынан 64 миң 521 үй-бүлөгө жардам берилди. Анын ичинен жеке тараптардан 39 711 үй-бүлөгө, материалдык резерв фондунан 24 810 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 829 146 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12т 360 кг хлор, 231 488 даана беткап, 1540 л антисептик, 3339 даана коргоо костюм 378 080 даана кол каптар, 8 тепловизор берилди. Ноокат жана Алай райондорунун ооруканаларына бирден медициналык тез жардам автоунаалары берилди. Кара-Суу районуна бир ИВЛ аппараты, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына да бир ИВЛ аппараты берилди.

Чүй облусу;

Чүй облусу боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары азык-түлүк азыктарынан: 144000 кг. ун, 6339 кг макарон, 9607 литр өсүмдүк майы, 7979,5 кг күрүч, 8636,5 кг кумшекер, 31 кг эт, 416 кг картошка таркатылды. Жалпысынан 6538 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 2887кг хлор, 31485 даана маска жана распираторлор, 764 даана коргоо костюмдары, 6106 даана кол кап, 194 даана атайын көз айнек, 13003 л. антисептиктер, 9 даана тепловизор/термометр жана 195 даана башка медициналык каражаттар таркатылды.

Жалал-Абад облусу;

Облус боюнча жардамга муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 2071,49т ун, 22198 кг макарон, 44396 л өсүмдүк майы, 14524 кг күрүч, 7591 кг кумшекер, 2000,6 кг эт, 32423 кг картошка берилди.

Жалпысынан 58412 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 11 436 930 сомду түздү. Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 22 231 т хлор, 294 926 даана беткап, 9457 л антисептик, 4127 даана коргоо костюмдары, 25972 даана кол каптар,1030 даана термометр берилди. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн. акча каражатын жана 5т ун облустук клиникалык ооруканасынын медициналык кызматкерлерине, шаардык ички иштер бөлүмүнө 2 млн сом акча каражаты тапшырылган.

Баткен облусу;

Облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 938,5 т ун, 11073 кг макарон, 29264 л өсүмдүк майы, 4269 кг күрүч, 4115 кг кумшекер, 1493 кг эт, 2765 кг картошка берилди. Жалпысынан 12549 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста финансылык жардамдын жалпы суммасы 4 млн 411 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 5,9 т хлор, 93537 даана беткап, 1885 л антисептик, 1678 даана коргоо костюмдары, 12276 даана кол каптар берилди.

Ысык-Көл облусу;

Облус боюнча муктаж үй бүлөлөргө жардам катары 517т 490кг ун, 3 т 650кг макарон, 18 112 л өсүмдүк майы, 8т 370кг күрүч, 11т 346 кг кумшекер, 1 т 720 кг эт, 9 т 100 кг картошка берилди. Жалпысынан 17 миң 906 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 8471 кг, 72 миң 15 даана таблетка, 2320 литр хлор 105 миң 475 даана беткап, 3240 л антисептик, 2миң 700 даана коргоо костюмдары, 167миң 388 түгөй даана кол каптар берилди.

Нарын облусу;

блус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 468т ун, 12 т 348 кг макарон, 20 138 литр өсүмдүк майы, 3т 607 кг күрүч, 7 т 704 кг кумшекер, 1218 кг эт, 451 кг чай жардам берилди. Жалпысынан 11150 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 215 500 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 906 литр, 464 таб, 40 кг хлор, 93 986 даана беткап, 1 422,5 литр антисептик, 430 даана кол каптар берилди. Жергиликтүү жеке ишкерлер тарабынан Нарын шаарындагы медицина кызматкерлерине 180 кап ун, 180 кап макарон, 180 даана 5 литрдик суу май жардам катары берилди.

Талас облусу;

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 272т ун, 5197 кг макарон, 4724 л өсүмдүк майы, 5520 кг күрүч, 1542 кг кумшекер, 998 кг эт, 100 даана чай берилди. Жалпысынан 7109 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн 340 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7,8 т хлор 83800 даана беткап, 1643 л антисептик, 820 даана коргоо костюмдары, 5322 даана кол каптар берилди.