Эгерде ирандык кемелер АКШнын аскердик-деңиз флотун куугунтуктай турган болсо аларга каршы ок чыгарылат. АКШ президенти Дональд Трамп бул тууралуу оюн Персия куймасындагы америкалык моряктардын катышуусу менен болгон кезектеги инциденттен кийин айтып чыккан.

Президент Дональд Трамп өз Twitter баракчасына эгерде америкалык кемелерге каршы провакациялар орун алса, ирандык күзөт катерлерине каршы ок атууну буюргандыгы тууралуу жазып калтырып: — «Эгерде биздин кемелерге каршы суу үстүндө кандайдыр бир агрессия коштогон аракеттер орун ала турган болсо, АКШ аскер-деңиз күчтөрүнө ирандык куралдуу күчтөргө каршы ок атуу боюнча көрсөтмө бергендиги» тууралуу кошумчалаган.

Мына ушундан кийин ал ирандык патрулдук кемелер америкалык аскер кемелерине жакын сүзүп келишкендиги тартылган видеону дагы Twitter баракчасына жайгаштырган.