Коом жана мен (Чөйрө жана аял зат)

Бала кезден тартып дайыма изденүүнүн үстүндө жүрөмүн. Айлана-чөйрөнүн тазалыгы, аял затынын ден соолугу мени ар дайым ойлонтуп келет. Аллахымдын буйругу менен турмуш жолуна аттанып, периштедей эки кыздуу болдум. Эне болуу бактысын буюрган, энелик сезимди туйдурган Жаратканга чексиз шүгүр кыламын. Жараткан энеге тоодой күч берип, кыйын сыноолорду берет. Ар бир наристени төрөп, жарык дүйнөгө алып келген сайын күчтөнөбүз. Наристелерибиздин күлкүсүнөн кубат алып, дагы да жашагыбыз келет. Жашоодогу ар бир аял заты эне болгондон кийин, эненин бийик кадырын сезет тура.

Мен экинчи кызымды төрөп, төрөт үйүндө жаткан кезде, кокустан таштандыга көзүм түшүп калды. Негизи эле кичинекейимден тартып көчөгө таштанды таштабаган жанмын, бирок, ушул күнгө чейин айлана-чөйрөгө зыян келтирип жатканымды билдим. Чөйрөбүздө баштык-баштык таштандыга чыгып жаткан аялдардын прокладкасын көргөңдө дароо өзүмө “Мындай болбойт, бул нерсени жеңип чыгуу үчүн бир жол табуу керек” – деген ой келди. Бул бир төрөтканадан чыгып жаткан таштанды ар бир үйдөн чыкканда эле чөйрөбүз канчалык деңгээлде булганат.

Этек кир – бул Алла Таала жараткан адамдык табият мыйзамдарынын бири. Бул аялдарга тиешелүү болгон абал жана аял затынын табиятына жаратылган нерсе. Демек, этек кирдин келүүсү аял затынын табиятынын саламаттыгынын белгилеринен болуп саналат. Окуучу кезимде Айнура деген мугалимимдин “Силер таштандыга таштаган прокладка күнгө чириген сайын, силердин да өңүңөр кубара берет” – деген сөзү эсиме келди. Акыркы жылдары аялдардын 30% нын ооруусу бир колдонуучу прокладканын кесепетинен экендигин окуган элем.

Бул чындык, эч кимибиз тана албайбыз. Мурда чоң энелерибиз эмне колдончу эле? Алар албетте, табигый, таза кездемелерди колдонушкан. Мен да бир канча таза, жумшак кездемелерди алдым да, заманга жараша ыңгайлуу кылып түрдүү прокладкаларды тигип чыктым.

Айымдар үчүн абадай зарыл буюмду чыгаруу мага болуп көрбөгөндөй чоң кубаныч тартуулады. Себеби, “Элимдин саламаттыгы, чөйрөнүн таза болуусу үчүн кандай салым кошо аламын” – деген оюмду ишке ашырдым.

Эң негизгиси бул прокладка ар бир колдонгон айымга жакшы маанай тартуулайт деп ойлоймун. Бир тарабынан жылуу, сапаттуу, ден соолукка пайдалуу, чөйрөнүн таза болуусуна биздин салымыбыз болсо, экинчи тараптан финансылык жактан пайда келтирет.

Улут саламаттыгы — дени сак энеден. Дени сак энеден, дени сак балдар төрөлөт. Дени сак өскөн балдар, өлкөбүз үчүн кызмат кылат. Мен ар дайым элимдин саламаттыгы үчүн кызмат кылууга даярмын.

Гулнур Жапарованын буюмдарын колдонуучулар 0500-015905 номерине байланышса болот. Инстаграмда: ekoprokladka.