ЖаратмандарКоомМаданият

Борбор Азия кыйырына таанымал таасын талант же Эрмек Каримов туурасында сөз

Өнөр баалаган элдин өсөөрү бар

Ичер суусу түгөгөн ар бир адам пендесинин бараар жери ошол: куду кечээ эле кулпурган кара чачын уюлгута, кыягын желкесине илип алып, шатыра-шатман шайыр жүргөн, майин коңур үнү менен отуруш-тойлордун, сахнанын көркү болуп келген, партиялык маданий иш-чараларга керек болгондо «Эрмекжан», кереги жокто эч ким эстебеген таанымал өнөрпоз Эрмек аке Каримов ааламдан өттү деген суук кабарды иш боюнча алыс сапарда жүрүп уктум…

Агабызды акыркы жолу мындан бир топ жыл мурда Бишкектеги темир жолчулардын бейтапканасында дарыланып жатканда аманчылыгын сурап барып көргөн элем, андан кийин телефондон гана кабарлашып турдук. Ооруп жүргөн…     

Бул орошон талант ээси туурасында эскерүү жазуу мага парз эле. Убакты сааты чыкпай жүрүп бир аз кечигип да калдым окшойт. Ошентсе да… Эсимде, 1977-жылы биз айылдагы сегиз жылдык мектепти аяктап, райондун борбору Исфанага, азыркы Раззаков шаарындагы ошол кезде областка аты чыгып турган Ю. Гагарин атындагы орто мектептин тогузунчу классына бардык. Бир ай окуп окубай күзүндө көнүмүш болгон иш – райондун ылдыйкы аймагындагы «Кулунду» колхозуна пахта тергени алып кетти. Пахта терип жүргөндө кызыктын баары кечинде башталат. Күн бою бүгүлгөн белдери кеч кирери менен кадимкидей какыйып түзөлгөн окуучулар кечки бийге даярдык көрүп калышат: кыздар сыланып-таранып, ала келген жаңы көйнөктөрүн кийип жалпы бийге кулпуруп чыга келишет. Биздей кыр мурут жигитчелер болсо бети баштарын колдойгон кир самын менен өчүрөттөшө чала-була жуумуш этишип, мүшөктүн түбүндө жаткан тырыш-бырыш ак, сары, кызыл нейлон көйнөктөрүн сууруп чыгышат, чачтарын түкүрөктөп жымсалдап дегендей, булардын да оюн-зоокко даярдангандары өзүнчө бир ашем. Гагарин мектебинде орустар ошол кезде көп окугандыктан, жамбаштары бир кучак, дене мүчөлөрү кийген көйнөк шымынан чытырап чыгып кетчүдөй болгон көк көз, секирген сайын чачтары шамалга сапырылган сары чач даңкыйган кыздар ортодо тегеректеп туруп алышып бий дегендин акесин анжияндан көрсөтүшөөр эле. Ошондо азыркыдай музыка деле жок, болгону светтин жарыгында аккордеон ойноп берет бир агай. Тыйралаңдап бийлегендер кайсыл ырды же музыканы суранышпасын дароо эле чертип киргени бир укмуш, орустуку, кыргыз, өзбек, тажик, инди, италиян же англиспи, айтор кайсы эл, кай улуттун музыкасын суранышса да бир буйдалбай туруп бапылдатканы, коңур авазы менен коштоп ырдаганы, аккордеонду тимеле комуздай чапкылап ойногону бизди чексиз таңгалдырып, аңкайган оозубузду ого бетер ачырып жүрдү. Атактуу Эрмек Каримов көрсө, так ушу киши турбайбы! Ошондо алгачкы жолу көрдүм абамды.

Жашоо тагдырдын кийинки узак жолунда (азыр ойлосоң тимеле бир көз иремем) бул даңазалуу инсан менен аке-үкө катары саламыбыз түз болду, ынтымакта жүрдүк. 90-жылдардын башында республика боюнча ар ким өз аймагынан чыккан элдик таланттарды колдоп, турмуш-тиричилик жактан маселеси болсо чечип берип, үстүнө тон, башына калпак кийгизмей деген жакшы жөрөлгө жайылып кеткенде, байкасам биздин чоңдор дегеле камаарыбайт, таланттарды колдойлу деп ооз ачкан жан жок: буга абдан нараазы болгон жаным кашайганда райондук гезитке «Тарыхта сен каласың, Понтий Пилат же Эрмек Каримов туурасында сөз» деген ат коюп, атка минерлердин сээрине сайгандай бир макала жаздым. Жаш элем, Понтий Пилатты бул жерге жабыштырып не кылам десең, бирок так ошол кезде Айтматовдун «Кыяматы» жаңы жарыкка чыгып уу-дуу болуп турган учур эле: ошондуктан эмнегедир Ыйса пайгамбардын ошол Понтий Пилат аттуу сотко айткан сөзү жадыма уюп калыптыр. 

Макаланын ток этээр мааниси мындай эле: элге өмүр бою кызмат кылып келаткан Эрмек авадай чыгаан талантты баалай албасак биздин журт экенибиз кайсы, калың элдин эсинде акимдин эмес, Эрмектей өнөрпоздордун аты калат деген ачуурак кептер айтылып кеткен болчу. Макаланы окуса керек, райондун ошол кездеги акими дароо тийиштүү адамдарды чакырып, буйрук берген окшобойбу, айтор Эрмек авага көңүл бурулуп, райбийлик тарабынан турмуш шартына колдоо болду. Мен эми муну кыйраттым деп мактангандан алысмын, жазышым керек эле жаздым.

Ошондон кийинки эле жылы болсо керек, Эрмек авам жеке чыгармачылык маареке өткөрөм деп республиканын атактуу ырчы обончуларын баарына чакыруу кагазын жөнөттү. Ачып карасам №1-чи чакыруу кагазын мага жазып, атайын кишилерден Бишкекке берип жиберген экен. Мунусуна караганда мага ыраазы болгон экен деп ичимен көтөрүлө кубана түштүм, калган чакыруу кагаздарын атактууларга тызылдап чуркап жүрүп таратып бердим, бирок ошол кезде чар учкандай турмуш шарттын айынан Лейлектеги Эрмек аванын маарекесине бара алган жокмун, бирок өзүмдүн жакшылыгымдай чын ыкластан кубандым.

Биз «баарынан кыйынбыз!» деген сооротмо өксүк комплекси менен жашаган элбиз деп кыргыз даанышмандары Салижан Жигитов, Ишенбай Абдуразаковдор эң туура айтып кетишкен экен. «Баарыбыз тегиз кыйын» болгонубуз менен арабыздагы бизден да кыйындарды баалай албайбыз. Рухий дүйнөнү таптакыр унутуп таштап жалаң акчанын артынан кубалаган азыркы заманда аларды тааныбай деле калды жаштар.

Эрмек аваны да биз жеткире баалап ала албадык. Бул инсан чынында тирүүсүндө уламышка, апсана аңыз кепке айланган таасын талант, жалпы Лейлектин сыймыгы! Орто Азия чөлкөмүндөгү мега жылдыз. Бул жарыкта ысмы өчпөгөн мына ушундай адамдар гана элдин эсинде калат. Көзү өткөндөн кийин «түкүнчө министр, же баланча аким же депутат бар эле» десең иттин эсинде калбайт, анык кеп. Бу кишинин ысмын өзү жашаган айылдын бир көчөсүнө же мектебине берип коюшту бекен? Же маданият жаатын башкарган балдар жогору жакта отурган жигиттерге шапаттай бир кагаз жөнөтүп, бу кишиге жок дегенде маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамын алып бергенге кудуреттери жетпеди бекен?

Ушу макалага киришип жатып Эрмек ава туурасында кеп салып бергиле, макала жазайын дебатам деп жакында эле он чакты кишиге кайрылдым. Баары эле чогуу жүрүшкөнсүп, анан  жадыбалдай жаттап алган бир эле окуяны айтышат: «атасы Сүйүн Карим кыйын киши эле, Раззаков менен детдомдо окуп, анан кийин Раззаков биринчи болгондо учурашканы келсе, эшик кайтарган милийса киргизбей коюптур, анан жаалы кайнаган Сүйүн Карим акыры кабинетке киргенде досуна: эй Исхак, алдагы иттериңди кой деп койбойсуңбу!» деген экен» дешет. Мени абдан таңгалдырдык дешкен бу окуяны мен тээ бала кезден эле угуп келатам. Мен Эрмек аке туурасында сурасам, булар атасын айтышканы (арийне, а кишинин арбагына шек келтирбейм, Сүйүн Карим атабыз чынында чыгаан инсандардын бири болгон) демек, маалыматтары чукак, айтканга сөздөрү, не каалоолору жок.

Өнөр адамдарынын тагдыр жолу эч качан нан бетине сыйпалган сары майдай жылма, шыдыр болгон эмес. Төгөрөгү төп келишкен өнөр адамдарын дегеле күндүздүн күнүндө чырак көтөрүп издеп таппайсың. Мына ошол кеп сыңары Эрмек аванын да өмүрүн шаттык менен сүйүнүчү, касырет-кайгысы, татуусунан ачуусу арбын тагдыры коштоп жүрдү, бирок оомал-төкмөл тагдыр канчалык көтөрүп урбасын, топтой калчабасын, бул Адам өз жолунан чыгып кеткен жок, эл арасында болуп, өнөрдү жеткире түшүнгөн, баалаган адамдардын урмат-сыйынан өксүбөй келди. Бул абдан чоң нерсе түшүнгөнгө.

Жайдын көөдөй караңгы түнүндө шооласы өзгөчө жаркыраган таңкы чолпон жылдызды карап суктангандай эле Эрмек ава сыяктуу таланттуу адамдарды да суктана карап, казып жаза берсең кеп аягы түгөнбөйт, улам бир жагынан айлана жарык шооласы чачырап чыга берет. Буйруса, агам туурасында дагы жазам деген ниетим бар, машалла…

Бахтияр Шаматов

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button