Без рубрики

ИИОнун ардагерлери “Өзгөчө кырдаал” учурунда кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге жардам көрсөтүүдө

Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана аймактык түзүм бөлүмдөрдүн ардагерлер кеңештери ар дайым милиция кызматкерлерине ар тараптуу көмөк көрсөтүп келишет.

Бул багытта Чүй областынын Жайыл, Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз, Жалал-Абад областынын Аксы райондук милиция кызматтарынын ардагерлери да четте калган жок. Алсак, Жайыл районунун ИИБдө Чүй облусунун ички иштер органдарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги А.Асанов, Жайыл районунун ИИБнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы подполковниги Ж.Шамыров жана башка райондук ИИБдүн ардагерлери өздүк курамдын кызматкерлери менен жолугушуп, коргоочу каражаттарды тапшырышты.

Ардагерлер өзгөчө кырдаалдарда иштеген кызматкерлерге каалоо-тилектерин айтышып, өлкөбүздө өзгөчө кыраал режими, айрым шаарларда өзгөчө абал режими киргизилип турганда милицияда иштеген ар бир кызматкер элдин саламаттыгы, коопсуздугу үчүн чын ниеттен кызмат кылууга тийиш экенин белгилешип, кызмат учурунда милиционерлер өз саламаттыгына да кам көрүүсү зарыл экенин айтышып, медициналык бет кап жана илдеттен коргонуучу атайын кийимдерди күнү-түнү кызматта жүрүшкөн ички иштер бөлүмдүн кызматкерлерине тапшырышты.

Жайыл РИИБнин кызматкерлери Сосновка айылындагы санитардык-карантиндик постто өлкөбүздө өзгөчө кырдаал режими жарыялангандан тарта күчөтүлгөн тартипте иш алып барышып, Бишкек-Ош жолундагы каттаган айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, андан сырткары райондун аймагында коомдук жайларда алыдын алуу иштерин тынымсыз алып барышууда.

Мындан сырткары, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук ИИБнин ардагерлери өз демилгеси менен кызматтык милдеттерин аткарууда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө өз каражаттарынан азык-түлүк менен жардам көрсөтүштү. Ошондой эле, күчөтүлгөн тартипте күнү-түнү кызматта болгон милиция кызматкерлерине да, азык-түлүк менен камсыздашты. Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кеңешинин төрагасы. милициянын отставкадагы полковниги С. Жоошбаев, учурда ички иштер органдарынын Ардагерлер кеңештери ар дайым милиция кызматкерлерине өз тажрыйбаларын, акыл-насааттарын муундан-муунга өткөрүп келишет, азыркы өлкөбүздөгү кырдаалда да биз өз мекенибизге катардагы кызматкерлер менен бирге кызмат кылууга даярбыз.

Бүгүнкү күндө, республикабыздын бардык аймактарында ИИОнун ардагерлер кеңештери тарабынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жарандарга жана кызматта турган милиция кызматкерлерине ар тараптуу жардам көрсөтүлүп, түшүндүрүү иш чаралары байма өткөзүлүп турат” – деп, баса белгиледи.

ИИМдин басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button