Кыргызстан Өзбекстанга суу сактагычтын жырылышынан улам жабыркаган калкына гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Гумжардам 1 000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майынан турат.

Эске салсак, Сардаба суу сактагычы 1-майда жырылып, жакын жердеги айыл-кыштактарды суу каптай баштаган. Суунун агымы ошол күнү кечке жуук токтогон. Сардаба, Акалтын, Мирзабад райондорунан 70 миңдей адам коопсуз жактарга шашылыш көчүрүлгөн.

Ал эми коңшу өлкө Казакстандын Түркстан облусундагы төрт кыштакты да суу каптаган. 2-майда Мактарал районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, атайын штаб түзүлгөн жана 5,5 миң адам эвакуацияланган