Сөздү кантип баштаарды билбей турам. Бир туруп ыйбаа кылып, өзүмдү тыям, намыс, уят дейм. Бир туруп сөз кылгандарга катуу эле айтып салсамбы дейм. Кээде чет өлкөгө барып иштеп келсемби деп ойлоп кетем. Бул жерде деле тапканым жакшы апам атамдан алыстагым келбейт. Болгону сөздөрдөн териктим, тажадым, эгер силер айткан менин колумдан келсе эчак жасап албайт белем.Эл оозунда элек жок, ар кандай ушак айың кептер тарады мен тууралуу, бузулган ошого эч ким албайт деди. Төрөп тыштап салган деди. Баарына унчукпай келем. Жашым 35 тен өттү. Өзүмө карап, сылап сыйпанып тыкан жүрөм. Тагдыр экен турмушка чыга элекмин. Бирөө алам деп айтпаса кыз бала үчүн сага тием турмуш куралы мени ал деп айтуу канчалык оор экенин эч ким сезбейт. Анан эле сыртыңдан сөз кылууга кыйынбыз. Окудум, окууну бүтүп алайын орто жолдо калып калат окуум , эгер турмушка чыксам деп, окууну биринчи орунга койдум. Окууну бүтүп жумушка орноштум, кесибим банк жаатында. Камалып кечке офисте отурам. Эрте менен кирем, кечинде чыгам. Анан баягы сөздөр кайра эле. Жарага туз сепкен …Кара далы, эр албайт деген. Колумду сурагандар бар, жок эмес. Жалаң аялы бар, жашоодо өзүн ойлоп, эки мүнөттүк кумарды каалагандар. Мага ойнош бол. Эч ким билбейт. Чет жакка барып эс алып келели дегендер. Алардын ою менен болуп, эки саат уйпаланып, анан аялы билсе эмне болот деп коркуп жашоонун эмне кереги бар.Менин келечегим эмне болот? Мен да бүлө күтүп, сүйүктүү жар болуп, бала жытын жыттагым келет. Бирөөнү жумуштан күтүп, жол карап, кум шекер ала кел, качан келесиң деген кандай бакыт экенин түшүнсөңөр….