Бүгүн, 13-май күнү Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча брифинг өтүүдө.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу сакталууда.

«Вирустун качан басаңдашы тууралуу алдын ала айтыш кыйын. Биз узак убакыттагы эпидемиологиялык абалды азыр айта албайбыз. Эгерде вирустун жайылышы толук токтоп калса өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал режимин алуу боюнча сунушубузду беребиз»,-деди Үсөнбаев.