Нарын облусунда COVID-19 инфекциясын алдын алууда ИИМдин ЖКККББ кызматкерлери Нарын шаарынын тургундарына чектөө чараларын сактоо керектигин эскертип, алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул туурасында ИИМдин Нарын ОИИБнын жол кыймылынан билдиришти.

Текшерүү учурунда 35 айдоочу жол эрежесин бузуп, карантин талаптарын так сакташкан эмес. Бир адам мас абалында унаа башкарган. 11 айдоочунун унаасы айып жайга токтотулду.  

Сүйлөшүү учурунда айдоочуларга пандемиядагы жеке алдын алуу чаралары жөнүндө айтып беришип, жол эрежесин, карантин талаптарын ошондой эле өздөрүн, балдарын, мүмкүн болушунча үйүнөн же жашаган жеринен ашыкча чыкпоого тууралуу эскертүүлөрдү беришти.