Бүгүн, 14-май саат 10:00гө карата өлкөдөгү коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевдин маалыматы боюнча 6 дарыгер коронавирус жуктуруп алганын билдирди.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 5
• Ош ш. – 1.

Ал эми стационарлардан 3 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 247 учур катталды, алардын ичинен 192 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 2 322

➡ COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 4 683 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
➡ Кыргызстан боюнча обсервацияда 1534 адам жатат.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1082 учуру катталды.
-Стационарда – 335, алардын ичинен реанимацияда – 5
— Ооруканадан чыгарылды – 735
— Каза тапты – 12