Окумуштуулардын айтуусу боюнча COVID-19 вирусу гематологиялык оорулар менен жабыркагандар үчүн өтө кооптуу. Гематологиялык деп кан оорулары аталат.

Москвадагы Коммунарканын башкы врачы Денис Проценко журналисттердин: «Коронавирус илдетин өтө коркунучтуу кыла турган оорулар тууралуу» суроосуна гематология, неврология, ошондой эле кант диабети өңдүү ооруларды көрсөткөн.

Ал эми № 52 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы врачы Марьяна Лысенко эткээл адамдар дагы тобокел тобуна кирээрин кошумчалаган.