Жонс Хопкинс Университиетинин маалыматы боюнча дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 5,6 млн. түзсө, 350 миң адам бул оорунун кесепетинен каза болушкан. Латын Америкасында орун алган учурдагы кырдаал Дүйнөлүк коомчулуктун жана дарыгерлердин тынчын алууда.

Белгилүү болгондой бул жерде коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны саат сайын өсүүдө. Маселен, Бразилияда 390 миңден ашык адам вирус жуктуруп алып өлкө оору көрсөткүчү боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыккан. Ал эми Мексика, Чили жана Перу менен катар эле региондун башка өлкөлөрүндө дагы бул оорунун күч алып жаткандыгы белгилүү.

Ошентип, Латын Америкасында 750 миңден ашык адам оору жуктуруп алса, алардын 40 миңден ашыгы бул дүйнө менен кош айтышкан. Панамерикалык саламаттык сактоо уюмунун башчысы Карисса Этьендин билдирүүсү боюнча «Бул регион пандемиянын эпицентри болуп калгандыгынан шек саноого болбойт».

Эксперттер бир катар латынамерикалык өлкөлөрдө эпидемия али да болсо өзүнүн туу чокусуна жете электигин айтышууда. Ал эми Еврокомиссия аталган оорудан катуу жабыркаган Ервосоюз өлкөлөр үчүн 750 млрд. еврого бөлүү ниетин билдирген.