Өткөн аптада соцтармакта белгилүү ырчы Малик Аликеевдин комуздун коштоосунда ырдаган ыры тарап, көпчүлүгү ооруп төшөктө жатканын жазып чыгышкан. Ал эми Малик Аликеевдин продюсери Чынара Итигулова, ырчы жарым жылдан бери жамбаш сөөгү сынып, дарыланып жатканын билдирген. Бул маалымат коомчулукта тарап кеткенден бери ырчынын эмгеги бааланбай жатканын маданият өкүлдөрү бир катар билдирүүлөрдү жазышууда. Анын арасында Элмара Турсуналиева дагы бар.

«Малик Аликеев!!! Нукура талант. Кыргыз ырларын кооно аткарууда бул кишинин унуно , аткаруучулук чеберчилигине, чыгармачылык багажына тен келген эч нерсе жок. Ыр дуйносуно омурун арнап алп урушуп келди. Малик Аликеевдин аткарган чыгармаларын башка ырчылар учун эталон катары караса болот. Анан чыныгы чыгармачыл адамдай, эч нерсеге жулкунбай-улунбай жашап келе жатат. Болбсосо 40 (!!!) жылдан ашуун эмгеги кайда? . Ушул мезгилге чейин «Маданияттын мыкты кызматкери» деген тош белгиси дагы жок. Мамлекеттик сыйлыктарды айтпай эле койсо болот. Эми минтип колунан каруу, добушунан куч кетип бара жатканда ооруга чалдыгып калды. Ушул видеону кокустук болуп чыгарып жиберген кишиге дагы ракмат. Жаман айтпай жакшы жок. Жакшылык болуп кетээр деген умутубуз чон»,-деди Элмара Турсуналиева.