Адамзаттын башына кандай гана кырсык келбесин ага ошол учурда кол сунган  кайрымдуу адамдардын бар экени кубандырат. Андай адамдар өздөрүнүн жасаган кайрымдуу иштерин ачыкка да чыгарбайт, мактанышпайт. Ошондой адамдардын бири Расул Айдаров менен Бурул Кушбекова. Бул инсандардын  жасаган кайрымдуу иштерин көрүп-билип жүрөбүз. Бирок, алар башкалардай болуп жасаган иштерин мактанып, жарнамалабайт. Ошентсе да жакшылык эч качан жерде калбайт эмеспи, кайрымдуу иштерин билгендер аларга ыраазычылык айтып, башкаларга да үлгү болушу үчүн  коомдо айтылып келет.

Расул Айдаров менен Бурул Кушбекова тууралуу Авланбек Жумабаев фейсбук баракчасына алардын жакында эле жасаган жакшы, кайрымдуулук иштери тууралуу төмөнкүдөй пикир калтырган:

“Кырсык айтып келбейт. Кээда ага адамдар өздөрү күнөөлү. Жакында чек-арада жакын жайлашкан жердеги чыр-чатакта биздин жарандын сарайы күйүп кеткени белгилүү болду эле. Эки өлкөнүн өкмөт жетекчилери жолугушуп, келечекте мындай чатак болбосун деп сүйлөшүп тарашкан. Калганыбыз ызылдап, тигинтиш керек, минтиш керек деп тим болдук. Анча-мынчасын сындадык, сөктүк. Ошол бойдон унуткандайбыз. Ал эми ал окуяда кокусунан жабыркаган адамдар өздөрүнүн зар-муңу менен калышкан.

Албетте, тап-таза жалгыз калышкан жок. Арабызда жакшы адамдар бар. Ал адамдар мен үчүн чочун эмес экендигине сыймыктанам. 17 жашыбыздан бери студенттик күндөрдө Россияда бир сындырым нанды тең бөлүшүп жүргөн адамдардын кандай экенин менден жакшы билгендер болбосо керек. Мына ошол досторум ушул күндөрү кайдыгер калбай, атайын Бишкекткен алыскы Кадамжай районундагы Бирлик айыл өкмөтүнө караштуу Чечме айылына барып келишти. Досторумдун адамкерчилигин ушундан байкаса болот. Анчалык жардам бергилери келсе, узак жолдо кыйналбай, жон эле акчасын салып коюшпайбы дейт элем ичимен. Бирок көзмө-көз кездешим, ал адамдар менен жолугушуп, көйгөйлөрүн угуп, баарлашып келүү – бул адамзаттын эң асыл мүнөзү болсо керек деп эсептейм. Баарыбыз эле ушул күндөрү онлайн режимде мамиле кылып калдык. Бири-бирибизге болгон сезимди жеке гана жолугушууда сезээрибизди билбей баратабыз. Андыктан досторум адамкерчиликтин эң чоң бийктигин көрсөтүштү деп ойлойм.

Бүгүнкү күнү күйүп кеткен сарайдын ээси Манас Саматов өзү Россияда эмгек мигранты болуп жүргөн кези. Бирок эс тартып калган уулу, тууган-туушкандары, кошуна-колоңдору, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери ыраазычылыгын айтып, күйүп кеткен сарайды кайра жабыш үчүн досторум алып барган жардамды кабыл алышты. Суук мурдубуздун учунда. Кыш эртең эле келет. Ага чейин адамдар чогулушуп, ынтымакта Манас мырзанын үй-бүлөсүнө тийиштүү болгон сарайды кайра калыбына келтирип алышсын.

Өткөндө Фейсбуктан мигрант досторумдун бири жазып жатты эле «Менин сарайым күйүп кеткендей болуп жатам» деп. Урматтуу мигрант достор, туугандар, ушул күндөрү силер да оор мезгилди башыңардан өткөрүп жатасыңар. Бирок араңарда жүргөн Манас мырза жалгыз эмес. Минтип өлкөдөгү жарандар жардам берип жатышат. Келечегибиз бар! Эч качан мындай кырсык кайталанбасын!

Досторумдун бул аракеттерин Жарандык эң сонун демилге деп башкаларга да үлгү катары сунуштайм!

Расул Айдаров, Бурул Кушбек, бар болгула! Өркүнүңөр өссүн! Уясынан учуп чыккан куш уясына кайтып барып, элине, жерине жардам берип турганы – бул түбөлүк иш!” – деп жазды.

Эскерте кетсек, Расул Айдаров менен Бурул Кушбекова өткөн жылы Кадамжай жана Ноокат райондорунун ооруканаларына бирден “тез жардам” унаасын өздөрүнүн каражаттарына сатып барып, белекке беришкен эле. Учурда дүйнөнү каптаган пандемия Кыргызстанды да кыйгап өтпөй, адамдардын саламаттыгы үчүн алп урушкан оорукана кызматкерлери үчүн  Расул мырза менен Бурул айым сатып берген тез жардам унаасы кызматын кылып, элдин сообуна калып, батасын берип аткан кез. Кыргызстандын элине үлгү болгон Расул Айдаров менен Бурул Кушбековадай патриот, кайрымдуу адамдарыбыздын саны көп болсун.