Бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад шаарына барып, 2010-жылдагы июнь окуясында каза болгондорду эскерди. Иш-чаранын алкагында “Санпа” монументине гүл коюлуп, маркумдарга багышталып куран окулду. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Каза болгондордун жакындарына көңүл айткан төрага Жумабеков: “2010-жылдын июнь окуялары эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эӊ азалуу жана кайгылуу окуялардын бири болуп калды. Ал күндөрдүн трагедиясы бүткүл кыргызстандыктардын эс-акылына жана жан дүйнөсүнө оор так түшүрдү. Окуя көптөгөн үй-бүлөлөрдүн тагдырын талкалап, миӊдеген адамдар баш-паанексиз, өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушту. Андан бери 10 жыл өтсө да, окуяда курман болгон жана дайынсыз жоголгон адамдардын жакындарынын, бир туугандардын арманы, кайгы-муӊу унутулган жок”, – деди.

Муну менен катар төрага “Ошол трагедиялуу күндөрдө каардуу зомбулуктун курмандыгы болуп, каза тапкандарды унутпайбыз” – деп кошумчалады.

Ошондой эле маркумдардын жакындары жана окуянын катышуучулар менен болгон баарлашууда кандуу окуя ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө сакталарын белгилеген Дастанбек Жумабеков: “Андыктан өткөн күндөргө баа берип жатып, биз ал трагедиянын кайталанбашы үчүн мындан да биримдиктүү, ынтымактуу болууга тийишпиз. Ошол кайгылуу күндөрдө каза болгондорго көрсөткөн урматыбыз катары биз тынчтыкты сактап, келечек муундар үчүн коом ынтымагын улам бекемдеп куруубуз кажет. Ал эми биздин ортобузга кастыктын үрөөнүн сепкен адамдар улутуна карабастан элибиздин душманы болуп кала беришет”, – деди.

Эскерүү иш-чарасынын алкагында Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин атынан каза болгондордун жакындарына берүү үчүн Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жана “Санпа шейиттери” биримдигине каржылык жардам тапшырды.