«Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасынын алкагында жеңилдетилген насыялоо төмөнкү багыттар боюнча каралган. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

-туризм;
-жеңил өнөр жай;
-фармацевтика;
-жүк ташуулар;
-өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү ишканалар;
-иштеп чыгуучу өнөр жай, тоо-кен казуу өнөр жайынан сырткары.

Насыяны Кыргыз Республикасынын резиденттери, жеке ишкерлер, чакан, орто, ири ишкер/юридикалык жак ала алат.

Кошумча акча чогултуулар жана комиссиялар (насыяны берүүгө, графикти кайра карап чыгууга, резервдөөгө, кайра түзүүгө, акчалай берүүгө ж.б.) алынбайт.