Өлкөбүздө жеке ишкердик өнүгүп, калкты  ден-соолука пайдалуу азык-түлүктөр менен камсыздап, бизнесс баштаган инсандар көбөйүүдө.  Алардын катарын  Баткендик ишкер жигиттер, жергиликтүү өрүктөн «Нукура» эко-конфетин чыгарган,    Калбаев Абылгазы жана Султанов Махмудали толуктайт.

22 жана 23 жаштагы жаш ишкерлер, учурда нукура азыктардан туруп, курамын кургатылган өрүк, мейиз , жаңгак, ак бал, кунжут, сейдана, какао  азыктар камтыган таттууларды чыгарууда.

“Nukura” деген бренд менен чыгып жаткан, кондитердик азыктарынын башкы директору Калбаев Абылгазы буларга токтолду:

« Биз башында кактарды чет өлкөгө  экспорт кылабыз деп 2-август 2019 жылы компания ачтык.
Анализ кылып көрүп бизден чыккан өрүктөрдүн көпчүлүгүнүн сапаты начар экенин билдик. Башка альтернатива издеп, өрүк жана жаңгактардан конфет жасоо идеясы келди. Ишти  өзүбүздүн эле каражатка баштаганбыз, шеригим Султанов Махмудали экөөбүз.

2-3 ай убакыт рецептурасын иштеп чыгып, анан  январь айынан рынокко чыктык.

Баткен, Жалал-абад жана башка региондордон даяр кургатылган кактарды алып, аны тазалап, өзүбүз иштеп чыгабыз.

Азыркы учурда биздин продукт Баткен жана  Бишкек шаарларында дүкөндөрдө сатылат, буйруса жакынкы арада башка региондорго чыгуу аракетиндебиз.

Бирок тилекке каршы карантин башталып сатуу токтоп, бир аз иш басаңдап калды.  Азыркы учурда жумуш бир аз токтоп турат. Учурда продуктун упаковкасын оңдоп жатабыз, 2-3 аптанын ичинде жаны упаковкабыз даяр болот буйруса”,- дейт ал.