Жолдор… Жолдор…
Чыңалдым…
Алдыда өз дүйнөмөн жарала турчу көркөм чыгармаларым тууралуу толгоном. Билгенге 20 жыл оңбогондой аралык. 20 жылда каржала иштеп, бир топ эсселерди, повесттерди элиме берсем болмок. Адабиятка ак эмгек өтөсөм, арман жок эле…
Бирок, бирок, кандайдыр бир күч жүрөгүмдө жүргөн, кыялымда жашаган он чакты көркөм чыгармаларды жаратайын дээр замат:
— Коё тур! Сен алигиче эч нерсени билбейсиң? Дагы оку! Изден! Улуу инсандардын баскан жолуна баам сал. Тарыхты каз. Анан кийин жаз! — дегенсийт. Узун түндө узун ойлор жан-жагыман жабалактап, жан дүйнөмө тынчтык бербейт.
— Аз калды! — дейм ичимден күбүрөп,
— Өтө аз калды! Эми кыргыздын чыгааны Рыспай Абдыкадыров тууралуу буга чейин жазылган эмгектерден айырмалана турган чакан эмгек жаратсам, ошонун аркасы менен жан дүйнөмдү жарып чыккан көркөм дүйнөлөрдү сунууга чындап киришем. Балким, бала күндөн ырларына арбалганым үчүн Рыспай Абдыкадыров тууралуу жазыла турчу эмгектин өзү көркөм чыгарма болуп жүрбөсүн!? Таң… Муну да мезгил өзү ырастаар.
* * *
Унаа ичинде уктабай ойлор менен алекмин. Раматылык апам Эркенин элеси келет көз алдыма. Сүйкүмдүү… Муңайым тиктеп, жалооруй караган элеси.
— Билесизби, апа!? Сиз өлгөндөн бери ырдабай калдым. Рыспай Абдыкадыровдун чыгармаларын сүйүп угуп, сүйүп ырдачу элем. Кандай ырдаганымды ким билсин, жатакана ичинде олтуруп, көкүрөккө бугум батпай, беш-алты ырды абаны жара аткаргандан черим жазылчу. Мен үчүн көңүл толкуткан ырлар дал ушул Рыспай Абдыкадыровдун чыгармалары эле. Анан эле жаштыктын жалындуу күндөрүн арман басып, сизден ажырадым. Ошол каргашалуу февралдын он беши жүрөккө бүлүк салып, асманым кулап карайладым. — Февралдын он беши… Таң калычтуу!? — дейм. Дал ошол күнү туулган күнүн белгилечү апам. Дал ошол күнү 42 жашка чыгарып туруп, ажал алды апамды.
* * *
Сандар… Сандар… Окшоштуктар…
Деги эле артка үңүлүп көрсөм, менин тагдырымды окшош сандар коштоп келатыптыр. Эсимде, 1-класста окуп атып Талас шаарындагы Крупская 29да, кийинки жылы Шевченко 29да, ортодон эки жылга аяк баспай Манас 29да жашадык. Ошол Манас көчөсүндөгү 118чи үйдүн 29чу квартирасында апам үзүлдү. Ошол жерден ажал алаарына 3 күн калганда апам менен кош айтышып шаарга окууга жөнөдүм. Үч күндөн кийин 15-февраль апамды туулган күнү менен куттуктаарда, эми мындан ары эч качан баягыдай:
-Уулум! — деп жалбарган энем жок жашап, эми мындан ары эч качан Рыспай Абдыкадыровдун ырларын ырдабай жашап тирилик улаарымды билдим. Бар болгону Рыспай агабыздын ырларын зор ырахаттануу менен угуп, ичимден ырдап, ичимден сыздап келем. Туура чечим болдубу же жокпу, билбейм!? Ошол кезде ушул чечим туурадай сезилген. Андан бери 26 жыл жылып өттү. 26 жылда эчен ирет турмуштан жыгылдым. Кайра турдум…
— Оо, Жараткан! Кайрат бере гөр! Баскан кадамдарым түз болсун! Абийиримди таза сактайын! Арам нерсеге азгырылбайын! — дейм, жолду ката ойго чөмүлүп…
* * *
Сандар… Сандар…
Бар байлыгым — үй-бүлөмдү ойлойм. Кыйын кезде колдоп, менин кай бирде кежирлигимди көтөрүп чыдап жашаган жубайымды ойлойм. Кызыгы, жубайымдын паспорттогу туулган күнү да апамдын туулган күнү менен окшош. Апам 1952-жылы 15-февралда жарыкка келгени менен паспортунда он күн кечигип, 25-февраль деп турат. Фариданын да паспортунда: 25-февраль…Бир тууган агам Таластын өмүрлүк жары Айгүл жеңемдин туулган күнү: 15-февраль…
* * *
Эрке…
Апамдын аты өчпөй эми кызымда жашасын деп мен 23 жашка караган чакта 13-майда тапкан кызым Эркенин туулган күнү…13-август… Уулум Барс-бектин туулган күнү…Ала-Тоо конушунда он жыл жашадым. Он жылдык өмүр Кара-Алма көчөсүндөгү 13чү үйдө өттү.Учурда өмүрүм Бишкектин чок ортосунда 13чү подъезддеги батирлердин биринде өтүүдө…
* * *
— Ошко келдикпи? — дейм, терезеге үңүлүп…Жакшы адамдардан айланса болот, Рыспай Абдыкадыров тууралуу жазып атат деп моралдык да, материалдык да колдоо көрсөткөн белгилүү ырчы Замир Мырзага орошон таланттын жердеши, маданиятка маани берген Nurlan Kadyraliev мырзага, ырчынын бир тууган агасы Кочкорбай акенин кызы Гулсана Абдыкадырова эжеге терең ыраазычылыгымды билдирем!
* * *
Жерге жарык түшкөндө жеттик Ошко. Алгачкы максатым, Рыспай Абдыкадыровдун киндик каны тамган кичи мекени Кызыл-Булактын көчөлөрүн аралай басып, аны менен насиптеш, балалыкты чогуу өткөргөн классташтарын таап маектешүү. Тууган-туушкандарынын айткандарына кулак салуу. Бирок, мен антпедим. Алгач Рыспай агабыз жаткан Сулайман тоосунун боорундагы бейитине барып, эмнегедир бир топко үн катпай олтургум келди. Андан кийин Кызыл-Булакты аралайм. Жалгыз аяк жолдо жалгыз турам тоо боорунда. Айланада адамдар жок. Музейдин бирин-экин кызматкерлеринен сырткары, мен сыяктуу касиеттүү жерди көрөм деп келген адамдардан беш-алтоо эле жүрөт.
* * *
Рыспай агабыздын бейитин издеп кыйла убара болдум. Мындан эки жыл илгери, 2018-жылдын май айында белгилүү обончу Түмөнбай Колдошов досум Рыспай агабыздын бейитин көрсөтүп, куран окуп кайткан элек. Эстеп калбай деп арданам.
— Рыспай Абдыкадыровдун бейити кайда? — дейм, алдымдан чыккан бир адамдан.
— Билбейм? Ким ал? — дейт…Унчукпай сапарымды улайм…
Түмөнбай экөөбүз келгенде кайсыл тарапка бурулганыбызды эстедим да, тоо боорунан ылдый түшүп, калың бейитти аралап жөнөдүм. Таптым…
— Боз топурак алдында кайран залкар жатат, ээ!? — дейм ичимден.
Олтуруп, билген куранымды окудум. Анан, айланама көз салып, ушул калың мүрзө ичинде эч кандай саясатың менен да, күнүмдүк көртирлигиң менен да иши жок мемиреп оор уйкуда жатышкан маркумдардын мүрзөлөрүнө төбөдөн ылдый көз чаптырам.
— Силер да бир кезде жаман айтып жаакташып, күнөөгө баттыңар бекен, эсил кайрандар!? Силер да мансап деп жанталашып, бири-бириңердин абийириңерди ачтыңар бекен?
Таң… Балким, силер да пенде болгон соң айрымдарыңар билип-билбей күнөөкөр болгон чыгаарсыңар!?
— Өө-х… Дегеле адам деген атты көтөрүп жүрүүнүн өзү кандай гана оор!?
Бир кезде дал ушул жерде оор уйкуда жаткан кыргыздын залкары Рыспай агабыз да акыйкат деп азап чегип, эчен жолу мөгдөп ыйлагандыр!? Калыстыкты карманган бетке чабар мүнөзүнөн далай жолу жабыр тартып, дүйнөсүнө бүлүк түшкөндүр!?
* * *
Рыспай Абдыкадыров…
12.01.1941.
12.09.1994.
Бейиттеги жазууга үңүлөм…Тирүүсүндө эли кадырлаганы менен мансапкорлордон эчен жолу кордук көрүп, чоң сахнага чыга албай он жылдап азап чеккен кайран талант, эми минтип оор уйкуда…
* * *
«Издейм сени»…РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВдун бийиктиги…Телефонумда дайым кайталап уккан «Издейм сени» менен «Сагынууну» жана «Жолугарым билгемин» деген үч чыгарманы мемиреген тынчтыкта олтуруп үнүн бийик чыгарып кайталап уктум. Билбейм, туурабы же жокпу, кыялымда, маркум талант өзү жараткан ажайып дүйнөлөрүн бейитинде жатып да, кайра бир кайталап уксунчу дегендегим…
Данияр Исанов