Стамбулда Ала-Тоодон ааламга жол салган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу КРнын Стамбулдагы Башкы консулдугунан билдиришти.

Иш-чарага башкы консул Лира Сыдыкова, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысынын орун басары С.Жафаров, «Мерхаба» эл аралык студенттик илимий-изилдөө бирикмесинин жетекчиси И.Рамазаноглы, «Кыргыз түрктөрү маданияты жана тилектештиги» коомунун башчысы А.Кескин, коомдук уюмдардын, илимий коомчулуктун жана Стамбулда жашаган мекендештер катышышты.

«Калкыбыздын кадырман уулу, улуттук сыймыгыбыз, дүйнөнү дүңгүрөткөн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасынын болуп жатканы абдан маанилүү. Анткени кыргыз эли өзүнүн эки миң жылдан ашуун тарыхында адамзаттын руханий казынасына эки феномен берди: биринчиси – улуу “Манас” дастаны болсо, экинчиси – Чыңгыз Айтматов», — деди Лира Сыдыкова.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз студенттер концерттик программа уюштуруп, улуттук бийлерден аткарып, дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларынан үзүндү тартуулашты.

Эскерүү кечесин КРнын Башкы консулдугу Стамбул шаарында жашаган кыргызстандык студенттер жана жарандар менен биргеликте уюштурган.