Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев акын-жазуучуларды жана окурмандарды 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата куттуктады.

«Урматтуу кыргызстандыктар!
Ардактуу акын-жазуучулар!

Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан 12-декабрь – Улуттук адабият күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз элинин руханий казынасын эки улуу инсан ар убак бийиктетип турат. Бири поэзиянын пайгамбары саналган Алыкул Осмонов болсо, дагы бири даңазалуу Чыңгыз Айтматов. Залкар акын Алыкул Осмонов Ысык-Көлдөй терең мазмундуу ырларды жазып, кыргыз поэзиясынын жаңы барагын ачса, улуу калемгер Чыңгыз Айтматов Ала-Тоодой алп чыгармаларды жаратып, улуттук адабиятыбызды дүйнөгө тааныткан. Ал тургай аталган эки инсан биринин көчүн бири улаган сыяктуу 12-декабрь күнү менен тыгыз байланышта. Алсак, Алыкул Осмонов ушул күнү көз жумса, Чыңгыз Айтматов дал ушул күнү жарык дүйнөгө келген. Ага ылайык, бул күндү Улуттук адабиятыбыз жана жалпы кыргыз маданияты үчүн маанилүү күн десек болот.

Албетте, адабиятыбызды Токтогул Сатылганов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков өңдүү сөз өнөрүнүн залкарларынын эмгектерисиз элестетүү кыйын. Алар жазган чыгармалары, жараткан ырлары жана айткан кептери аркылуу улуттук маданиятыбыздын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошушкан.

Кымбаттуу акын-жазуучулар жана окурмандар!

Совет маалында калемгерлердин такшалышында Жазуучулар союзунун ролу чоң болгон. Аалы Токомбаев, Темиркул Үмөталиев, Касымалы Баялинов, Чыңгыз Айтматов, Жунай Мавлянов, Омор Султанов өңдүү залкар калемгерлер жетекчилик кылган союздан далай мыкты чыгармалар электен өтүп, окурмандардын колуна тийген. Андыктан, мындан ары да акын-жазуучулардын ордосуна айланган бирликтин ийгилиги артып, мыкты чыгармалардын жаралышына көмөкчү боло берет деген ишеничтемин. Себеби, адабият өнүгүп, элди ээрчиткен мыкты чыгармалар жазылмайын, бирдиктүү идеологияны калыптандырып, өлкөнү алдыга жылдыра албайбыз.

Ардактуу адабият сүйүүчүлөрү!

Сиздерди дагы бир жолу алп калемгерлерди эске салган Улуттук адабият күнү менен чын дилимден куттуктап, акын-жазуучуларга чыгармачылык ийгилик каалайм! Мыкты эмгектер жаралып, руханий казынабыз арта берсин!».