Бишкек шаарында “Адам түбөлүктүүлүгү эстутумда” аталышындагы китептин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  Роза Айтматова жана Асан Ахматовдун калемине таандык китеп Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата жарык көргөн.

Иш-чарада Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева сөз сүйлөп, анда “Адам түбөлүктүүлүгү эстутумда” китебинде буга чейин кеңири окурмандар коомчулугуна белгисиз болгон, үй-бүлө мүчөлөрүнө гана белгилүү болгон маалыматтар, жазуучунун чыгармаларынын прототиптери жөнүндө, айрым чыгармалардын жазылыш тарыхы жөнүндө сөз болгондугун айтты.

“Бул маалыматтар Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө жаңы маалыматтарды илимий жүгүртүүгө киргизүүгө, айтматов таанууну жайылтууга көмөктөшүп, Айтматовдун мурасын кеңири иликтөөгө шарттарды түзөт. Мындан тышкары, бул китеп кийинки муундарды руханий жактан тарбиялоого кызмат кылат деп ишенем”, — деди Рахат Керимбаева.