Бул тууралуу, журналист Эрнест Кыязов Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, ажы аталган китепти 2014-жылы белекке берген.
“Чубак ажы Жалиловдун 2014-жылы мага белек кылган китебин үйдө кез-кез көз жүгүртүп окуп койчу элем, ошол китепти аудиолоштурдум. Автордун “Бактылуулуктун формуласы” аттуу китебинин аудио-версиясын угуу үчүн ылдыйдагы шилтемени басыңыз, рахмат”,-деген.
Эске салсак, журналист Эрнест Кыязов бир топ чыгармаларды аудиолоштуруп, өзүнүн ютуб каналы аркылуу окурмандарга жеткирип келет.