Белгилүү журналист Эрнис Кыязов Кытайлык 19 жаштагы кыргыз жигитинин «Тарткылык» аттуу чыгармасын аудиолоштурду. Бул тууралуу Кыязов социалдык тармактагы баракчасына жазыды. Анын айтымында, кытайлык кыргыздыр аудио-китептерди, кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын угуп жатышканын айткан.
«Багжан иничек өзү Кытайдын Текесинен болот экен. Бул 19 жаштагы жигиттин айтымында, мен аудиолоштурган аудио-китептерди кытай кыргыздары “көптөп” угуп жатышыптыр.. Алкышын угуп сүйүнүп калдым. Жазуучулукка шыгы бар балакай мобу мага жиберген аңгемесин 17 жашында жазыптыр. Алгачкы “Тарткылык” аттуу чыгармасы – максатына жетпей калган махабат тууралуу… Өз башынан өткөргөн окуябы, же башка досторунан уккан-көргөн тагдырбы, айтор ушу жашында сөз менен иштөө чеберчилиги мыкты экени байкалып турат. Ийгилик Багжан иним, бар бол!
Кытайлык кыргыз жигитинин “Тарткылык” аттуу аңгемесинин аудио-вариантын угуу үчүн ылдыйдагы шилтемени басып, уксаңыз болот, рахмат»,-деп жазды.