АдабиятЭлектрондук китеп

Молдо Нияз санаттары

 

Улуу акын, унутулгус мурас

 Бул эмгекти Молдо Нияздын кол жазмаларын

окууга чакырган агайым, академик Болот

Мураталы уулу Юнусалиевдин,

араб арибин тааныткан агайым, ардактуу

профессор Зыяш Бектеновдун,

иш учурунда таасирлүү кеңештерин

берген чыгаан адабиятчы, профессор

Салижан аке Жигитовдун

жаркыраган эстеликтерине арнаймын.

 

“Калем менен жазганды балталап да жок кыла албайсың”-делет эл макалында. Бул акыйкат сөздүн Молдо Нияздын кол жазмаларына да тиешеси бар. Анын “Санаттары” XIX кылымдын орто ченинен жазыла баштаганы белгилүү. Андан нарылаганда Молдо Сайпидин Аксикентинин “Мажму ат-таварих” (1503), дагы түпкүрлөгөндө  түрк элдеринин орток мурастары болгон Барскандык-Кашкарлык Махмуддун “Дивану лугати-т түрк” (“Түркий тилдер сөз жыйнагынын”, 1072), Жусуп Баласагундун “Кутатгу билиг”(1069), Орхон, Енисей жазмалары (V-VIII кылым) түбөлүктүү монументтей терең тамырлап турат.

Баласагундук жердешибиз Жусуптун: “Чогулткан байлык кетер суудай агып// Жазуунун өмүрү узун, күндөй жарык” деген кош сап ырында айтылгандай, кыргыз жазма адабиятынын көчүн баштаган кадамжайлык Молдо Нияздын өз колу менен жазып калтырган ырлары көп жагынан өтө маанилүү. Улуу тилчи, илимпоз, академик Болот Мураталы уулу Юнусалиев Молдо Нияздын мурасын мындайча баалаган: “…Анын жазгандары өзү жашап өткөн тарыхый жана саясий окуяларды чагылдырган азырынча жападан жалгыз факты (сөздөр) болгондуктан адабиятчылардын гана көңүлүн бурбастан, тарыхчылар үчүн да баа жеткис кымбат. Лингвисттикалык илимлдин көзү менен караганда, бул кол жазма эстелик катары анын бир жарым кылым илгерки абалын чагылдырып турган жападан жалгыз документ болгону менен баа жеткис мааниге ээ” (Юнусалиев Б.М. Отражение диалектных особенностей в санатах Молдо Нияза. // Тюркологические исследования. Сборник статей , посвященных 80-летию академика К.К.Юдахина.- Фрунзе: “Илим”, 1970, 50-бет).

Кыргыз коомунун XIX кылымдагы зор гуманисти, ойчул акыны жана насаатчысы, кыргыз жазма адабиятынын чыныгы төл башы Молдо Нияз Эрназар уулу 1823-жылы азыркы администрациялык бөлүнүш боюнча Баткен (мурдагы Ош) областындагы Кадамжай районуна караштуу Кызыл-Булак кыштагынын Ак-Суу бою Ак-Кыя деген жеринде туулган. Уруусу найман, анын ичинде кошон деген уруктан. Анын алтынчы атасынан наркы аталарынын аттарына “бий” деген сөз кошо айтылганына караганда (Сазан бий, Кочкор бий, Болот бий, Дулдул бий, Сумбул бий ж.б.) теги түптүү болуп келип, кийинки аталары Молдо Рахман, Адил, Кошон, Күйүк, Эрназар) Молдо Ниязга келгенде жардыланып калган окшойт.

Молдо Нияз:

“Көрдүм жүрүп далайды,

Каратегин, Алайды,

Кашкар менен Арпаны…” (Молдо Нияз. Санат-ы дигарасттар. Б. 2Учкун”, 1993-ж.93-б.),

“Алай менен Анжийан,

Азизи көп Наманган,

Паитахтуу маргалаң,

Жакшыларды көп көрдүм”. (Жогоруда аталган китеп, 82-б.) – дегендей, ыр түрмөктөрүн көп жазган. Бирок ал көзү өткөндөн кийинки бир кылымга жакын созулган мезгил аралыгында Кадамжайдын айланасындагы чөлкөмдөргө гана белгилүү болуп, бүткүл кыргыз элине таанылган эмес.

Анын кол китеп түрүндө таштап кеткен бир нече колжазмалары бар экенин Б.М.Юнусалиев 1951-жылы эле Кадамжай (ал кездеги Фрунзе) районуна караштуу Охна кыштагынын тургуну Баит Исмаиловдон угуп, 1956-жылы Азиз Токтобаев (Ошондогу  “Кызыл-Кыякөмүр” кен башкармасынын башчысынын орун басары) аркылуу бир колкитебин таап, 1957-жылы Академиянын Колжазмалар фондусуна өткөргөн. Б.М.Юнусалиевдин Кыргыз Улуттук университетинин филология факультетинде окуган лекцияларында, көзү өткөндөн кийин жарык көргөн илимий макалаларында жаңы табылган кымбат баа мурас биринчи жолу журтчулукка маалымданды. Ошол макаланын негизинде коомдук илимдерди аркалаган окумуштуулардын айрымдарынын эмгектеринде Молдо Нияздын ысымы атала баштады. Ошондо да анын колкитептери Колжазмалар фондусунда бар экени белгиленсе да, колжазмалардын ички мазмуну табышмак бойдон калып келди. Ойчул акындын 1993-жылы жарык көргөн китеби гана ал табышмактын жандырмагы катары кызмат өтөп келатат десек болот. Ага Колжазмалар фондусунда сакталып турган бардык чыгармалары камтылып, ар бир колкитебинде бар санаттары өзүнчө бөлөк-бөлөк берилген эле.

Молдо Нияздын биз шарттуу түрдө “Биринчи колкитеп” деп атаган колжазмасынын форматы 18х10см., ар бир бетинде 14-16 жол , 28-32 ыр сабынан туруп (ар бир жолунда 2-3төн ыр сабы бар), 68 бетти түзөт. Бул колкитеп Академиянын Колжазмалар фондусуна  1957-жылы өткөрүлгөн, 172/429 деген номурда сакталып турат.

Экинчи колкитептин форматы 17,5х10,5 см., ар бир бетинде 10-11 ыр сабы бар. Колкитеп 118 беттен турат, башынан жана аягынан барактары жок. Мындагы айрым ырлар редакцияланган түрдө “Биринчи колкитепке” да көчүрүлгөн. Фондуда сакталып турган номуру 173/553. Аны 1961-1963-жылдарда Баткен областынын (мурдагы Ош) Кадамжай районунда мугалим болуп иштеген Камбарбек Сыдыкбаев Б.М.Юнусалиевдин тапшыруусу боюнча Эрмек молдодон алып келген.

Үчүнчү колкитептин форматы 19х13 см. Бул колкитептин бар экендиги жөнүндөгү кабарды алгач ышкыбоз фольклорист жана этнограф Тайтөрө Батыркулов билдирип, 1989-жылы “Ала-Тоо” журналынын №1 санына эки санатын  жарыялаган. Колкитептин өзүн академик Абдыганы Эркебаев Алай районунун Жайылма кыштагында жашоочу Азимов Аманулладан 1988-жылы октябрь айында алып келип, Колжазмалар фондусуна өткөргөн. Бул колкитеп азыр 171/147-номур менен сакталууда. Ал 75 беттен туруп, ар бир бетине эки катардан кылып, Чыгыш поэзиялык жазмаларына  ылайык ыкмада (биринчи катардагы биринчи сап окулат, анан экинчи катардагы биринчи сап, анан кайра биринчи катардагы сап окулат, ошентип кете берет) кара сыя менен жазылган.

Молдо Ниязга тиешелүү төртүнчү колжазма китепте шарттуу түрдө “Кат” деген наам менен кирген 117 ыр сабы бар. Бул басылышта ал циклге “Мадина” деген ат берилди. Ал акын бирөөгө кошок таризинде жазып берген, чоң кагазга түшүрүлгөн ыр. “Манина” кошогу 1974-жылкы экспедицияда С.Закиров, Ж.Мусаева, П.Ирисов деген фольклористтер ошол эле Кадамжай районунда жашоочу Айдар молдо Сулайман уулунан алып келип, фондуга өткөрүшкөн.

Молдо Нияздын жердеши акын Эгемберди Эрматовдун макаласында Молдо Нияздын дагы бир колкитеби табылганы айтылат. Бирок газета беттерине жарыялаган тексттерге караганда алар жогоруда аталган үч колкитептеги санаттардын көчүрмөсү (болгондо да азыркы тамгада) сыяктанат.

Молдо Нияз жана анын чыгармалары жөнүндө: макалалар, эмгектер жана китептер акындын жогоруда аталган “Санат дигарасттар” аттуу китеби жарык көргөндөн кийин арбый баштады, жогорку окуу жайларында дипломдук иштер жазылып, адабият таануу, тил, тарых, философия багытында кандадаттык диссертациялар корголууга жол алды (Эрматов Э. Молдо Нияз жазма адабияттын көч башы.-“Тулпар” журналы, 1993, №1, 26-27-бб; Стамов А. Акыл наркы же Молдо Нияз эң биринчи жазма акын.-“Кыргыз Туусу”, 1993, 30-сентябрь; Какеев А.Ч. Атын атаса куту сүйүнөт.-“Кыргыз Туусу”, 1993, 12, 15-октябрь; Сооронов О. Басмачылар баяны же Молдо Нияздын “Санат дигарасттарин” барактап…-“Заман Кыргызстан”, 1993, 1-15-октябрь; Масалиев А. Молдо Нияз же белгилүү акындын тегерегиндеги белгисиз ойлор.- “Кыргыз руху”, 1994, 21-январь; Борбугулов М. Өткөн доордогу кыргыз адабияты.- “Заман Кыргызстан”, 1994, 22,29-июль; Топчубаев А. Молдо Ниязды окуу.- “Ош жаңырыгы”, 1997, 16-апрель; Эргешбаева Р. Молдо Нияз – XIX кылымдагы кыргыз эл акыны жана философ.- “Заман Кыргызстан”, 1997,3-октябрь; Акматов Ө. Молдо Нияз философиясы жана улуттук идеология… “Заман Кыргызстан”, 1999, 9-апрель. ж.б.). Улуу акындын өмүр жолуна тиешелүү маалыматтар такталып, чыгармаларын ар тараптан илимий иликтөө да кеңири кулач жайды. (Колдошев М. Молдо Нияз таалими. Б.,1995-ж.; Жээнбаев Г. Молдо Нияз – жазгыч акын. Ош ш. ОшМУ, 1997; Эргешбаева Р. Д. Философский анализ мировозирения Молдо Нияза (Автореферат канд. Дисс.) Б.,2000-ж.; Акматов А.С. Молдо Нияз-гуманист ойчул. Ош ш., 2000-ж.).

Эл оозунан жыйналган маалыматтарга караганда Молдо Нияз бешинчи атасы Молдо Рахмандын салтын улантып, бала чагында айылдык молдодон кат-сабатын ачыптыр, анан Каратегиндеги медреседен таалим алыптыр, андан соң билимин Маргалан, Кашкар шаарларындагы медреселерде толуктаптыр. Ошентсе да ал диний кызматка караганда ыр артынан көбүрөөк түшүп, эл аралап, адам, жер, суу таанып, жазган ырларын кыргыз журтчулугуна таратууга көп көңүл бурган экен. Чыгыштагы Наманган, Маргалаң шаарларынан тартып Батыштагы Кашкарга чейин, Түштүктөгү Каратегин, Алайдан тартып, Түндүктөгү Талас, Чүй, Ысык-Көлгө чейин кыдырып, поэзия жаратып, колжазма китептеринен элге окуп берип жүргөн сыяктуу. Ошондой эле жылдын жылуу мезгилдеринде туулган жери кызыл-Булактын Ак-Кыясындагы кысыктагы үңкүргө балдарды чогултуп, өз ырларын жатка айтып, төгүп ырдап, агартуучулук иш менен алектенчү эккен.

Ошол ырларынан окуп берип, балдарга тамга таанытып, сабатын ачкан үңкүр эмгиче “Молдо Нияз дарс окуган үңкүр” деп аталып келет. Молдо Нияздын жердеши, белгилүү акын Эгемберди Эрматов анын агартуучулук иштерин мындайча баяндайт: “Молдо Нияз ушул чөлкөмдө, а мүмкүн бүтүндөй кыргыз жергесинде биринчи жолу өзүнчө мектеп, медресе ачып, жаш балдарды араб тамгасы менен кыргызча окуткан алгачкы агартуучу-мугалим. Кызыл-Булактагы Базарбай, Назарбай деген аксакалдар жаш кезинде Молдо Нияздан тарбия-таалим алышкандыгы, анын окуткан дарстари кызыктуу экендигин, ар кандай чыгыш акындарынын, өзүнүн ырларын окуп бергендиги жөнүндөгү маалыматтар элдин ичинде аңыз кеп болуп айтылып жүрөт” (Эрматов Э. Молдо Нияз – жазма адабияттын көч башы.-“Тулпар” журналы, 1993, 11-26-беттер).

Экинчи колкитептеги “Кудаа пендем дебесе…” (ХI Санат дигараст) же Биринчи колкитептеги “Бул аманат дүнүйада” (III Санат дигараст) деген ырларын, дагы айрым санаттарды Молдо Нияз медресесиндеги балдардын таанып билүү жөндөмүн арттыруу үчүн жазышы да мүмкүн. Андагы Ысык-өл барып балалап, Индустан кетет куш деген” сыяктуу кош саптын өзүндө жыл мезгилинин ысык, суугуна жараша куштардын жашоо өткөрүү, тукум калтыруусуна жараша жер которуп тураары жөнүндөгү түшүнүктү, “Франктан келет чыт деген” сыяктуу сапта кездеме-материалдар Европа тараптан келээрин туюнкан түшүнүктөрдү жаш өспүрүмдөрдүн акылдарына  салууну максаттаган болуу керек. Ал эми:

“Баатырдын баари майданда,

Тыт-майиз кани Шайданда.

Илимнин кани Бухарда,

Койдун кани Хиссарда.

Кандек өрүк Хушарда.

Күрүчтүн кани – Анжийан,

Майиздин кани – Наманган.

Парчанин кани – Маргалаң.

Кара чай кани Кашкарда,

Койдун кани Кочкордо.

Жылкынын жайы Жумгалда.

Түлкүнүн кани Тарколдо,

Котоздун кани Сарколдо”.- деген ыр саптарында айтылгандар жаш муундардын эс тутумуна географиялык, биологиялык, экономикалык түшүнүктөрдөн кабар салат. Дүйнө таануу жөндөмдөрүн өркүндөтөт. Мындан башка темалардагы санаттарынан да шакирттерине окуп бергени талашсыз. Маселен, акындын акыл-сезимине ар дайым будуң-чаң салып келген орус баскынчыларынын Борбордук Азия мусулмандарына, анын ичинде кыргыз элине көрсөткөн мыкаачылык аракеттерин ашкерелеген ырларын жана жаштык, сүйүү сезимдерин билдирген ырларын эстесек болот.

Молдо Нияздын колкитептериндеги санаттарга аталыш берилген эмес, бир чыгарма экинчисинен айрымаланып туруш үчүн “Санат-ы дигарасттар” (башка санат), “Санат-ы дигар” (дагы бир санат), “Санат-ы хасират” (арман санат) деген фарсы сөздөрүн пайдаланып, ар бир санаттын башына кызыл сыя менен жазып жүрүп отурган. Ошондуктан лирикалык же дидактикалык багыттагы, атүгүл эпикалык масштабдагы чыгармалардын бардыгы эле бир катарда аталып кете берген. Мындай шарттан чыгыш үчүн Молдо Нияз санаттарынын ушул экинчи басылышында ар бир санатка атама берилди, кээ бир санаттар майда бөлүктөргө ажыратылып, өзүнчө аталышка ээ болду. Маселен, биринчи колкитептеги  “1 Санаттар” деген биринчи ыр “Жан эгем өзү жараткан” деп аталып, “Бейнысап кылба, Кудайым!”, “Жаратты”, “Берип коюптур”, “Көп көрдүм” жана “Миң башы” деген бөлүктөргө бөлүндү. Ырды кабыл алганга ыңгайлуу болот го деген ниеттен улам ушундай иш жасалды.

 

Акындын дидактикалык багыттагы көптөгөн ырлары “болот” (“Катын алса үй болот,// Карөзгөй болсо, бий болот”), “көп айттым” (“Аргын-аргын жүгүргөн//Ат жакшысын көп айттым”), “деген” (“Он эки айды жыл деген,//Онтотпойт оору сил деген”), “кылат” (“Жаман катын жолукса//Жакшы эрини кул кылат”), “бар бекен?” (“Көзүнүн нуру барыда,//Көргөндөн жакшы бар бекен?”), “даври экен” (“Ээрге баштуу отуруш//Ийгиликтин даври экен”), “жаратты” (“Жан-жаныбар тукумдап,//Жазды Кудай жаратты”), “берип коюптур” (“Акылы жок бирөөгө//Бойду берип коюптур”), “немине?” (“Азыр айтар санатның//Ыр мааниси немине?”) ж.б. деген сөздөрдүн кайталаныш жолу менен түзүлгөн.

Ошондой эле “Кымча бел”, “Даткайым”, “Өмүрзак”, “Көрдүм жүрүп далайды” дегендей өз турмушу , сүйүүсү кошо берилген лирикалык чыгармаларды, “Дыйканбай”, “Курманжан датка”, “Мадинам”, “Апандим” сыяктуу арман, кошокторду, “Алымкул” өңдүү дастанды, “Замана чапка айланды”, “Албарс кафир заманы”, “Күйөмүн” ж.б. орус баскынчыларынын жүзү кара, жырткыч мүнөздөрүн ашкерелеген тарыхый темадагы, “Жаман катын, жакшы катын” дегендей Чыгыш поэзиясында илгертен салт болуп айтылып келаткан ырлар да бар.

 

Молдо Нияз орус баскынчыларынын ыплас, карөзгөй иштерин айтып келип, “Алыстан келген басмачы//Ада болуп калса экен” деген тилек-каргышын билдирип, чыныгы басмачылар ошолор экенин ырастаган. Орус басмачылар эл ичиндеги баш көтөргөн, биларман делгендерди жоготуп (Катка түштү үйүбүз,//Калбады жакшы бийибиз. Тартылды танап жерлерге, //Тынбас болду элдерге. Жаман иш болду марттарга”), ар түрдүү кордуктарды көрсөткөнүн (“Салат мүшкүл ойнуга, // Мусулманды бутпарас // Буйлалап хам ноктолоп, // Минип алды мойнуга”) ченемсиз кыжыр, өлчөмсүз ыза менен жазат. Орусташтыруу саясаты ошондо эле жүрүп (“Кафирди Кудай зор кылып, // Мусулманды кор кылып, // Омар атын Бор (Боря) кылып //Бор үстүнө сыр кылып”), Сатыбалды, Зиябүдүн Максым, Маматали, Атабек, Ашир наип, Үрүстөмбек, Хидаяткан ж.б. азаматтардын көздөрү тазаланып, атүгүл айрым журттун эли бүт бойдон дайынсыз жок кылынганын айтып (“Өмөрбек журту атылып,// Кырылганга күйөмүн”) ызаланат.

 

“Албарс кафир заманы

Арзан болбойт галабыз,

Адепти билбейт балабыз.

Акыретин бербесе,

Ара жолдо калабыз”- деп тынчсызданып, ушулардын баарина өзүбүз, мусулмандар, күнөөлүү деп түшүнөт, биримдиктин жоктугун көрсөтүп, мынтип отурсак “Кудайым асан кылбаса, Кутулбаган кун түшөт” деген жыйынтык чыгарат.

Молдо Нияздын “Санат дигарасттар” китеби жарык көргөндөн кийин (1993-ж.), мындан бир жарым кылымча мурдатан берки орус баскынчылары кыргыздарга карата жасап келген баскынчыл мамилеси көркөм документ катары көрсөтүп, көздү ачып атат. Демек, Молдо Нияздын кагазга түшүрүп кеткен мурастары көркөм жана мазмун жагындагы артыкчылыктары менен гана эмес, тарыхтын жазууга түшпөй калган, ой тутумунда ар дайым сактап сак боло турган, сырттан келген басмачыларга кайдигер карабоого чакырган милдеттерди эске салат, кыраакы болгонго үйрөтөт.

 

“Алымкул” (1 Санат дигар) аттуу дастанга орус баскынчылары Орто Азия биринчи басып келгендеги мусулмандардын беттешүүсү жөнүндө айтылат. Алымкул аталык баштаган алгачкы айкаш тең чыгуу менен аяктап, эки жылдан кийин кайра башталган согушта Алымкул өз кишилеринин чыккынчылыгынан курман болот. Сөөгү Ташкенде калат (“Мусаапыр Ташкен шаарында // Бейит болдуң Алымкул. Чочкого уруп өзүңдү // Шейит болдуң Алымкул”). Бул дастандын аты аталган каарманы Алымкул Кыргыз адабиятындагы атайын көңүл бура турган образ, тарыхый чындыкка салганда бүткүл Борбордук Азия, Кавказ, Сибирди басып алган орустун өтө күчтүү согуштук машинасына каршы үч жолу казат кылган (“Каапырга карап үч жолу // Казат кылды Алымкул”) теңдшсиз баатыр экенин көрөбүз. Бул кыргыз адамдарын чыныгы баатырдыкка , өз жеринин нагыз патриоту болууга тарбиялоодо табылгыс үлгү болот. Өз уруусунан, өзү жашаган колоттон башы чыкпаган “баатырларды” көбөйтүп, көбүртүп-жабыртып мактаганча, ушул Алымкулдай басмачы орустар менен бел салышып курман болгон азаматтарыбызды даңазалап, каапырларга каршы барган кайратынын алдында курчутсак, жаштарыбызга жугумдуу, таасирдүү болбойт беле. Бул бир айыл менен экинчи айыл же бир уруу менен экинчи уруу, бир киши менен экинчи кишинин чатагында көрүнө коюп, баатыр наамын алгандардан эмес, бүткүл Орто Азия, анда жашаган бардык мусулмандар үчүн беттешүүгө аскерлерди уюштуруп, өзү башында туруп, майдандын чок ортосунда курман болуп атат.

Орус баскынчыларынын мусулмандар жерин , Орто Азияны тепсеп киргенине  Алымкулдун каны кайнап, жаалы келген учурун акын мындайча айтат:

“Карадан чыккан Алымкул

Камандир кайдан келда деп,

Кайратыга куп келди.

Куюшкан салбай ат минип,

Кутура чыккан Алымкул.

Кубандар кайдан келди деп,

Курушуга куп келди”.

 

Жогорку саптарга жана бул “Алымкул” аттуу чыгарманын мазмунуна назар салганда, Молдо Нияз ошондогу орустарга каршы жүргүзүлгөн казаттарды жакындан көргөнү, атүгүл баскынчылардын аскерин, анын башчыларын даана таанып, кайдан келгендерине, аскердик белгилерине чейин ажырата айтканы “кубандык” (Кубан тараптан келген козак аскерлери туурасында айтып атат), “командир” деген сөздөрдөн байкалып турат.

 

“Күйөмүн” деген ырда (“1Ү Санат дигарда”) акын орус баскынчыларынын XIX кылым соңундагы “Анжиян көтөрүлүшү” деген аталыш алган шовинисттик саясатын сынга алат. Санаттын башталышында:

“Арка журттун баарисин –

Сардарини көргөмүн.

Атантай менен Тайлактын

Балдарыны көргөмүн.

Жантай баатыр баласы

Шабдандарды көргөмүн.

Алымбек менен Койчунун

Үлфатини көргөмүн”.- дегендей тейде өзүнө замандаш бүткүл кыргыздын баш көтөргөн адамдарын көргөндүгүн, баарлашкандыгын, дубаларын алгандыгын санаттап келип, орус баскынчыларынын элге көрсөткөн кордуктарын “Кафирдин зулуму бу журтка // Өткөнүнү айтамын” деген   саптар менен баштап, “Орус келет деп койсо,// Олтура албай адамдар // Качканыны айтамын” деп алардын зулумдугу, мыкаачылыктары өтө жогорку чекке жеткенин көрсөтөт. Бул “Отуз жылга жакындап, орус келип зор болгондон” кийинки окуя (көтөрүлүш) экендигин белгилейт. Ал көтөрүлүш Анжиянда болуп, Молдо Нияз бул окуяга катыша албагандыгын:

“Экинчи калпа жөн жүрбөй,

Жыйын кылды дешедир.

Дүйнө журттун баарига

Дайын кылды дешедир.

Анжийанда көп адам

Абак болду дешедир.

Ачылып кетип бар зили

Чатак болду дешедир…” деген саптарда айтат. Анын “Отуз жылга жакындап, // Орус келип зор болду, // Оң, солдун баары кор болду” деген саптарында өзү жашаган Түштүк тарапты орус баскынчылары басып алганына ошончо жыл болуп, б.а. 1998-жылкы Анжийан көтөрүлүшү мезгилинде өзү бар экендигин далилдеп, (Ошондо ал 1996-жылы эмес, 1998-жылы же андан кийин көз жумган болот) “Өмүрбек журту атылып, // кырылганга күйөмүн” деп, ал баскынчылардын мыкаачылыгынан канчалаган эл кырылып калганына күйөт. Бул санаттын жыйынтыгында Молдо Нияз “Мусулмандар башыга // Муңайтып кандай күн түшөт? // Азап кылса момундар, // Караңгы башка түн түшөт. // Кулу болсоң пул түшөт, // Кудай асан кылбаса, // Кутулбаган кун түшөт” деп өтө терең, кийинки “киргиздешүүнү”, башка диндерге кирип аткандарды, улуттук маданиятыбыздын бүдөмүктөп бараткандыгын кун катары божомол түшүнүп, ыр саптарына салган. Чынында эле ошондо басып келген орус баскынчыларынын бүгүнкүгө чейинки үстөмдүгү кыргыз эли үчүн кун жеткис азапка айланып, аракка уугуп, баласы ата-энесине балта көтөрүп, жаштары эне тилин унутуп, түркүн диндерге кирип, башаламан-будуң чаң түшүп турган кезибиз. Олуялык, көрөгөчтүк деп ушуну айтсак болот.

 

Ашыглык мотиви айкашкан аялдар темасы да, жогоруда атап кеткендей, Молдо нияздын поэзиясында кеңири орун алган, буга “Кымча бел”, “Даткайым”, “Жаман катын, жакшы катын” ж.б. чыгармаларды мисалга тартууга болот. Молдо Нияз ысмын Кымчабел коюп алган келин туурасындагы ашыглык дастаны Барпы акындын азыр бизге кеңири белгилүү “Мырзайым”, “Бурак жан”, “Ак Дилвар”, “Карайкөз” аттуу ашыглык ырларынын башаты сыяктуу элестейт. Ага “Кымча белдин” жазылуу ыкмасы, сөз ыргактары, эки жаштын махабатынын күч алуу диалектикасы ишенич берет. Маселен, “Суу боюнда суу талдай // Бураласың Кымчажан. // Сыр бербей, өзүң бирөвдөн // Сыр аласың Кымчажан” деген Молдо Нияздын саптарына Барпы акындын “Алма-Алыштын боюнан // Суу аласың Мырзайым. // Алты кар баскан түлкүдөй // Чубаласың Мырзайым” деген саптары үндөшүп турганын ким тана алат. Мындай үндөштүктөр эки акындын башка чыгармаларынан да кезигет. Муну Барпы акындын жазма булактар менен тааныштыгы бар экендигинен көрүүгө болот.

Молдо Нияздын бул чыгармасы Чыгыш поэзиясындагы ашыктык ырларынын үлгүсүндө жазылып, жазма адабияттан кабары бар Бекназар, Жеңижок, Барпы сыяктуу акындардын махабат ырларына таасирин тийгизген, айрыкча Түштүк элинин оозеки поэзиясына камыр-жумур болуп аралашып, өз боёгун жуктуруп турган десек чекилик кетирбейбиз. Мынчалык болду бир-эки мисал тарта кетели. Атактуу Жеңижоктун  “Жаман катын” деген ырындагы жакшы аял:

“Алмадай камыр аш кылат,

Адамдын көөнүн куш кылат”,

Жаман аял:

Аш кыл десең нан кылат,

Анын орто жерин кам кылат”. –деген саптары Молдо Нияздын “Жакшы катын, жаман катын” деген ырындагы жакшы аял:

“Аябай берип ашыны,

Азиз кылат ар жерге

Алганынын башыны”,

Жаман аял:

Йакшы эрини кул кылат,

Аш кылса үстүн кыл кылат.

Алаган эрин сил кылат”. – дегендей саптарына үндөшүп, эки акындын ырларынын композициялык курулушу,  мазмундарынын жыйынтыктары да бирдей болуп чыгат. Ал эми Жеңижоктун “Үй-бүлөсүндөгү

“Же саамайын саксайтып,

Сата албасаң базарга.

Же эки көзүн чакчайтып,

Көмө албасаң мазарга”. – деген ыр түрмөгү Молдо Нияз Өмүрзак аттуу досуна жазган катындагы өз аялынын караңгылыгын белгилей келип, өзү жокто Өмүрзак үйгө келсе, аялы: “Үйгө кириңиз! Чай ичиңиз!” —  дебей койгондуктан, тарынып кеткендигин жазган ырына сапма-сап дал келип атпайбы. Ошондой эле Барпы апыздын:

 

“Сылыктын сөзү: “Сиз” деген,

Отуз эки даамды

Ширин кылат туз деген”.

 

“Адаштырбайт жол деген,

Кайырды берет кол деген”.

 

“Үшкүртөт эрди дарт деген,

Калктан чыгат март деген”. – сыяктуу саптары Молдо Нияздын “Санаттарында” жыш кездешет. Бирок муну Молдо Нияздан кийин жашап өткөн акындардын чабалдыгы катары түшүнбөстөн, өзүнөн мурунку акындардын мыкты жана өзүнө жаккан саптарын, ыр түрмөктөрүн эсине тутуп, ырларында айта жүргөн мыкты элдик шайырлар катары кабылдоо керек. Оозеки адабияттын жаралуу жана таралуу, өркүндөө шарты ошондой болот.

 

Аялзат темасындагы экинчи дастан “Даткайым” же “Даткайым сулуу” деп аталып, мундуз уруусунун Базар-Коргондогу миң башысы Максыттын даткайым аттуу зайыбына арналат. Чыгармада Молдо Нияз Кан-Абад, Сузак, Топурак-Белди ашып, Базар-Коргонго келип, Максыт миң башы (мундуздардын болушун ушундай атап атат) менен таанышканы, миң башы акынды үйүнө ээрчитип келгени (“Өкүмдар Максыт миң башы // Алып кирди үйүгө”), зайыбы салам айтып, кабыл алганы (“Саркардага мүнасип // Салам кылды алганы”) туурасында сөз улап келип, Максыт миң башынын аялын Агачайымга (Кудаяр хандын зайыбы), Курманжан даткага (Алымбек датканын зайыбы), Канышага (Рыскулбектин зайыбы), Камарханга (Казы Календин зайыбы) ж.б. көптөгөн кыргыз чыгаандарынын алдыңкы аялдарына салыштырып, узун сабак ыр кылат. Даткайымды “Бир шаардын баасына” барабар деп зор баалайт. Максыт миң башы апкелген базарлыгына  “Кыя көзүн салбаган” нысаптуулугун белгилейт. Анын “Эки колу боорунда” баштуулугун, “Баштыгыны тор кылган // Базардай үйүн гүл кылган” иштүүлүгүн, “Азиз кылган ар жерде // Алганынын башыны” билармандыгын, “Көк чайды көп аччык деп, // Памил чайды сасык деп, // каймактап кара чай ичкен” ак сөөктүгүн бийиктете кеп салат. “Суксур мойну суу талдай” сулуулугун айтып келип, анын жамалын”

“Ак бети Айдын жүзүндөй,

Көздөрү чилги жүзүмдөй,

Чачы кара кундуздай,

Сааркы Чолпон жылдыздай.

Кашы кара пиликтей,

Колдору коюн жиликтей,

Конодо озгон күлүктөй”. – деп сүрөттөйт да, дастандын жыйынтыгын: “Даткайымдын атыны // Көчкөндө кулдар токусун. // Санатыны саз айттым, Көргөндөр түзүк окусун”. – деп аяктайт. Демек, ашыктыкты арттырган, сулуулугу суктанткан Даткайым же датка жөнүндө сөз болгондо кадимки Алай ханшасы, Алымбек датканын зайыбы Курманжан датканы элестетпестен, Максыт миң башынын суйкайган сулуу зайыбы , атактуу Молдо Нияз шилекейи агып ырга кошкон, кол жазмасы бир жарым кылымдан бери аман сакталып келген, Фергана өрөөнүнө атагы кеткен сулуу Даткайымды эстешибиз зарыл. Арстанбап аймагындагы Датка, Даткайым деген кыз-келиндердин ысымдарынын жана ушундай аталыштагы ашыктык ырларынын көп болушуна акындын ыры жана анын каарманы болгон Базар-Коргондук Максыт Миң башынын (болуштун) сулуу аялы себепкер болгон деп түшүнүү керек.

 

Молдо Нияздын колкитептериндеги негизги орунду ээлеген санаттарды. термелерди, армандарды, кошокторду, дастандарды, лирикалык багыттагы ырлардын баарын ушундай жолдо талдап айтып отурсак, сөз көпкө созулуп кетет, ошондуктан Молдо Нияз ырчылар поэзиясынын жазгыч акындарына киргендигине карабасан, чыгармаларын иликтей келгенде профессионал акындарга жакындашкан жактары да барлыгын айта кеткенибиз жөн болор.

 

Молдо Нияздын “Санат дигарасттар” (1993), жана кайрадан окулуп сунушталып аткан “Санаттар” (2016) китебине кирген үч колкитептин жазылуу мезгилдерин божомолдоп көрсөк, Биринчи колкитеп калгандарынан кийин жасалган сыяктуу. Анткени, берки колкитептердеги ырлардын айрымдары Биринчи колкитепке  кошумчаланып-алымчаланып (редакцияланган тейде) кайра кийирилгени байкалып атат. Мисал катары Үчүнчү колкитептеги: “Давлаттин зору баш деген, // Жердин зору аш деген” деп берилген кош саптын экинчисинин мааниси орунсуз айтылып калгандыктан, Биринчи колкитепке көчүргөндө “жердин зору” деген сөз айкалышын “кайырдын зору” деген сөз айкалышы менен алмаштырган. Экинчи колкитептеги (“Көрдүм жүрүп далайды” деген ырда):

“Айта берсе түгөнбөйт,

Айтып жүргөн адатты.

Айтып-айтып ар жерде

Адат болуп калыптыр,

Жакшыларды көп айтып,

Санат болуп калыптыр” деген ыр түрмөгүн Биринчи колкитепке көчүргөндө (“Катка салдым санатты” деген ырдан караңыз!) “адатты” деген сөздү “санатты” деген сөз менен, “ар жерде” деген сөз айкалышын “жер-жерде” менен, дагы “адатты” деген сөз “санатты” деген сөз менен алмаштырган. Бешинчи ыр сабынын ордуна “Айтпай койсом эл койбойт” деген жаңы сапты жазган. Ошондо Экинчи колкитептеги чаржайыт, орунсуз (жайсыз) айтылган сөздөр, саптар оңолуп калганы мындайча көрүнөт:

“Айта берсе түгөнбөйт,

Айтып жүргөн санатты.

Айтып-айтып жер-жерде

Санат болуп калыптыр.

Айтпай жүрсөм эл койбойт,

Адат болуп калыптыр”

Мындай мисалдардан дагы бир нечени келтирсе болот. Ошолорго байкоо салганда Молдо Нияз бизде жазгыч акын (ырчы) аталып жүргөндөрдөн айрымаланып, ырларын редакциялап, оңдоп-түзөп, айрым сөздөрүн же саптарын алып салып же тескерисинче кошуп отурган профессионалдарга жакындаша түшкөн учурлары байкалат.

Ошондой эле, жогоруда айтылгандарды тыянактай келгенде, Молдо Нияздын санаттары жазыла баштаган мезгили, ыр токуган ыкмалары жагынан аны (Молдо Ниязды) кыргыз жазма адабиятынын баштоочусу экенин айкын далилдөө менен “Кыргыз жазма адабияты 1924-жылдан башталат” деген жасалма датаны да төгүнгө чыгарып, улуу окумуштуу-лингвист, академик Болот Мураталы уулу Юнусалиев өмүрүнүн аягына чейин кыргыз жазмасы мурда эле болгондугу жөнүндөгү илимий иликтөөлөрүнө далилдүү факты болуп, “а” тыбышынын ичкерген тамгасын кыргыз алфавитине киргизүүнүн зарылдыгын да аныктады деп айта алам.

1969-жылы 3-декабрда Бишкек шаарынын Панфилов көчөсүндө келатып устатым, академик Болот Мураталы уулу Юнусалиев табыштаган Молдо Нияздын “Санаттарын” азыркы кыргыз тамгасына көчүрүүнү көп жылдар аракеттенип жүрүп, 1993-жылы кыргыздын ичкилик диалектисинин өкүлү, медресе бүтүргөн Р.Зулпкаров деген жигиттин жардамы менен китеп кылып чыгарганыма карабастан, санаттарга араб, фарсы тилдеринен кирген сөздөрдүн окулушуна, ошондой эле, чагатай тилинче жазылган сздөрдүн тактыгына дагы эле ичим чыкпай жүрүп, 2002-жылы белгилүү лингвист-окумуштуу Кадыралы Конкобаевдин көмөгү менен Бишкек шаарындагы Манас-Түрк университетиндеги Мустафа Качалин аттуу түрк окумуштуусу менен да кол жазманы бир сыйра карап чыгууга туура келди. 1993-жылы жарык көргөн китептин нускаларына кол тамга менен жүргүзүлгөн кошумча оңдоолорум өзүмдүн архивимде сакталуу (Архив №559, 644 (экөө) жана компютерден чыгарылганы №605).

Жардамдашкан инсандарга зор ыраазычылыгымды билдирем.

 

Омор Сооронов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,

Кыргыз Улуттук университетинин ардактуу профессору.

 

 

 

Б  И  Р  И  Н  Ч  И   К  О  Л   К  И  Т  Е  П

 

ЖАН ЭГЕМ ӨЗҮ ЖАРАТКАН

(I Санаттар)

  1. Бейнасип кылба, Кудайым!

 Бисмиллаахир-рахмаанир-рахим!

Ыраак кылып шааридан,

Бейнасип кылды Кудайым

Жакшылардын бааридан.

 

Жаратты бизди кыр жерге,

Жамаат намаз окубай,

Жашыбыз жетти бир жерге.

 

Узатса жетип ар жерге,

Узун кылып Кудайым

Баазилардин колуну.

Кайыр-сахаба кыла албай,

Каралга жетти жашыбыз.

Кантип таап кетебиз,

Акыреттин жолуну.

 

Сапарың каттык ыраакка

Бу жалганчы дүнүйадан

Өлүп барсаң бир күнү,

Паришта кирет суракка.

Жобобуну бербесең

Жаның калар фракка.

Жан Эгем койгон муаккил,

Жалынсаң койбойт буякка.

Жан күйөрдөн айрылып,

Жайланасиң шуякка.

Баари калып кайтмак жок,

Байланасиң шуякка.

 

Байыркы сөздөн айтмак жок,

Базарга мал сатмак жок,

Мындагыдай мүлкүң жок,

Рахат, уйку, күлкүң жок.

 

Атка минип желмек жок,

Үйүңө кайтып келмек жок.

Ар кандай сөздү демек жок,

Ичип, кийип, жемек жок.

Кубанып тон киймек жок,

Катын, бала сүймөк жок.

 

Кадырлуу азиз бу башың

Кара жерге коюлар,

Эти-териң союлар,

Кара чачиң төгүлөр,

Жүүндөрүң сөгүлөр.

 

Турпак толор көзүңө,

Турфа күн түшөр өзүңө.

 

Карындаш келбес кашыңа,

Каттык күн түшөр башыңа.

 

Жан Эгем койгон асыл жан

Бир күн(дөрү) кас кылар,

Эгиз боюң пас кылар.

Этиңди куртка аш кылар.

Желкеңден башың үзүлүп,

Жер тагинда таш кылар.

 

Жаның тандан үзүлсө,

Жаккан отуң бир өчөр.

Жайланбай жаның кыйналса,

Адамзат, алың не кечер?

 

Аввалыдан мен айтсам,

Жан Эгем өзү жараткан

Он сегиз миң ааламды.

Асманда азиз жаратты –

Арши күрс, лауху каламды.

 

Өзү калкка жаратты

Аввал Адам атаны.

Сабап болуп Азазил

Билип туруп өлүмдү

Пандалар кылат катаны.

Үмүт кылып пандаси

Кудайымдын бир аты –

Гаффар деп кылаар атааны.

 

Панданин иши хаттарлик,

Акыйкат падыша  Кудайым

Кылар бекен саттарлик?

 

Арзынча болсо күнөөсү

Азап кылат Кудайым.

Маарипат кылса күнөөсүн

Азат кылат Кудайым.

 

Паитакта отурган

Падышаны алат бир күнү.

Өкүмү кетип колудан

Башыдагы бөркүнү…

 

Падшалардын падшасы

Жан Эгемнин бир аты –

Жаббар деп үмүт кылабыз.

Хатарлүү панда күнөөкөр

Гаффар деп үмүт кылабыз.

Акыйкат мараз-касалга

Табып деп үмүт кылабыз.

Өз нурудан жараткан

Хабип деп үмүт кылабыз.

 

Масала билген молдолор

Макүрү дейт гүманди.

Жазыктуу панда күнакар

Жан Эгем берсин иманды.

 

Бөз кылат касип нандани,

Шайтан жолдон азгырат,

Кам сүт эмген пандани.

Пайгамбарым үммат деп,

Аси, жафи, гүмрахни,

Кыяматтын хауфики

Иман жолдош хамрахни.

 

Касип токуйт парчани,

Каапыр коруйт арчаны.

Бөзчүлөр салат найчани,

Атка салат шалчаны.

Йамулжаза – каттыг күн

Жаннати кылсын Кудайым,

Жамалыны көрсөтүп,

Жалакасын парчани,

Азабы каттык дозоктон

Аман кылсын кудайым,

Ара-жолго таштабай

Аси, жафи – барчани.

 

  1. Жаратты

 

Беш күн өтөр дүнйада

Беймарга дава кылсын деп,

Табыпты Кудай жаратты.

Асиларга мээрибан

Кабипти Кудай жаратты.

 

Шариат жарый болсун деп,

Аалымдарды жаратты.

Арам, аамий, желмогуз

Залымдарды жаратты.

 

Эл ичинде жок эмес,

Эминдерди жаратты.

Мойну салык бечара

Момундарды жаратты.

 

Түрлүү немат пандага

Лазиздарди жаратты.

Шаарларда жок эмес,

Азиздарди жаратты.

 

Жан-жаныбар тукумдап,

Жазды Кудай жаратты.

Жаңы өспүрүм уланга

Назды кудай жаратты.

 

Кара калем, ак кагаз

Катты Кудай жаратты.

Самавардан чыкпаган,

Сартты Кудай жаратты.

Майданга кирип баш берген,

Мартти Кудай жаратты.

 

Бирөө балант, бирөө пас

Бойду Кудай жаратты.

Жаннаттан чыккан асили

Койду Кудай жаратты.

 

Бирөө момун – түз жолдо

Турууну Кудай жаратты.

Миң тили бар макрөө

Ууруну Кудай жваратты.

 

  1. Берип коюптур

 

Акылы жок бирөөгө

Бойду берип коюптур.

Бирөө жарды, бирөөгө

Койду берип коюптур.

 

Бирөө сххат, бирөөгө

Касалди берип коюптур.

Бирөө таппайт кайнак суу,

Кант, набатты бирөөгө

Асалди берип коюптур.

 

Жетинбейт бирөө бир пулга,

Бирөө кылат кызматты

Каралга түшүп бир жылга.

 

Тегирменге таш кесип,

Бирөө дайым матиндар

Эне сүтүнө тойбостон,

Ата жүзүн көрбөстөн,

Какшап калган жетимдер.

Жетинбейт бирөө бир пулга,

Жеткенге берип коюптур

Дүнүйөнү бир кылга.

 

Бирөө жүрүп тоолордо,

Кар басса көзү карыгат.

Бир нече мискин карыптар

Бир пул таппай зарыгат.

 

Көргөн билет шунча-ки

Дүнүйанин каарини.

Эгем билет эсебин

Эки  дүнүйа баарини.

 

Илимдар кылып бирөөгө

Калды берип коюптур.

Таүжүт менен нафи исбад

Түн тербеткен эшенге

Халды берип коюптур.

 

Күмүш соккон устага

Калайды берип коюптур.

Сомдуу келген бетбакка

Баласыны көтөртүп,

Малайды берип коюптур.

Тойгон көзү байларга

Жылкысын айдап жаз болсо,

Жыргал менен байларга

Алайды берип коюптур.

 

Азирети кожолор

Аламан куштай энтелеп,

Назирди берип коюптур.

Алайда жакшы байларга

Ширваздын гөшү-бал кымыз

Өзүрдү берип коюптур.

 

Сарайдагы байларга

Сандыкка кагаз толтуруп,

Пулду берип коюптур.

Түндө тынбай сайраган,

Тили ширин булбулга

Гүлдү берип коюптур.

 

Фараизхан молдого

Катты берип коюптур.

Чабандаз убактын чак кылып,

Оозуп кетсе дак кылып,

Канаттуу куштай ойнотуп,

Атты берип коюптур.
Бирөөгө кудай давасыз

Дартти берип коюптур.

 

Базарда мата баалуу

Отуз эки таамды

Ширин кылат шахийа,

Тузду берип коюптур.

Жаңы өспүрүм уланга

Жанынан артык жаштыкта

Бели тутам, беш көкүл

Кызды берип коюптур.

 

Чытпуруш кылып бирөөнү

Кыймат харит Ыстамбул

Касаны берип коюптур.

Бирөвдү Кудай көр кылып,

Жетелетип колуга

Асаны берип коюптур.

Канты, набат, курут, печек,

Асалди жалап, бирөөгө

Балды берип коюптур.

Айдай албай бирөөгө

Малды берип коюптур.

Башы Анжийан, Маргалаң,

Шарбати суудай Наманган

Сарайдагы байларга

Жайды берип коюптур.

Самаварды кызытып,

Сары чөөгүн, ак чайнек

Чайды берип коюптур.

Саратанда салкын жай,

Тамды берип коюптур.

 

Түрктүн кою кыштаарга

Кумду берип коюптур.

Кутуруп жаткан бетбакка

Сумду берип коюптур.

Үч-коргондун үстүндө

Уйгур менен буйгага,

Аустан менен кара уул

Пумду берип коюптур.

 

  1. Көп көрдүм

 

Жаңы өспүрүм — жаштыкта,

Балачылык – мастыкта,

Баары журтту аралап,

Жакшыларды көп көрдүм.

Башы Токмок, Чүй, Талас,

Кетмен-Төбө, Суусамыр,

Кочкор, Жумгал, Ат-Башы,

Алай менен Анжиан,

Азизи көп Наманган

Жакшыларды көп көрдүм.

 

Ак арпа ташын терведим,

Ат багып күндө берведим,

Алай журттун султаны

Азимдай мартти көрвөдүм.

 

  1. Миң башы

 

Кыздар каалайт турбайбы.

Кызыл жибек, жашылды.

Кыргыздык кылып миң башы

Кыпчак, теит —  асилди

Анжийан билер иши жок

Аласчыдан чөө чыкты.

Астыртадан тил жетпей,

Айрылдыбы билбеймин

Алдаканча пул чыкты.

 

Биринчи султан Миң башы

Бир миң кетсе иши жок.

Өларман жаман алайчы

Өзүдөн башка киши жок.

 

Атка минип желгенсип,

Айдан баари келгенсип,

Апта жатып калгансып,

Апырды (бүт) алгансып,

Атыга фейди салгансып,

Катынына мактанып.

Балдарыга жеткизер

Кыямат харит бакалга

Алганын берип кеткендир.

 

Асырам каттык узак жол

Жаман атын кагынып,

Алайдан көбү аттанып,

Анжийан келет дамыгып.

Ар жерде жүрүп тездетип,

Тапканыны тартынып,

Атка минип артынып,

Жаныга бычак тагынып,

Кайтып барат Алайга

Катунуну сагынып.

 

Уста алат көмүрдү

Үйдөн чыкпай калды дейт,

Карылык хамсап темирди.

Кудай берген байлардын

Алайда кою семирди.

 

Беш күн өтөр дүйнада

Беклер көрөт давирди.

Бел байлап келип алайчы

Пикир кылды гавирди.

Бир жыл болду сайлоого

Биригип журттун баариси

Миң башы наамга миндирип,

Бу кылганы түзүкбү?

Бир адамды сындырып…

Эси жок жаман алайчы

Кеткизээр көөнүн тындырып,

Кыйлаңдын кылар ишиңди

Кыямыга миндирип.

 

Көп адам көчөт жайлавга,

Көп пурсат бар сайлавга.

Эл көчөт жазда жайлавга

Эки жыл бар сайлавга.

Алдап кылар ишиңди,

Акырсыз алар тишиңди.

Жылгада тосор жолуңду,

Жипке байлар колуңду.

Кыяда тосор жолуңду,

Кыйлаңдын байлар колуңду.

 

Ойнобогун мисил менен

Оозуңда кызыл тил менен.

Кыямыга келтирип,

Кыйлаңды байлар кыл менен.

 

Жылып жүрүп алганың,

Жылдык болгон эместир.

Асылып жүрүп алганың

Айлык болгон эместир.

Эришип жүрүп алганың

Ырыскы болгон эместир.

 

Кууса качкан куландай,

Жыргаарсын жыландай.

Жаман иттей үрөрсүң

Жайы-жайы келгенде

Жалтанчаак болуп жүрөрсүң.

 

Айтып дарттан чыгамын,

Алыстан жатып угамын.

Таги жок ишти гүман кыл

Таир менен Субанкул

Элде адам калбаса,

Экөвү журтка баш болуп,

Кайрылып мундан баргыча

Катындары мас болуп,

Колуда тытып жүнүнү,

Колоң сасык, бейнамаз

Койчулар көрсүн күнүнү.

 

Беш бойдок менен билишсе,

Белгиси жок сабилдин.

Алтоо менен билишсе,

Айыбы жок сабилдин.

Тагига жетип болду го,

Таги жок чочко сабилдин.

 

Таир менен Субанкул,

Нактайы ишти кылбадың.

Намарттыгың билдирип,

Найманнын баарин жедирип,

Нарктуу ишти кылбадың.

Миң башы басып койду эде,

Билекти филинг (……………)

Зомбулук кылып нечендер

Зор балаага жолукчу.

Шарияттүү шерлердин

Шерлигини билбесе,

Бир балаага жолукчу.

Миң башы барар Алайга

Алдыга басып келе албай,

Уурулук кылган итке окшоп,

Уялып жүрөр далайга.

 

 

ЫР МААНИСИ НЕМИНЕ?

(I Санат-ы дигараст)

 

Кыямат күнү колдогон

Пир мааниси немине?

Азыр айтар санаттын

Ыр мааниси немине?

 

Башкы учар канаттын

Ат мааниси немине?

Масала, маани кураан

Башкасы баари жүзйат

Кат мааниси немине?

 

Алал менен арамдын

Барк мааниси немине?

Санат калган кадымнан

Нарк мааниси немине?

Дилде болот хафи сыр

Сыр мааниси немине?

Бетинде болот накш аалам

Нур мааниси немине?

Бейиштин гылман зыйнаты

Үр мааниси немине?

Билбеген шайтан сөзү дейт,

Ыр мааниси немине?

 

Толуп-ташып жайнап көр,

Даш казанга кайнап көр.

Кыргызда болот ураан,

Масала маани куран,

Казынын зору казыят

Мазмуну куран Айтыпдур

Китептин көбү жүзйат.

Сазга жылкы жок шугун

Менин айткан сөздөрүм

Жүзйатка окшогон.

Гүлбахирден тилесе

Айтып көр адам баласы,

Билиң ырдын маанисин

Бир жерде жоктур чаласы,

 

Бир жерде жоктур чаласы.

Бейбактын тиет балааси,

Казанын жугат карасы.

Кардыда кызыл чок болот

Казынын жеген парасы.

Кара ниет көп болот,

Жакын келбей жаныга

Жаманның тиет жалаасы.

 

 

ЭГЕМ ЖАЛГАСЫН

(II Санат-ы дигараст)

 

  1. Кетет

Азиз кылган пандаси

Үнник болот жашида.

Доору келген панданин

Давлати кетпейт башыдан.

Мейманкана шыпыртып,

Мейманы күндө үзүлбөй

Береке бар ашыда.

Алганы сулуу кашыда.

 

Давлат кетсе, аш кетет,

Ажал жетсе баш кетет.

Азиз таннан жан кетет,

Насибаси үзүлсө

Тактан тайып хан кетет.

Аргымактан жал кетет,

Адамзат бирдей турабы

Айдап жүргөн мал кетет.

 

Карлуу күнү сонор деп,

Алты ай түлкү актарып,

Адырга чыкса мүнүшкөр

Арымдай басып из кетет.

Уул, кыз үйдүн урматы

Кошкон панда короочу.

Келин келет, кыз кетет,

Токсон чыкса, муз кетет.

Асманда жүргөн паранда

Индустан карап күз кетет.

 

Машырыктан баш багып,

Магрып карап Ай кетет.

Алалуу жылкы айдатып,

Алайга жазда бай кетет.

 

Дүнүйөнүн бурчуга

Соодегер болуп сарт кетет.

Өлүмдү алып мойнуга

Чымынча жанын каркытып,

Маккага карап март кетет.

Узун болсо өмүрүң

Беш күн мейман, дарт кетет.

 

Конолуу катта тойлордо

Колтугуну керилтип,

Эликтей көзүн кызартып,

Эл жүрөгүн жылгартып,

Кыл куйругун шүйдүрүп,

Кыздай жалын өрдүрүп,

Айдаса алыс ат кетет.

Өтө кызыл бат кетет.

Саилга дейт дүнйада

Самаркан карап сарт кетет.

 

Таң жарыса түн кетет,

Оонардан нары Күн кетет.

 

Кара товдун бооруда

Кара теке ойновчу

Кандуу ок тийсе кан кетет.

Азираил алганда

Аршка карап жан кетет.

Кыяматтын бир эшиги

Көрүстөн карап тан кетет.

 

  1. Жайыңы кылсын жаннатта

 

Сафарың каттык ыраакка

Мардана болгон карып баш

Паришта кирет суракка.

Асан кылса Кудайым

Арытаар баштан туманын.

Атаа кылар ыйманын

Ар пандани илаим

Намулжаза махшарда

Салык кылып амалин

Насип кылсын жамалын.

 

Азирети Аали жайлари

Хавзу кавсар шарбатта.

Азали тагдыр, албатта,

Аси, жафи. гумрахни

Жалакасын жан Эгем

Жайини кылып жаннатта.

 

 

БУЛ АМАНАТ ДҮНҮЙАДА

(III Санат-ы дигараст)

 

  1. Деген

 

Буйласы бирге түйада

Бул аманат дүнүйада,

Эгерде болот сыр деген.

Эрмек болот ыр деген.

Жолго салат пир деген.

Жуанчак экен эр деген.

 

Мачитта болот сыр деген,

Маанилүү болот ыр деген.

Көйнөктө болот кир деген,

Жууса агартат суу деген.

 

Күзгүдө болот сыр деген,

Кавлайт дилин пир деген.

Бетинде болот нур деген,

Белинде болот кур деген.

Бикирди болот тоо деген,

Чакмакта болот куу деген.

Мерген белин какшатат,

Беш карыш теке уу деген.

 

Хандарда болот так деген,

Кара болбойт ак деген.

Насия болбойт нак деген,

Санаалуу болбойт сак деген.

Багвандын жайы бак деген,

Хандар күндө кант жеген.

Аййардын баари панж экен

Эр канаты ат деген.

Акмак келет сарт деген,

Калтак жесе “дат” деген.

Өзөктөн тиет дарт деген,

Өлүмдөн кайтпайт март деген.

Саргартат оору-дарт деген.

Сопу болот март деген.

 

Үч ай токсон кыш деген.

Ырыскы экен тиш деген.

Уйкуда өтөт түш деген.

Пешене терин шыпырып,

Пештүү кетмен көтөрүп,

Баш-этегин кайырып,

Азамат чөлдө иштеген.

Ысык-Көл барып балалап,

Индустан кетет куш деген.

Акмак кылса күл кылат

Жоон билек муш деген.

Илгери келсе иш деген,

Сары чаян куйругу

Сая турган шиш деген.

Чулдураган тажиктер

Чычканды көрсө “муш” деген

Каманны көрсө “гуш” деген.

 

Байларда болот мал деген,

Маковго шерик кал деген.

Саялуу болот тал деген,

Шакардан болот бал деген.

Аргымакта жок болчу

Көшүлүп түшкөн жал деген.

Илимнин жолун кал деген.

Соолуктун жолун хал деген,

 

Самовар салкын жай деген.

Салтанаты чай деген.

Сайып койсо азоону

Сарт атыны тай деген.

Камыштан болот най деген

Канаат кылып камбагал

Кайырлуу болот бай деген.

Кызыл куйрук нар деген,

Кызыл тилла зар деген.

Кылмышың мында көп болсо,

Кыямат жолу тар деген.

Какшатат экен жигитти

Карап коюп, каш кагып,

Калемкаш сулуу жар деген.

Кушту учурат пар деген,

Эрди учурат зар деген.

Эркегини нар деген,

Эшекти тажик “хар” деген,

Жыланды көрсө “мар” деген.

 

Чымбайдан келет туз дегег,

Чырайлуу болот кыз деген.

Пул-мастар жүрүп издеген

Адамкерчилик “Сиз” деген.

Чебердин баарын уз деген,

Чилдеде болот муз деген,

Ууруну көрсө “дуз” деген,

Эчкини тажик “буз” деген.

 

Байларда болот пул деген,

Бактарда болот гүл деген.

Боекчу жөөт амали

Иштеткенди “ныл” деген.

Амалга келбейт чагында

Аптап суукту сел деген.

 

Он эки айды жыл деген,

Онтотпойт оору сил деген.

Эр(и) өлгөн катын тул деген.

Жаман сөздү айтпаңар,

Адамдын көңүлү гүл деген.

Жалган эмес бул деген.

Кызматкер болот кул деген,

Ыштаныны “изар” деп,

Ылайды тажик “гил” деген

 

Коргондо болот авиз деген,

Кулатат душман-жоо деген.

Кожондон нары Ноу деген.

Арканды салса жетпеген,

Айланып куштар кетпеген,

Асман фалак – зоо деген.

 

Кардан келет суу деген,

Кечикпей өлөт уу жеген.

 

Түндө уктабайт ит деген,

Жетимдин мойнун бит жеген.

Байларда болот кут деген,

Кафирда болот бут деген.

Франкнан келет чыт деген,

Назик(чи)лик маалда

Миванин алды тыт деген.

 

Давлаттин зору баш деген,

Кайырдын зору аш деген.

Каттуунун зор таш деген,

Макоонун дарди каш деген.

 

Сакоонун дарди тил деген,

Санаты улук паашанын

Салтанаты фил деген.

 

Чавандез дарди ат деген,

Илими балант молдонун

Имараты хат деген.

 

Байлардын дарди той деген,

Бийлердин дарди ой деген.

 

2.Кыяматкайым болгуча

 

Эшендин дарди мурутта,

Катындын дарди курутта.

Жамгырдын жайы булутта.

 

Кембагал дарди оокатта,

Буудайдын кани Ноокатта.

Дыйкандын дарди галада,

Отунчу дайым талаада.

 

Жылкычы көөнү жылкыда,

Бүркүтчү көөнү түлкүдө.

Койчунун дарди уйкуда,

Кекилик учат кырынан

Чакчыгай алат коёнду.

Чагыны тапса жарайды

Жибек килем жыйылбайт

Кудай берген байлардын

Ак үйүнүн төрүнөн.

 

Жылкынын кани казакта,

Шалынын кани Сузакта.

Өлүп кетсе бейкүман

Каапырдын жайы дозокто.

Өрдөктөй мойнун созгондо

Өзбеги көп Өзгөндө.

Кар кетип, баар-жаз болот,

Карга, кузгун тозгондо.

 

Баатырдын баары майданда,

Тыт – майиз кани Шайданда.

 

Илимдин кани Бухарда,

Койдун кани Хиссарда.

Кандек өрүк Кушарда.

 

Күрүчтүн кани – Анжийан,

Майиздин кани Наманган.

 

Парчанын кани – Маргалаң,

Арчанын кани тоолордо.

Ылаачын ойнойт зоолордо.

 

Кара чай кани Кашкарда,

Койдун кани Кочкордо.

Жылкынын жайы Жумгалда,

Түлкүнүн кани Тар-Колдо,

Котоздун кани Сарколдо.

Хандардын такты Кокондо.

 

Бейызат каапыр бекитти

Салдаттар сувдун сайыда,

Балыктын жүрөт пайыда.

Миң башы менен аминдар

Пул алышат ар айда.

Каапырдын дарди малайда,

Гөш, кымыз кани Алайда.

 

Жолго жүргөн жолоочу

Адашат калың туманда.

Азалдан душман адамга,

Шайтандин дарди ыйманда.

Үмүтү көп пандалар

Кетип барат гүманда.

Сыпайчылар казада,

Пандам десин Кудайым

Барчани йамулжазада.

 

Шайтан иман кастыда,

Көп хам болбо азада

Каласың жердин астыды.

 

Нысап берген пандалар

Көөнү дайым пикирде.

Колу кылып кайырды,

Тили дайым зикирде.

 

Мергендин оту чакмакта,

Иттин дарди капмакта.

Бакылдын көөнү ар кимде,

Баламатка такмакта.

Акыл болбойт акмакта,

Тамагыны жүн баскан

Тармал сакал факмакта.

 

Кыздын дарди жигитте,

Койдун жайы топукта.

Төөнүн дарди жантакта,

Бойдоктун дарди катында.

Эшендин дарди батында.

 

Сопунун дарди азанда,

Соргоктун көзү казанда.

Сарт маилис кызытып,

Каныш кылат сазанда.

Саакылар көп ыйлачу

Саар туруп азанда.

Карчыга сындуу калем каш

Катын болсо фазанда.

Эшикке чыкпай эригип,

Олтурса үйдүн төрүдө.

Күндөштүү катын күнөөлөп,

Күнү-түн дарди эриде.

Жеп үйрөнгөн желмогуз

Жазасын көрөр көрүдө.

 

Чавандаз дарди улакта,

Чабактын жайы булакта.

Дервиштин көөнү мачитта,

Суучунун көөнү кечитте.

 

Сарттын байы сарайда,

Кыргыздын байы Алайда.

Басмачы көөнү байларда,

Шыбырга кеткен уурулар

Баштары калат кайларда?

 

Уурунун дарди тувчада,

Саллаттын дарди нымчада.

Касаптын дарди семизде,

Каапырдын дарди тоңузда.

Эли бай жазда эгизде,

Сарттын жайы тегизде.

 

Уурулар алмак пайыда,

Сарт адамсыйт жайыды.

Суксур сувдун сайыда.

Кызыл гүлдөй ачылып,

Казынактын төрүдө,

Кыямат кайым болгуча

Өлгөндөр калат гөрүдө.

 

 

ЗАМАНА ЧАПКА АЙЛАНДЫ

(IV Санат-ы дигараст)

 

Буйласы бирге түйада,

Бул аманат дүнйада:

Эгерде болот сыр деген,

Эрмек болот ыр деген.

Эсиме келди өткөндөр –

О дүнйага кеткендер.

Эсиз марттар жок болуп,

Жер тагинда өткөндөр.

 

Мусулман абад жок болуп,

Мурунку марттар жайланды.

Бутпарас каапыр жок болуп,

Замана чапка айланды.

Миң башы менен аминдар

Үч жылда бир шайланды.

Колдон анча иш келер

Койбоду каапыр тирикти.

Кошоматчы сартыбыз

Кошулуп кетип, бирикти.

 

 

Кыргыз жазда кылчаңдап,

Кыш амалин таппады.

Эргешвейди сартыбыз

Эч амалин таппады.

 

 

Дин жолуну ачардан

Таппады жай качардан.

Болду жаами сартыбыз

Моюн сунду начардан.

Сарттан кыргыз бөтөн деп,

Салманы болсун түтүн деп,

Сарт өлфөнгөн жөн кылды.

Түтүндү кылса өң кылды,

Өңү менен курусун.

Чачы сары, жез мурут

Өңү менен курусун.

 

Сарт баласы кумарпаз

Саркар болуп каапырга

Галасыны көтөрөт.

Малай болуп, пул алып,

Баласыны көтөрөт.

 

Сары баш каапыр оруска

Катындары саз болуп,

Сартка бул күн аз болуп,

Бепак каапыр бутпарас

Басмачыга жол берди.

 

Басмачылар байлардын

Басып келет кашыга,

Балта чабат башыга.

Байларды көп байлады,

Пулун алып, үстүгө

Өлтүрүп өзүн жайлады.

Үмүтү жок Кудайдан

Уурулук кылмак дарт экен,

Айландырып карасам,

Басмачынын баарысы

Байвант экен, сарт экен.

 

Суук болвойт жаз күндө

Сомго кирет сарт өлө.

Баары калбай жакында

Уруш болор аз күндө.

 

Басмачынын баариси

Максатыга жетпесин.

Кыямат кайым болгуча

Кыргыздан дин кетпесин.

 

 

ЖАКШЫ КАТЫН, ЖАМАН КАТЫН

(V Санат-ы дигараст)

 

Иши бүтүн адамдар

Эсеп менен пул кылат.

Ишкилиги кул кылат.

Эшик тышын жол кылат.

Короосуга кой кылат,

Конок күтүп той кылат.

Кайыр жолун казгандар

Кайриеттүү иш кылат.

Уул, кызын урматтап,

Кийгенин кымкап, киш кылат.

Дүнүйөсү көп болсо,

Итаягын мис кылат.

Ыкыбалдуу эрлерге

Кыз жакшысын туш кылат.

 

Салганыны куш кылат,

Катындын жакшы чебери

Базардай үйүн гүл кылат.

Баштыгыны тор кылат,

Тул бээни сойдуруп,

Туздатып коюп суу кылат.

 

1.Жаман катын

 

Жаман катын жолукса,

Жакшы эрини кул кылат.

Аш кылса, ичин кыл кылат,

Ак үйүнү жол кылат,

Алган эрин сил кылат.

Айтса гапти албастан,

Адамды бир пул кылат.

Арам, адал иш кылып,

Жакшы көңүл кир кылат.

 

Оромолун кайырып,

Ачып коёт уялбай,

Кир басып калган тамагын,

Чайкап койбойт шунча ки…

Казан, аяк, табагын.

Чала-була жуугансып,

Баласыны бакыртып,

Урган болот туугансып.

Загара кылса сындырат.

Нары-бери кармалап,

Уктап калса эрини

Уйкусун бузуп чочутат.

………………………………….

 

Аптада жуват башыны,

Арзулап кылбайт ашыны.

Көйнөктөрү самтырап,

Көрсөң көөнүң кир кылат.

Ондой жаман палитти

Он күнгөче тим жүрүп,

…………………………………

 

Жаман катын курусун

Кылган ашы бозодой,

Далылары жаздыктай,

Эмчектери баштыктай,

Карарган буту амачтай,

Эчтеме менен иши жок,

Эч сүйлөбөйт корсоюп.

Белини байлайт үстүдөн

…………………………………..

Жаман катын курусун

Көзү өлүңкү, көр кабак,

Күңкүлдөмө күң тамак.

Түртмө түндүк, өсмөчөк

Сырты сулуу, бей акыл

Шыпырып койвойт үйүнү,

Чырайы менен курусун.

Жыйып койвойт жүгүнү,

Жулуп койвойт түгүнү,

………………………………….

Сары таман, тулга бет

Туткан үйү тополоң

Ар жерде жатат чачылып,

Тил сүйлөсө баладай.

……………………………….

Жаман катын курусун

Жаз өтүп срра иш кылбайт.

Жазда кылар ишини

Эч болбосо кыш кылбайт.

Жатып уктайт жаз болсо,

Эринин малы аз болсо,

Эки колу күнч болсо,

Иш кылбай өзү тынч болсо.

Айыбы жок өзүгө

Ар кандай сөздү деп койсо.

Эринин иши жок болсо,

Алты нанды жеп койсо.

 

Санаттагы сөздү айтсам,

Сары жесин катыннын

Эки көзү көк болсо.

Эринин иши жок болсо,

Азилкаш бойдок бар болсо,

Ажап эмес гар болсо.

Жакабели жар болсо,

Жаңы өспүрүм бар болсо,

Жазда конор конушу

Карагандуу чөп болсо,

Катылар бойдок көп болсо,

Көзү көк, сары катыннын

Көөнүдөгү иш болот.

Көөнү дайым куш болот.

 

2.Жакшы катын

 

Катынның хал-хал жакшысы

Беш убак намаз окувчу.

Беш күндө шалча токувчу.

Намехрим багар көзү жок,

Нашр(и)дех сөзү жок,

Сыпатыны кылабыз.

Ол катын мында өзү жок.

 

Жаман аял пейли жок,

Арам ишке майли жок.

Жаман айтпайт эриге,

Жакшы болот элиге.

Ондой катын жолукса,

Алган марттин ыкыбалы.

Аябай берип ашыны,

Азиз кылат ар жерге

Алганынын башыны.

 

Алган эри март болсо,

Түрлөп-түрлөп жемекти

Түймөлүү топчу ар жери,

Кештелүү токум, ак тердик,

Жалпооч жакшы өрүмү

Жасап коёт атыны.

 

Укурук бойлуу, узун чач,

Бели тутам, калем каш,

Колу чебер, кара каш

Назари балант марттардин

Шундай болсун алганы.

 

Боз карчыга салганы,

Боларман чыккан марттардин

Бойдоктор күйүп өлгүдөй,

Ботокөз болсун алганы.

 

Сарала туйгун салганы,

Санатка кирген марттардин

Уландар күйүп өлгүдөй,

Узун чач болсун алганы.

 

Ак шумкар болсун салганы,

Ак жолборстой марттардин

Ак жамал болсун алганы.

 

Көк бедөө минип ойнотуп,

Көк тайганды жойлотуп,

Көөнү калыс марттардин

Көрктүү болсун алганы.

 

Бедерлүү туйгун салганы,

Бели каттыг марттардин

Белгилүү сулуу ар жерге

Беш көкүл болсун алганы.

 

Карчыга болсун чүйгөнү,

Кара көз болсун сүйгөнү.

Карабоз болсун чапканы,

Кайырга кетсин тапканы.

 

Тобурчак болсун мингени,

Торколуу болсун кийгени.

Тойго кетсин жыйганы.

Машру болсун кийгени,

Мачитка пулун сарп кылып,

Маккага кетсин жыйганы.

 

 

БЕШ КҮН ӨТӨР ДҮНЙАДА

(VI Санат-ы дигараст)

 

Беш күн өтөр дүнйада

Белиңде пулуң барыда,

Бергенден жакшы бар бекен,

Көзүңнүн нуру барыда

Көргөннөн жакшы бар бекен,

Бул аманат дүнүйада?

 

Бейиштен чыккан беш соолук,

Көзү көхар көк кочкор

Көбөйткөн Муса пайгамбар

Жүрсө жазда төбөктөй,

Жүнү майин жибектей,

Тиштери тизген мерветтей,

Куйругу кант да наваттай,

Сүтү ширин шарваттай

Козголбос коңур жанивар

Койдон жакшы бар бекен?

Жан Эгемдин казынасы

Тойдон жакшы бар бекен?

Желеге кулун байласа,

Жылкы ичинде жез билек

Гөхардан жакшы бар бекен?

Сопулар нап аларга

Саардан жакшы бар бекен?

Үч ай, токсон өткөндө

Баардан жакшы бар бекен?

 

Айланма көлдө жарк этип,

Айланып учуп “карк” этип,

Каздан жакшы бар бекен?

Алалчылык көп жатса,

Саздан жакшы бар бекен?

Агын суудай айран, сүт,

Гөш куурдак, гүл кымыз

Көчмөн байлар Алайда

Жаздан жакшы бар бекен?

Жаңы өспүрүм уланга

Бели тутам, беш көкүл

Наздан жакшы ар бекен?

 

Желеге кулун байласа,

Кара кыяк, каз гр(у)т

Казысы болот жылкынын

Жери жатык, көк шивер

Түздөн жакшы бар бекен?

Жемиштин баары тең бышып,

Күздөн жакшы бар бекен?

Чарчага(н)дай майышып,

Кытайы чач, кыйгач каш,

Укурук бойлуу, узун чач

Кыздан жакшы бар бекен?

Нар тайлактай ойнорго

Нар болуп турган кызыл гүл

Түздөн жакшы бар бекен?

Нарголдон кийип көйнөгүн

Кылыгы артык, кымча бел

Кыздан жакшы бар бекен?

 

Кара башы жаз чыга

Хан алды(н)да желбиреп,

Туудан жакшы бар бекен?

Карабоз күлүк пайгадан

Кат(т)к чыгып келгенде

Карап турган марттардан

Тайдай туйлап жүрөгү

Чувдан жакшы бар бекен?

Карчыга салып, каз алса

Увдан жакшы бар бекен?

 

Суусап жүрүп бир жутса,

Сууктугу музча бар

Суудан жакшы бар бекен?

Суктанып жүрүп бир кучса,

Суук кол тийбес кызча бар,

Суусар ичик суйсалган,

Сулуудан жакшы бар бекен?

 

Асманда жүрсө жарытып,

Айдан жакшы бар бекен?

Жокчулукта эр карып,

Жок ажатын чыгарып,

Байдан жакшы бар бекен?

 

Эгемнин тутуп амирин,

Эрте чыгып, кеч батып,

Күндөн жакшы бар бекен?

Эри-катын…………………….

Эч адамдын иши жок,

Түндөн жакшы бар бекен?

 

Алаканга саласың

Ак буудайды аз чачып,

Арбытып гала аласың,

Жерден жакшы бар бекен?

Ата-эне болот бирөөнө

Акылы жок катынга

Эрден жакшы бар бекен?

 

Эри өлгөн катын көп ыйлап,

Кийин билчү мазасин.

Эр кордогон катындын

Тулдук берсин жазасын.

Эси жок бир кыл катындар

Эри менен эгешип,

Күндө кылат кооганы.

Коогасыга ишенип,

Жатса көөнү бузулуп,

Түндө кылат сооданы.

 

Күндөштүктөн күнүлөп,

Кечкече кылат кир ишти

Түндө көргөн бир ишти.

Айып (катар) көрбөңөр

Айтканым куп келишти.

 

Кара калам, ак кагаз

Хандардын ишин бүткөрүп,

Каттан жакшы бар бекен?

Сары жилик, кой жорго

Саман тору, кара жал

Самаган жерге жеткирген

Аттан жакшы бар бекен?

Жайы-жайы келгенде

Жараган мүшкүл ишине

Марттан жакшы бар бекен?

Узун болсо өмүрү

Пак болот дейт күнөөдөн

Дарттан жакшы бар бекен?

 

Жолго салат гумрахны

Пириңден жакшы бар бекен?

Азиз кылат ар жерге

Илимден жакшы бар бекен?

 

Алыска учар канатың

Атыңдан жакшы бар бекен?

Кадырга жетип кыз алган

Катындан жакшы бар бекен?

 

Сайа салкын сафалуу

Талыңдан жакшы бар бекен?

Айдап жүрсөң алдыңда

Малыңдан жакшы бар бекен?

Бей иллат карчтап ар канча

Белиңде жүрсө кубанып,

Пулуңдан жакшы бар бекен?

Кызматың кылып жүрөргө

Кулуңдан жакшы бар бекен?

Курматын Кудай көрсөтсө,

Уулуңнан жакшы бар бекен?

 

Келип турса үзүлбөй,

Меймандан жакшы бар бекен?

Жаннати болсо жолдошуң,

Үрлөр болор колдоочуң,

Гылмандан жакшы бар бекен?

Көтөрсөң оор таш бекен

Көңүл көйүн буза албай,

Көзүңдөн чыкпайт жаш деген,

Жамгыр болсо жаз күндө,

Тумандан жакшы бар бекен?

Йамулжаза махшарда

Жан Эгем казы болгондо

Жаннатта кылып жаныңды

Жамалыны көрсөтсө,

Дидардан жакшы бар бекен?

 

 

БОЛОТ

(VII Санат-ы дигараст)

 

Жеткилең болсоң билерсиң,

Жер жакшысы саз болот.

Ат жакшысы боз болот

Эр жакшысы таз болот.

Кыз жакшысы уз болот.

Богогу салык, мойну кез

Бойго жеткен кыз болсо,

Болжошуп коюп астыртан

Боларман жигит дос болот.

Жаман сөздү көтөрүп,

Жакшынын көөнү кош болот.

Жакшы сөздөн буйрубай,

Жамандынпейли корс болот.

 

Өкүмөт тегин зор болот.

Түндүгүнөн Ай көрүп,

Бирөөнүн жалгыз азизи

Бир жерге түшүп кор болот.

 

Жамандан суук сөз чыгат,

Уруша кетсе көз чыгат.

Өзүнө кылса шор болот,

Катын алса, үй болот,

Карөзгөй болсо бий болот.

Башына кылса кор болот,

Тоо чыга калса той болот.

 

Саратан, асат өткөндө,

Салкын түшүп, күз болот.

Кудай берген байлардын

Кою жети жүз болот.

Карааны өчкөн кан кылган

Бойго жеткен кыз болот.

Агын суу – сай сыз болот.

Ак бараң сай түз болот.

Назнемат(тар) тең бышып,

Наркы арзан күз болот.

 

Эр(и) өлгөн катын тул болот,

Кудай берген байлардын

Сандыгында пул болот.

Эшигинде кул болот.

Кара тоо башы кар болот.

Ырааккы кыз тууганын

Бир көрмөк(к)ө зар болот.

Нар баласы лөк болот.

Хан баласы бек болот.

 

Эр канаты ат болот.

Катташпаса карындаш

Беганадан жат болот.

 

Кара дарак ичинде

Кара чапан сарт болот.

Кайыр Кудай жолуна

Бергендин баары март болот.

 

Чаар ташты айланып,

Чаначыны байланып,

Чарык жыртып, карды ачып,

Мергенге уу дарт болот.

 

Атка салган жүл болот,

Жаман сөздү айтпаңар,

Адамдын көңүлү гүл болот.

Кызыл баш каапыр кул болот.

 

Суу куруса сай болот.

Асманда жарык Ай болот.

Жебей-ичпей мал кылып,

Каттыктын баары бай болот.

Ажалы жетип, күн бүтүп,

Адамзат өлүп бир күнү

Кара жерге жай болот.

 

Аруулап жууп, кепиндеп,

Уул кызың “Атам!” деп,

Жеткирип жайга койгончо

Жетимиш жерде паришта

Тосуп савал кылат дейт.

Ыйман жолдош болбосо,

Сакалы менен чачыны

Касирет кылып жулат дейт.

Мүңкүр, На(ң)кир паришта

Савалы андан кийин болот дейт.

Жообун так бербесең

Чымындай жанга кыйын дейт.

 

 

КИТЕП  КЫЛДЫМ  ЫРЫМДЫ

(VIII Санат-ы дигараст)

 

Малы батпас байкадыр

Жер жакшысын көп айттым.

Жетим тайдай кымбаттуу

Эр жакшысын көп айттым.

Жүрөктөн тийген түйүлүү

Дарт жакшысын көп айттым.

Журт сураган өкүмдар

Март жакшысын көп айттым.

Азамат эрлер арвайын

Сыйласаңчы деп айттым.

Жүрөгүдө дарди бар

Сөз маанисин билгендер,

Ыйласаңчы деп айттым.

Кыя жолдон чыкпаган

Кызыл жүздүү жигитти

Кыз десеңчи деп айттым.

Жаман сөз тиет көңүлгө

Муз десеңчи деп айттым.

Көөнүңдү көп толтурат

Көөнү жумшак аалымдар.

Көөнүмдү көп ооруткан

Көөнү каттыг залимдар.

Паизи тиет ар жерде

Парз, важип, сүннөттөй

Паамдаган аалымдар.

Ырыскы билет арамды

Ит кыял бетпак залымдар.

Бечара болот аалымдар,

Менменсип жүрүп бир күнү

Бейдин кетер залымдар.

Сөз маанисин билгендер

Сөзгө жетер булбулдай.

Сөз маанисин билбесе

Согум чалыш дүмбүлдөй.

Ыр маанисин билгендер

Ашык, балант, дилгирдей.

Эркин эрмек кылсын деп,

Көңүлгө келген гаптарлди

Көп кылып койдум даптарди.

Саяпкер багат каптарди,

Санаттан кылдым даптарди.

Кимге айтайын сырымды?

Кызматын кылып пиримдин

Китап кылдым ырымды.

 

 

КАТКА  САЛДЫМ  САНАТТЫ

(IX Санат-ы дигараст)

 

1.Доору экен

Жыйырма беш(те) отуруш

Жигиттиктин доору экен.

Жагалмай салып ойномок,

Жаштыгыңдын доору экен.

Байбача болуп жүрмөглүк

Мастыгыңдын доору экен.

Улуктун ти(й)ген инхам(ы)

Жарлыгыңдын доору экен.

Катта-катта сүйлөмөк,

Барлыгыңдын доору экен.

Ар жерде азиз болмоглук

Ага-ининин доору экен.

Баланын көөнү өсмөглүк

Ата-эненин доору экен.

Уудан көңүл өсмөглүк

Салганыңдын доору экен.

Үйдөн көңүл тынмаглык

Алганыңдын доору экен.

Тойдон көңүл өсмөглүк

Торко кийсе доору экен.

Жолдон көңүл өсмөглүк

Жорго минсе доору экен.

Доодо көңүл өсмөглүк

Куландай каттык кармашкан

Карөзгөй марттин доору экен.

 

Алайда көңүл өсмөглүк

Айдаган койду доору экен.

Бериш-алыш кылмаглык

Белиңде пулдун доору экен.

Кыргый салып ойномок

Кырчындыктын доору экен.

Булбулдун көөнү өсмөглүк

Кызыл гүлдүн доору экен.

Кесе-кесе сүйлөмөк

Кызыл тилдин доору экен.

Кыздын көөнү өсмөглүк

Кырк байтал келсе доору экен.

Жубандын көөнү өсмөглүк

Жүз тилла келсе доору экен.

Бектердин көөнү өсмөглүк

Беттешкен жоонун доору экен.

Бели аттык эрлердин

Белдешкен доонун доору экен.

Жигиттин көөнү өсмөглүк

Кыз алган жардын доору экен.

Катындын көөнү өсмөглүк

Камчылуу эрдин доору экен.

Баатырдын көөнү өсмөглүк

Баш кескен майдан доору экен.

Чечендин көөнү өсмөглүк

Чечилбес доонун доору экен.

Мергендин көөнү өсмөглүк

Беш карыш теке доору экен.

Бүркүтчү көөнү өсмөглүк

Алтай түлкү доору экен.

Алайга кеткен байлардын

Айдаган жылкы доору экен.

Чарбадар көөнү өсмөглүк

Чар(ы) койлор доору экен.

Чарбазар көөнү өсмөглүк

Чаргүзарлүү доору экен.

 

Барчани басып бекиткен,

Кара жердин доору экен.

Багбандын көөнү өсмөглүк

Бакта жүзүм доору экен.

Молдонун көөнү өсмөглүк

Медресе доору экен.

Мураскор акын алмаглык

Кадыр эсе доору экен.

Ырыска жубан кубанмак

Орус кесе доору экен.

Байлардын көөнү өсмөглүк

Мал багып жесе доору экен.

Бийлердин көөнү өсмөглүк

Билбести жесе доору экен.

Басмачы көөнү өсмөглүк

Байлардын пулун… доору экен.

Сарттын көөнү өсмөглүк

Самавардын доору экен.

 

Глпаризат кубанмак

Санавбардин доору экен.

Саакынын көөнү кубанмак

Аш бермектин доору экен.

Шаиттин көөнү кубанмак

Баш бермеклик доору экен.

 

Кырчын жигит мас болуп,

Кызга болуп, мал берип,

Кыргый салса доору экен.

Дыйкандардын амали

Нан бермеклик доору экен.

Дервиштер дайым жүргөнү

Мусапырлык доору экен.

Найсаптын кылмак амали

Кисафирлик доору экен.

Жаллабдын кылган амали

Бөзпуруштук доору экен.

Жалаптин кылган амали

Күпуруштук доору экен.

Чалап саткан сарттардын

Музпуруштук доору экен.

Карванчилар амали

Бөзпуруштук доору экен.

Көзү каткан камбагал

Карыз алмаглык доору экен.

 

Кошту дыйкан жаз айдап,

Амбар салып ак буудай

Күз алмаглык доору экен.

Жаңы өспүрүм уландар

Кыз алмаглык доору экен.

Имарат салган усталар

Гүл салмаглык доору экен.

Төтөн жолу үлфүн деп

Түктүйгөн сары албарсты

Пул салмаглык доору экен.

Желмогуздар кошулуп,

Жетим уул, тул катын

Жеп коймоглук доору экен.

Жалган сөздү жамандар

Деп коймоглук доору экен.

 

 

2.Көп айттым

 

Чайнаган билет оозунда

Ачуу чучук мазасин.

Арамды билбей жегендер

Өлгөндө көрөр жазасын.

 

Үчү-төртү кошулуп,

Үйү күйсүн бузуктун.

Эшигинен туташып,

Төрү күйсүн бузуктун.

Түтүн чыгып өлгөндө

Гөрү күйсүн бузуктун

 

Парандани жеткирет

Алыска учуп канаты,

Айта берсе түгөнбөйт,

Айтып жүргөн сататты.

Айтып-айтып жер-жерде

Санат болуп калыптыр.

Айтпай жүрсөм эл койбойт,

Адат болуп калыптыр.

 

Катындар каалайт жакшыны,

Катка салып көп айттым,

Катардагы жакшыны.

Катындар каалайт манатты,

Катка салдым санатты.

 

Кыздар каалайт жибекти,

Кымыздуу жер болгондо

Кызытам көп жүрөктү.

 

Көрдүм жүрүп далайды,

Кара-Тегин, Алайды.

Катка салдым сабакты

Кашкар менен Табакты.

Көп көрдүм эшен, калпаны,

Ат-Башы менен Арпаны.

Көргөмүн чукур Жумгалды,

Көргөмүн шондо жыргалды.

Суусар телпек сулуулар

Сүзүп көзүн ыргалды.

 

Миң жылкылуу байлардын

Мингемин жакшы жоргосун.

Кашкарга кирип көргөмүн,

Калмактын койгон доргосун.

 

Сар жорго минип жүргөмүн

Суусамыр деген жерлерде.

Сарала жылкы айдаган

Сарбагыш, саруу, саякта –

Элдерде жүрүп көп көрдүм

Энди бармак каякта.

 

Көп көрүп келип бир жакта,

Жер жакшысын көп айттым.

Терип-терип ар жердин

Эр жакшысын көп айттым.

 

Аргын-аргын жүгүргөн

Ат жакшысын көп айттым.

Ак жолборстой айдыңдуу

Март жакшысын көп айттым.

 

 

АЛБАРС  КААПЫР  ЗАМАНЫ

(Х Санат-ы дигараст)

 

Газыйнадар байлардын

Калаага кетет карвани.

Айткан менен түгөнбөйт,

Азамат эрлер армани.

 

Пулу батпас байлардын

Букарга кетет карвани.

Бу дүнүйөдө түгөнбөс,

Мурунку марттар армани.

 

Эпсиз пулдуу байлардын

Эшигиде жатувчу

Жипсиз түйа шарданы.

Эсиңден кетпейт жакында

Эссиз марттар армани.

 

Сандыкта пулдуу байлардын

Самаркан кетет карвани.

Санатка кирген марттардин

Санааңдан кетпейт арманы.

 

Катардагы байлардын

Калаага кетет карвани.

Куландай жакшы марттардин

Качан чыгат армани?

Өтүп кеткен марттардин

Өлүмдөн кыйын дарттари.

 

Жакшылардан айрылып,

Жакыр болду жерибиз.

Жаман шум болду элибиз.

 

Сарраб болду айлыбыз,

Сары баш каапыр бегибиз.

Осол болду элибиз,

Орус каапыр бегибиз.

 

Азамат эрлер жок болду,

Албарс каапыр бек болду.

Мусулман мынча кор болду?

Бутпарас каапыр зор болду.

 

Катка түштү үйүбүз,

Калбады жакшы бийибиз.

Тартылды танап жерлерге,

Тынбас болду эрлерге.

Жаман иш болду марттарга.

 

Тоо менен жолду бутпарас

Бүтүп алды даптарга.

Жакын калды забарга,

Салат мүшкүл оюнга.

Сарт кызын салды коюнга.

Мусулманды бутпарас

Минип алды моюнга.

 

Көгөөндөй көгөрүп,

Көзүң курсун бутпарас.

Балдыр-балдыр сүйлөгөн

Сөзүң курсун бутпарас.

Кашкулактай былкылдап,

Этиң өлсүн бутпарас.

Илик-иликтей аккалап,

Путуң курсун бутпарас.

Кудай кылып сыйынган

Бутуң курсун бутпарас.

Чачы сары себеттей

Башың курсун бутпарас.

Жаңы болгон макоодой

Кашың курсун бутпарас.

Семиз тору казакы

Атың өлсүн бутпарас.

 

Бели ничке, бети ачык,

Ыштаны жок, көтү ачык,

Атының өлсүн бутпарас.

Башы сары маймылдай

Балаң өлсүн бутпарас.

 

Албарс каапыр заманы

Арзан болбойт галабыз.

Адепти билбейт балабыз.

Акыретти бербесе,

Ара жолдо калабыз.

 

Катка түштү үйүбүз,

Каттык болду күнүбүз.

Кооп сийген каапырга

Кошулуп кетти бийибиз.

 

Ит катар болду сөзүбүз,

Айыптар срра өзүбүз.

Көтөрмөчү камбагал

Көмүр кылса увак деп

Оруста көп дүр дейбиз

Осол болду жардыбыз.

Өч алып барат байыбыз.

Орус каапыр жок болуп,

Качан чыгат дардибиз?

 

Имам Махди келсе экен,

Ит каапыр баары өлсө экен.

Букардан кошун келсе экен,

Бутпарас баары өлсө экен.

 

Урумдан кошун келсе экен,

Уругу куруп калса экен.

Пранктан кошун келсе экен,

Палит каапыр өлсө экен.

 

Оогандан кошун келсе экен,

Орустар ойрон болсо экен.

Мойну үзүлүп бачагар

Көчөлөрдө көмүлбөй,

Көзү оюлуп калса экен.

Кокондо топ басмачы

Көп суюлуп калса экен.

Жаллабдин баари жыйылып,

Жар тагинда калса экен.

Жамандын баары жыйылып,

Жайланып шондо калса экен.

 

Мусулман абад болсо экен,

Бузуктун баары өлсө экен.

Шариат шаарый болсо экен,

Шааримсиз баары өлсө экен.

 

Кумарпаздар кошулуп,

Кум тагинда калса экен.

Тутуп жүргөн бейбактар

Тоодо болуп калса экен.

Алыстан келген басмачы

Ада болуп калса экен.

 

Кыздр каалайт кызылды,

Мусулман пейли бузулду.

Шариаттин танабы

Тартпай кандай үзүлдү?

 

Бутпарас каапыр орусту

Эллик башы эргешти,

Биригип кетти миң башы.

Ойрон болду он башы.

 

Берер Кудай жазасын,

Бекер ооз замындар,

Бейыйман өлсүн аминдар.

Амал кылат аалымдар,

Акыретин күйдүрүп,

Алла берсин жазасын.

 

Алдым, жуттум залымдар…

Каапыр салган буткана

Кадимкидей журт кана?

Бактар болду селкана,

Байыркыдай эл кана?

 

Сыпатыны кылабыз,

Жакшылардын көзү жок.

Пранк менен Оогандын

Наамы келет өзү жок.

Басып келбейт Алайга

Онолхо рузмана

Кетер деген далайга,

Чала каапыр сатаңга

Баласыны көтөртүп,

Пул берет каапыр малайга

 

 

АЛЫМКУЛ

(1 Санат-ы дигар)

 

Жалган айтпай, ак айтсам

Өтүп кеткен марттарди,

Өксүбөйт көңүл дагы айтсам.

Беш күн өтөр дүнйада

Бектерден биз айрылдык.

Каралы жок бу дүнүйа

Хандардан биз айрылдык.

 

Кыргыз менен сарт эде,

Кыргыз, сарттын ичинде

Кыпчактан чыккан март эде.

Ак жолборстой Алымкул

Айкырып атка мингенде,

Аччыгы чындап келгенде

Азахардай залым кул

Кызыл-чаар шер эде.

Кыргыздан ыккан эр эде.

Карадан түшкөн төрө эде.

Алыскы жоо-душманга

Айдыңы көп зор эде.

 

Бу дүнүйа рават

Конуп кеткен бир кече,

Карванини айтамын.

Өтүп кеткен марттардин

Арманини айтамын.

Мухаммат, Али өткөндө,

Маңгыт келип кеткенде.

Шерали хан чыкты эде.

Саруу менен саяктан

Келип калып, кетти (бу)

Сары баш каапыр каяктан?

 

Мусулманкул миң башы

Кокондо он жыл хан болду.

Кырк жыл(ы)да кыпчактан

Эсен болсо эр башы

Суу ичет алтын аяктан.

Оюбузда жок эде

Орус келди каяктан?

Кыялыбызда жок эде,

Кытай келди каяктан?

Кооп сийип, отурбай

Ыштанынын боо-белин

Чечкен келди каяктан?

Муруту кирип оозуга

Бүксөйгөн келди каяктан?

Түлкүнү ийинге киргизип,

Бүркүт келди каяктан?

Журтту жаман муңдатып,

Чүрчүт келди каяктан?

Бети, колун жуубаган,

Бейиштен үмүт кылбаган,

Бейнамаз келди каяктан?

Коргол менен алышып,

Коңуз келди каяктан?

Кара жерди аңтарып,

Доңуз келди каяктан?

 

Авалыдан дагы айтсам,

Орус келип камады

Олуя-Ата, Чимкентти.

Алыбыз карып болду деп,

Ажыратып алгын деп,

Ат өлтүрүп, суу тизгин

Алымкулга тил жетти.

Букардан келип ал кетти

Букарасы муңайып,

Буунуна зил кетти.

 

Кулан үртүк салынып,

Карадан чыккан Алымкул

Камандир кайдан келди деп,

Кайратыга куп келди.

Куюшкан салбай ат минип,

Кутура чыккан Алымкул.

Кубандар кайдан кели деп,

Курушуга куп келди.

Баргандын баары азат деп,

Чарчы койду ызат деп.

 

Котоз байлап кош атка,

Кокондо калды кош датка.

Давыл байлап тор атка,

Үртүк салып боз атка

Он эки миң топ алып,

Замбрекчини мол алып,

Жасоол, сардар көп алып,

Кызыл жейрен ат минип,

Кыл куйругн шар түйүп,

Алды-кийнин карабай,

Алымкул чыкты казатка.

 

Түнү, күнү турбастан

Жүрүш кылды Алымкул.

Аттын башын бурбастан,

Кайратына чыдабай

Уруш кылды Алымкул.

Кытайды жетип кырам деп,

Жети баш каапыр орусту

Жер менен жексен кылам деп,

Жети күндүн ичинде

Жетип Чимкент үстүндө

Уруш кылды Алымкул.

Кыймылдатпай жайынан

Жылбас кылды Алымкул.

Кыргын салып оруска

Кыйга кылды Алымкул.

 

Олжо кылып каапырдын

Атын алды Алымкул.

Өлтүрбөстөн коркутуп,

Өтүн алды Алымкул.

 

Оягыдан сурасаң,

Оруска казак кол берди.

Быягыдан сурасаң,

Өлтүргөнүң газыдеп,

Злгөдүн баары шейит деп,

Уламалар жол берди.

 

Өлтүрүп газы болом деп,

Өлсөм шейит кетем деп,

Орусту камап таң кылды.

Чимкенттин үстүн чаң кылды,

Жан аябай жаң кылып,

Эр Миңбай датка зор барды.

 

Коргон салып Алымкул

Коруп калды Чимкентти.

Такык кылды Ташкенди,

Эл давлати эсиз эр

Эр Миңбайдан баш кетти.

Алымкулдун көзүнөн

Үч күнгөче жаш кетти.

 

Канатынан кайрылды,

Карап туруп алдыда

Куланынан айрылды.

Каапыр менен мусулман

Армансыз уруш көп кылып,

Эч муратка жете албай,

Элчи коюп арага

Эки жакка айрылды.

 

Олуя-Ата, Пишкеги –

Орус каапыр ол кайтты.

Чимкентке таштап эл акын

Кабар келген кол менен,

Желбиреген туу менен,

Эшендери “Суф” менен,

Сарбаз айтып чуу менен.

Коконго карап кол кайтты.

Адалат төрө Алымкул

Келип конду ордого.

 

Кызыл гүлгө кондуруп,

Булбулуну сайратты.

Кыргыз кыпчак жигитин

Кыз алып берип жыргатты.

Саяпырлар казада

Саркарда кылып кыргызды

Сайада кылды азада.

Кой кайтарган кыпчакты

Кокондо кылды азада.

Бада баккан кыпчакты

Баарыны кылды азада.

Жашы турсун буйакта

Карысын кылды азада.

 

Хан, пир болгон марттарди

Жанына тар тып зор кылды.

Душмандык кылган сарттарды

Тузун акыр гөр кылды.

 

Кыргыз кыпчак жигитиң

Көрүп жатты давлатти

Саркардалар баарысы

Сарайда кылды савлатти.

 

Кулан сындуу Алымкул

Хан болду чыгып карадан.

Кутулбадык балаадан.

Эки жыл өттү арадан.

Жамбыл минип, чаң басып,

Чаба келди Ташкенден.

Кайтып орус келди деп,

Кабар келди Ташкенден.

Каапырдын угуп дарагин

Каарданды Алымкул.

Зарпыны журтка өткөрүп,

Заарланды Алымкул.

Парз болду бармак казат деп,

Барбаган жолдон азат деп,

Жаллаттары жан кыйып,

Кайгы менен кан күйүп,

Тегирменчидей таш кесип,

Талабы болуп баш кесип,

Олтура албай ордунда

Оруска кетти Алымкул.

 

Баатырлыгың барчага,

Азаматтыгың ааламга,

Бүтүндүгүң Букарга,

Үрүстөмдүгүң Урумга

Маалим болуп жетти эде.

Балли сизге, Алымкул!

 

Катталарга карабай

Каапырга кеттиң Алымкул.

Чочугандай аттанып,

Чочкого кеттиң Алымкул.

Акырет сапар жакын деп,

Азапка кеттиң Алымкул.

Газы, шейит болом деп,

Казатка кеттиң Алымкул.

Алды-кийнин карабай,

Шашып кетти Алымкул.

Барып Кендир даванын

Ашып кетти Алымкул.

Каапырга карап үч жолу

Казат кылды Алымкул.

Акыреттен башыны

Азат кылды Алымкул.

 

Кумардан чыгып армансыз

Уруш кылды Алымкул.

Миң-Өрүк үстүн чаң кылып,

Жан аябай жаң кылып,

Уруш кылды Алымкул.

 

Бөлү-бөлүп каапырды

Бөйдөй тийди Алымкул.

Ач бөрүдөй ачынып,

Койдой кырды Алымкул.

Токойдогу доңуздай

Уудай кылды Алымкул.

Кызыл канын агызып,

Суудай кылды Алымкул.

Каапырдын төгүп каныны

Дозокко салып жаныны,

Суудай төгүп каныны,

Токмоктоп жанчып башыны,

Ундай кылды Алымкул.

Сахип, куруч, март эде

Шундай кылды Алымкул.

 

Болобу мартти айтпаса,

Бу журттан давлат кайтпаса,

Орустар осол болгондо

Каапырга ташвиш түшкөндө,

Бетпактар моюн сунарда,

Орусуга оонарда

Мусулман журту тынарда,

Ок жаңылды өзүнө.

От чагылды көзүнө.

Ат боорунан  кан кетти,

Жаннатка карап жан кетти.

 

Жибектей жаның эшилип,

Көңүлүң көлдөй көшүлүп,

Адия кылып башыңды.

Азиздарга кошулуп,

Шашпай жетти жоомартым

Шейиттерге кошулуп,

Азиз башың улуу эле,

Аршка жаның жетти эде,

Давлатиң кетти башыңдан,

Давлаткөй кетти кашыңдан.

Жибектей жаның үзүлдү.

Чырактай көзүң сүзүлдү.

Мусапыр Ташкен шаарында

Бейит болдуң Алымкул.

Чочкого уруп өзүңдү

Шейит болдуң Алымкул.

 

Азиз башың от эде.

Куш айланып өтө алгыс

Кутуруп жаткан Ташкендин

Ат боорунан кан болду.

Асманга чыккан чаң болду.

Ак шумкарды учту деп,

Аркадан бери даң болду.

Санатыңды биле албай,

Сартты басып ала албай,

Саркардалариң каң болду.

 

Ордодон туйгун учту деп,

Оруска чапты сүйүнчү.

Кыргыздын ханы өлдү деп,

Кытайга чапты сүйүнчү.

Бутпарас маңгыт аралаш

Букарга чапты сүйүнчү.

Ак жолборс көзүң өттү эде,

Саратанда кыш түштү.

Сан журтуңдун башына

Кыяматтай күн түштү.

Туура тартып айылды

Төмөнтөн бирөө көрүнсө,

Тосуп жолун тургузуп,

“Немне гап?” деген балаа гап

Кайтып журтка жайылды.

Ак жолборс көзүң өттү эде,

Кудаяр келип букардан

Карынын көзү карыкты,

Жетим уул, тул катын

Жер көз болуп зарыкты.

 

Эки көзгө жаш алып,

Эр, азамат марттариң

Сары-Кол кетти баш алып.

Кара көзгө жаш алып.

Кулан сындуу марттариң

Кашкарга кетти баш алып.

Кашкарга кеткен марттариң

Качан чыгат дарттариң?

Алымкулдун доорунда

Алдыңа чабат ат салып,

Каттык күн түшүп башыңа

Кашкарга бардың баш салып.

 

Алымкулдан айрылып,

Осмон кетти кашыңдан.

Давлатиң кетти башыңдан.

Кирдиң марттин сөзүнө

Карап калдың начардан

Жакыпбек тажик көзүнө.

Дүкөндөн уста чыгарса,

Кынына салат бычакты.

Кыямыга келди эде

Кытай кектүү Жакыпбек

Кырып салды кыйласын,

Кыргыз менен кыпчакты.

Котонго карап өткөрүп,

Кой бөөрүсү марттарди

Колтугуна тартыптыр.

Кошоматчы сарттарды

Жаркенге карп өткөрүп,

Чөө бөөрүсү марттарди

Жол бериптир алдыга

Жорткондо жолун таппаган

Жоргологон сарттарды.

 

Маддалар окуйт кыссаны,

Балаң өлгөн Жакыпбек

Жок кылып койду бейдарак

Койчу менен Ысаны.

Азамат бил уйчуну

Алып келди бадачы

Аркада жүргөн койчуну.

Кызматыны билбедиң

Кыз чырайлуу Ыйсаны.

Кытайлар сени кыйнасын.

Кыздарың калып ыйласын.

Калмактар сени кыйнасын,

Катындарың  ыйласын.

Сакалыңды тердирип,

Кашың калсын Жакыпбек.

Кашкардан келбей шо жакта

Башың калсын Жакыпбек.

Басып кеткен жериңди

Изиң калсын Жакыпбек.

Баса калып ыйлашып,

Кызың калын Жакыпбек.

Казынаңда бузулбай

Пулуң калсын Жакыпбек.

Колго түшүп байланып,

Уулуң калсын Жакыпбек.

Атканада байланып,

Атың калсын Жакыпбек.

Айым болуп отурган

Катының калсын Жакыпбек.

Аргын-аргын жүгүргөн

Чапканың калсын Жакыпбек.

Алты жыл сурап Кашкарды

Апканың калсын Жакыпбек.

Урматы улук болуучу

Имарат кылган устанын

Үйүң күйсүн Жакыпбек.

Адалы койбос Ыйсанын

Сапай, севит, фашмакты

Төрө менен бирге деп,

Үч-Турпан жактан ок жеди

Удайчы баатыр Ташбекти

Алымкулдан эр билип,

Кашкарга кеткен марттардин

Катындары тул болду.

Жеткен жери шол болду.

Көкүрөгү чак болду.

Күйүшүндө жок болду.

Кызматтары куп болду,

Кыйла азамат сап болду.

Каргыш тийген Жакыпбек

Кашкарда камап жок кылды

Кулан, Ыйса, Койчуну.

Макоо болгон Кудаяр

Маргалаңда жок кылды

Матайып менен Койчуну.

 

 

АДАМЗАТ ӨЛӨТ БИР КҮНҮ

(1.Санат-ы хасират)

 

1.Өмүрзак

 

Адырга болжоп тор түйдүм,

Совадар достон көп күйдүм.

Белеске болжоп тор түйдүм,

Бейбапаа достон көп күйдүм.

Саятка чыгып куш көрдүм,

Саррап достон көп күйдүм.

Будурмак тоодо куш көрдүм,

Мугабыр достон көп күйдүм.

 

Алалуу жылкы көп айдап,

Ийри-Суу чыга сен жайлап,

Кулалуу жылкы көп айдап,

Кытай-Сазды сен жайлап.

Көк-ала жылкы көп айдап,

Көк-Кыякты сен жайлап,

Балалуу төө көп айдап,

Баш Алайды сен жайлап,

Баш билги деген дейт элем

Балалыгы бар экен

Март уул деген дейт элем,

Маалимдиги бар экен.

 

Алайдан туруп аттанып,

Айдатып коюң базарга,

Кароолдон өткөн соң,

Кайрылыпсың мазарга.

Алтын эшик, ак күмбөз

Азиретке сен келип,

Ашыгып кете берипсиң.

Аркадан шол күн мен келип,

Кабарыңды эшитип,

Капа болдум, Өмүрзак.

Катыным менен урушуп,

Чака болдум, Өмүрзак.

 

Хан болбойт экен карадан,

Алайда туруп сен калып,

Азиретте мен калып,

Алты жыл өттү арадан

Алдакандай сен келип,

Эшениң менен тең келип,

Кетпедиң кандай бир конуп?

Капа болдум канча күн

Жүрөгүмө кир конуп.

Адамзат өлөт бир күнү,

Акырети – жай деген.

Бир достуу болчу бай деген.

Машырыктан башбагып,

Марып кетет Ай деген.

Асманда түнөйт көп жылдыз

Ай түнөсө не болот?

Жаман катын, жаш бала

Жардынын жемиш оюда.

Бай түнөсө не болот?

Ала-Тоонун башына

Ак булут басып, чаң атат,

Ак үй тиккен адамдар

Кара алачык ичинде

Кантип жатса таң атат?

 

Ай аттанып, жыл келип,

Аяшм менен бир келип,

Айтпас сага каяш деп,

Алганың мага аяш деп,

Кой оозунан чөп албас,

Коңур жакшы киши деп,

Колу чебер ишини

Арзылайт элем ар жерде.

Көрсөм дейт элем пайдаңды

Кыямат деген тар жерде.

Көрүнбөй кетип калыпсың

Көөнүм калды, Өмүрзак.

Карабай кетип калыпсың,

Кадырым калды, Өмүрзак.

Карасын көрүп адамдын

Карабас болуп калыпсың.

Жаштыгыңда март эдең,

Жарабас болуп калыпсың.

Жалдактап тура албаймын,

Жылкылуу бай элең

Жаз атайын бир барсам,

Жаман көрсөң майлига,

Жылдыз дейт Гүл маалани

Айлыгыңды тилеймин.

Жардылыгым билинбейт,

Сенин байлыгыңды тилеймин.

Суу боюнда суу талга

Төөлөрүң бойлосун.

Тайлактарың тайраңдап,

Боз талаада ойносун.

 

2.Бу дүнүйа, о дүнүйа

 

Беш күн өтөр дүнүйада

Колу менен кайырды

Бермектин жайы бу дүнүйа.

Жакшылыгын ар панда

Көрмөктүн жайы о дүнүйа.

Догу көп хам куу ыраң

Докчунун жайы бу дүнүйа.

Дозоктуу жай о дүнүйа,

Акыретте момундар

Азаптын тагын көрбөсүн.

Беш күн өтөр дүнйада

Беймаал жетип казасы

Белгилүү мырза байбача

Бекназар, Молдо Акундай

Балаанин тагын көрбөсүн.

Курук доомат жабышып,

Жалаанын тагын көрбөсүн.

Барча панда биригип,

Парваруз макшарда

Эгем казы болгондо

Эсеби болот бир пулдун.

Эсиңен кетпейт арманы,

Элиңден кеткен бир кылдын.

Өткөндөр өттү, пайда жок,

Жакыр турган, мынаке,

Боз карчыга чуктаткан,

Мойнун кайрып уктаткан.

Аманат жалган бу дүнүйө,

Ада болбос о дүнүйа.

Беш күн өтөр бу дүнүйа,

Бейиштин жайы о дүнүйа.

Жалгандын жайы бу дүнүйа,

Жайланар жайың о дүнүйа.

Мал кылар жай бу дүнүйа,

Максатка жетер о дүнүйа.

Башың кетер бу дүнүйа,

Барар жериң о дүнүйа.

Амал кылар бу дүнүйа,

Жамал көрөр о дүнүйа.

Бирөөгө бирөө зорсунуп,

Азаптын жайы бу дүнүйа,

Акыретти бербесе,

Азаптын жайы о дүнүйа.

Уурунун жайы бу дүнүйа,

Туруунун жайы о дүнүйа.

Жамандын жайы бу дүнүйа,

Жакшынын жайы о дүнүйа.

Залымдын жайы бу дүнүйа,

Аалымдын жайы о дүнүйа.

Бакылдын жайы бу дүнүйа,

Саакынын жайы о дүнүйа.

Бетпактын жайы бу дүнүйа,

Нак бактын жайы бу дүнүйа.

Өлмөктүн жайы бу дүнүйа,

Залымдын барып жазасын

Көрмөктүн жайы о дүнүйа.

 

3.Эртеги эрлер жайланды

 

Туйгун жемге тойбогон,

Тууган менен душманга

Туура сөздөн койбогон,

Мырзаибраим канакей?

Өлгүчө билбей пандабаздын

Өзбектик менен сен кеттиң,

Болжошуп жүргөн немедей,

Кыз чырайлуу кырчын жаш

Кызыл жүздүү, кара каш

Көруулу менен тең кеттиң.

Мейман болуп бир түнү.

Жерге түштүң бир түнү.

Ай аттанып, жыл кеттиң,

Акыретке бир кеттиң.

Кой оозунан чөп албас,

Коңур эдеү,Көруулу.

Абдыгафур, Каримга

Доор эдең Көруулу.

Кыз баладай ыйбалуу

Момун эдең Көруулу.

 

Аввалыдан мен айтсам,

Орозбай бийдин баласы,

Шермухаммат бий бабасы,

Биринчи мырза бабасы,

Пират бий эде атасы.

Буларга тийген азалдан

Азирети Кызыр патасы.

Кыпчактын баары кырылып,

Кыз, катыны кыр кеткен.

Пират байды сурасаң

Кыпчакты чаап келем деп,

Моюн сөз эде экөбү

Молдоташ менен бир кеткен.

Шондой эрдин баласы

Кыз чырайлуу Көруулу

Мен билемин баариңди,

Муңдатып кеттиң Каримди.

Куп билемин баариңди,

Кунава кыллың каримди.

Жакшы билем баариңди,

Жалгыз кылып сен кеттиң,

Жан күйөөр агаң Каримди.

Кыпчакка кыргын келээрде,

Кыз чырайлуу Пират бай

Кызыл беттен нур кеткен.

Ташмуракор Моллоташ

Кырк үстүндө кырчын жаш

Кылданып үчөө бир кеткен.

Ак-Суу бою тамандан

Довлору кетип ичиден

Давлатиге зил кеткен.

Ак жолборстой марттардин

Жамалынан нур кеткен.

Жакшылар шондо бир кеткен.

Адамзат үзүлбөй

Акыреттин карвани

Караңгы гөрдө соо калбайт

Ар канча кылса арманы.

Лахиддин курту тиштесе,

“Киш!” дээрге кана дармани?

Эртеги эрлер эскирди…

 

4.Армандын тагын көрбөсүн

 

… кылсын кызматын,

Үр кыздар болсун үлпати.

Ашың өттү күз башы,

Акыреттик дос эдиң

Күмүрөн болсун жүз башы

Беш жүз койду айдатып,

Бирөөнү кудай бай кылды.

Казасы жетип бирөөнү

Кара жерге жай кылды.

Кара чачын жайдырып,

Алганыны зар кылдың.

Бейбапаа беш күн дүйнөдө

Бейтуяк өткөн көп экен.

Парзант тилеп эч панда

Армандын тагын көрбөсүн.

Бул аманат дүнүйада

Бирөө жүрөт зор болуп,

Бирөө жүрөт кор болуп.

Жетелетип аса алып,

Бирөө жүрөт көр болуп.

Бирөөгө бирөө эс болуп,

Бирөө макоо-пес болуп,

Алланын тагын көрбөсүн.

Баарыдан жетим баламат

Баланын тагын көрбөсүн.

Камчыбек деп канжутуп,

Курманжан датка бу болду,

Балаанин тагын көрбөсүн.

Алымбек датка балдары

Атасынан зор болду.

Албарс каапыр оруска

Акыры жүрүп кор болду…

 

 

АШЫРБЕК ЧЫКТЫ КАЗАТКА

(II Санат-ы хасрат)

 

Аширбектей бек чыкты,

Кызыл жейрен ат минип,

Кыл куйругун чарт түйүп.

Алды-кийнин карабай,

Аширбек чыкты казатка.

Эки жыл жүрдү сурагы.

Адалат төрө Аширбек

Эки жылдын ичинде

Уруш кылды аралаш.

Каапырга кирди жарашып.

Он беш күн өттү арадан

Дүйшөмбү күнү болгондо

Оолума кирди аралап,

Сагат сегиз болгондо

Каапырлар кирди аралап…

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

.

 

 

 

                                      Э  К  И  Н  Ч  И

 

                                  К  О  Л  К  И  Т  Е  П

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖАН  ЭГЕМ  ӨЗҮ  ЖАРАТКАН

(II Санаттар)

 

1.Бейнасип кылба, Кудайым!

 

Атка минип желмек жок,

Кайтып үйгө келмек жок.

Ар кандай сөздү демек жок,

Ичип, кийип, жемек жок.

Кабаттап тон киймек жок,

Катын-бала сүймөк жок.

Кадырлуу азиз бу башың

Кара жерге коюлар,

Эти, териң союлар.

Турпак толор көзүңө,

Эки көзүң оюлар.

Турпа күн түшөр өзүңө,

Кара түн түшөр башыңа.

Карындаш келбес кашыңа,

Каттык күн түшөр башыңа.

Эгемдин келип касылы

Эгиз боюң пас кылар.

Этиңди куртка аш кылар.

Желкеңден башың үзүлүп,

Жер тагида таш кылар.

Жаның тандан үзүлөр,

Жаккан отуң бир өчөр.

Жайланбай жаның кыйналса,

Адамзат, алың не кечер?

 

Ай гариб-и бейнава,

Мүшкүл мариз бейдава.

Падышах-и хакийкый

Саңга берди бейнава.

Давасыз дартди шакикый

Акыреттин азабидин

Көнгүллари кирдур.

Жараткан ул бегана

Кудайым бир у бар

Кудрат блан

Эки дүнйа айлади.

Ауал Адам атаны

Бинаа айлади

Себепкери Азазил

Сагыр, кабир бандалар

Күнах айлади.

Кадыр Эгам ажап

Кудраттадур

Бу ааламнын зыйнати

Арзу самадур

Дарахларни зыйнати

Самар айлади.

Асманни зыйнати

Камар айлади.

Бирөвнүн белига тилла

Камар айлади.

Бирөө сыхат, бирөвнү

Беймар айлади.

Бирөвнүн колуга

Катим айлади.

Бирөө наамарт, бирөвни

Хатам айлади.

Бирөвнин дилбар сохта

Ада айлади.

Бирөвни шах, бирөвни

Гадаа айлади.

Бирөвни жаридин

Жудаа айлади.

Бирөв жанын бирөвгө

Фаза айлади.

Бирөвгө ладунни

Илимни берди.

Бирөвгө бирөдин

Зулумны берди.

Бирөвга ийш, ила

Ишааратны берди.

Бирөвга даимий

Күлфатни берди.

Бирөв ганий башига

Давлаттни берди.

Бирөв тескин болсо хам

Химматни берди.

Бирөвга даимий

Мехнатни берди.

Бирөв амо даимий

Зулматни берди.

Бирөвга бирөвдин

Күлфатни берди.

Бирөв ганий башыга

Азаны берди.

Биөвнин өмүрүга

Казаны берди.

Биөвни аалимий, бирөвни залым

Бирөвни өкүмү зор кылды.

Бир нечани аңга кор кылды.

Бирөвнин башыга гооганы берди.

Бирөвга түганмас

Якдилни берди.

Бирөвга парвона

Давлатни берди.

Бирөвга давасыз

Мехнатни берди.

Бирөвга шадманлык

Рахатны берди.

Бирөвнин көзига

Уйкуну берди.

Биөвнин оозуга

Күлкүнү берди.

Залымлардын бирөвга

Күлфатни берди.

Бирөвга мунис-и хал

Үлфатни берди.

Өзү кадыр кылур

Жоктон бинаани

 

Марифат айласа

Кечар күнахни.

Өзү билур даана

Жок-барыны.

Афу айласа эрки бар

Кечар күнахни.

Хисабин хуп билур ки

Дүнйа  баарини.

Асан кылсын илахим

Момун каарини.

 

Ай гариби бейнава

Мүшкүл, мариз бейдава

Рахим айласа,

Кечар күнахин

Рахым айласа, рахаттасан.

Кахар айласа мехнаттасан.

Карып башың казаптасан.

Акыреттин азабыдасан

Жайың болсо жаннаттасан,

Хурлар билла хурматтасан.

Хауз-и кавсар, шарбаттасан.

Дидар көрүп давлаттасан.

Ашыгларга кошулуп,

Арш үстүндасан.

Макомдасан

Йасындемин сраттасан.

Гаввасы даин парандасан

Махшар күнү рахаттасан.

Ай жарандарлар, буродарлар,

Адам улмай калганы йок.

Бул дүнйага шам жагылганы жок.

Кушум жоктур жалганга

Жалганды айтып залымдар

Киши малын алганга

Тезвир салса айтканга.

Тообасыз өмүрү өтканга.

Ауалыдан мен айтсам

Жан Эгем өзүдүр жараткан.

 

2.Жаратты

 

Он сегиз миң ааламды

Асманда Азиз жаратты.

Арши, күрс, лауху каламды

Азиз сафи жаратты.

Ауал Адам атаны

Сабап болуп Азазил

Билип туруп өлүмдү

Пандалар кылат катаны.

Үмүт кылат шунча ки

Кудайымдын бир аты

Гапар деп кылар атааны.

Панданин иши хатарлик.

Акыйкат падыша – Кудайым

Кылар бекен саттарлик.

Арзанча болсо күнахи

Азап кылат Кудайым

Марифат кылса эрки бар.

Азат кылат Кудайым.

 

Паитакта отурган

Падышаны алат бир күнү.

Өкүмү кетип колунан

Башындагы бөркүнү

Падышалардын падышасы

Жан Эгемдин бир аты –

Жапар деп үмүт кылабыз.

Катарлуу пенде күнөөкөр

Гапар деп үмүт кылабыз.

Акыйкат мерез касалга

Табып деп үмүт кылабыз.

Өз нурунан берип,

Ата уулуну Мухаммат

Хабиб деп үмүт кылабыз.

 

Масала билген молдолор

Макүрү дейт күманди.

Жазыктуу панда күнакар

Жан Эгем берсин ыйманды.

Бөз кылат касип нандани,

Шайтан жолдон чыгарат,

Кам сүт эмген пандани.

Пайгамбарым үммат деп,

Дасхар болсун махшарда

Аси, жафи, гумрахни

Кыяматтын хауфи ким

Ыманы жолдош Хамрахни.

 

Касипдар токуйт парчани,

Каапырлар коруйт арчаны.

Агалык дейт өзбектер

Мачай чалыш галчаны.

 

Атка салат шалчаны,

Бөзчүлөр салат найчаны

Йомул жаза махшарда

Жаннати кылып жайини,

Жалакасын барчани.

Азабы каттык дозоктон

Аман кылсын Кудайым,

Ара жолдо таштабай

Аси, жафи барчани.

 

Эл ичинде жок эмес,

Эминдерди жаратты.

Мойну салык бечара

Момундарды жаратты.

Түрдүү немат пандага

Лазиздарди жаратты.

Ар бир шаарда жок эмес,

Азиздарди жаратты.

Ач мискиндер ток эмес

Факырларды жаратты.

Жарыбай өтөт өмүрү

Жакырларды жаратты.

Адамга сырын айтпаган

Мыкырларды жаратты.

Азиздарга кол берип,

Дахилдарди жаратты.

Макоо болсун акыры

Бакылдарды жаратты.

Нысап кетти сүткорлор

Каапырларды жаратты.

Мусулман журтка бек болуп,

Каапырларды жаратты.

 

Каапырды Кудай зор кылып,

Мусулманды кор кылып,

Умар атын Бор кылып,

Бор үстүндө сыр кылды.

Мусулман көөнүн кир кылып,

Ою менен иш кылып,

Орусту Кудай жаратты.

Ар бир шаарда жок эмес,

Ач калгандар ток эмес,

Азиздарди жаратты.

 

Жан-жаныбар тукумдап,

Жазды кудай жаратты.

Жаңы өспүрүм уланга

Бели тутам, беш көкүл

Назды Кудай жаратты.

Кара калем, ак кагаз

Катты Кудай жаратты.

Хандардын ишин бүткөрүп,

Кабардын казры өкүмдар

Жандардын ишин бүткөрүп,

Адамдын учар канаты

Атты Кудай жаратты.

Самовардан чыкпаган

Сартты Кудай жаратты.

Майданга чапса баш берген,

Мартти Кудай жаратты.

Пандасинин башына

Дартти кудай жаратты.

 

Бирөө балант, бирөө пас

Бойду кудай жаратты.

Жаннаттасан асили

Койду Кудай жаратты.

 

Бирөө момун түз жолдо

Турууну кудай жаратты.

Миң тили бар макүрүк

Ууруну кудай жаратты.

 

3.Берип коюптур

 

Акылы жок бирөөгө

Бойду берип коюптур.

Бирөө жарды, бирөөгө

Койду берип коюптур.

 

Бирөө схат, бирөөгө

Касалди берип коюптур.

Бирөө таппайт кайнак суу

Канты, набат бирөөгө

Асалди берип коюптур.

 

Жетинбейт бирөө бир пулга,

Дүнүйани бир кылга…

Бирөө кылат кызматты,

Карал түшүп бир жылгы.

Тегирменге таш кесип,

Бирөө дайым матиндар.

Ата жүзүн көрбөстөн,

Эне сүткө тойбостон,

Какшап калат жетимдер.

 

Бирөө дайым жол кезип,

Баласын бирөө бага албайт.

Бирөө тилейт Кудайдан

Зар болуп кызыл тырнакка,

Бирөө жүрүп тоолордо,

Кар басса көзү карыгат.

Бир нече мискин карыптар

Бир пул таппай зарыгат.

Көргөн билет шунча-ки

Дүнүйанин каарыны.

Эгем билет эсебин,

Эки дүнйа баарини.

 

Илимдар кылып бирөөгө

Калды берип коюптур.

Түн тербеткен эшенге

Халды берип коюптур.

 

Күмүш соккон устага

Калайды берип коюптур.

Сомдуу келген бетпакка

Баласыны көтөртүп,

Малайды бетип коюптур.

Жылкысын айдап жаз болсо

Жыргал менен байларга

Алайды берип коюптур.

 

Азирети Кожолор

Аламан куштай энтелеп,

Назирди берип коюптур.

Ширваздын гөшү бал кымыз

Кудай берген байларга

Өзүрдү берип коюптур.

 

Сарайдагы байларга

Сандыкка кагаз толтуруп,

Пулду берип коюптур.

Түндө тынбай сайраган,

Тили ширин булбулга

Гүлдү берип коюптур.

Параизкан молдого

Катты берип коюптур.

Чабандас убактын чак кылып,

Оозуп кетсе дак кылып,

Канаттуу куштай ойнотуп,

Атты берип коюптур.

Бирөөгө Кудай давасыз

Дартти берип коюптур.

 

Базарда мата баалуу

Отуз эки таамди

Ширин кылат шахитти

Тузду берип коюптур.

Мойлоосуз боз жигитке

Кызды берип коюптур.

 

Чытпуруш кылып бирөөнү.

Кыямат харид стамбул

Касани берип коюптур.

Бирөөнү кудай көр кылып,

Жетелетип колуна

Асаны берип коюптур.

Канты, набат бирөөгө

Асалди берип коюптур.

Башы Анжиан, Маргалаң,

Шербети суудай Наманган

Сарайдагы байларга

Жайды берип коюптур.

Самоварга кызытып,

Сары чөөгүн, ак чайнек

Чайды берип коюптур.

 

Шаардын эли азада

Саратанда салкындап,

Тамды берип коюптур.

Түрктүн малы кыштарга

Кумду берип коюптур.

Кутуруп жаткан бетпакка

Сомду берип коюптур.

Үч-Коргондун үстүндө

Уйгур менен буйгага

Аустан менен карауул

Пумду берип коюптур.

 

4.Көп көрдүм

Жаңы өспүрүм жаштыкта,

Балачылык-мастыкта,

Баары журтту аралап,

Жакшыларды көп көрдүм.

Башы Токмок, Чүй, Талас,

Кетмен-Төбө, Суусамыр,

Алай менен Анжиан,

Азизи көп Наманган,

Паитактуу Маргалаң

Жакшыларды көп көрдүм.

 

Ак арпа ташын тербедим,

Ат багып күндө бербедим,

Алай журттун султаны

Азимдай мартти көрбөдүм.

Миң башылар ичинде

Биринчи султан Молдо Азим

Мындай мартти көрбөдүм.

Алты-Арыкка сен барсаң,

Абдыкахар миң башы

Риштанга сен барсаң,

Каландардин баласы

Шакирдай мартти көрбөдүм.

 

Карвннин журту бей арман

Баламатка жолугуп,

Бакирдай мартти көрбөдүм.

Кызгалдак журту гүлбахар

Гүлдүүдө ондой көрбөдүм.

Баламатка жолугуп,

Маматали, Атабек

Баары-жогу кат болуп

Пулдууну ондой көрбөдүм.

Орустун эли кайыр дин

Баштууда ондой көрбөдүм.

Кылганы баары куп болуп,

Кыйла адам бирге сап болуп,

Миң-Төбөдө экинчи

Ашууда ондой көрбөдүм.

Терип айтсам ар жерде

Тамашада Ак эшен

Сакыйда мындай көрбөдүм.

Азирети мамажан

Бакыйда мындай көрбөдүм.

Тили заар, дили азар

Хаёндо мындай көрбөдүм.

Хаёнго берип пулуну

Ашырып алат айткандан

Арамда мындай көрбөдүм.

Ичи мариз, акабир

Итти мындай көрбөдүм.

Азазилдай такабир

Хар жерде мындай көрбөдүм.

Азиретим Төрө

Тар жерде мындай көрбөдүм.

 

Кепти сүйлөйт тап койбой,

Окунуп калган шекилди.

Орустун жалап көтүнү

Чокунуп калган шекилди.

Тилмарсип сүйлөп халватта

Тили менен курусун.

Арамды билбей алал деп,

Пулу менен курусун.

Шатырама Ибилис

Шайтанда мындай көрбөдүм.

Акишинин бир пейли

Үйгө барган мейманга

Кызмат кылат жүгүрүп.

Ыкыласта мындай көрбөдүм.

Миң башылар ичинде

Онуң дагы бизанжар

Ыпласта мындай көрбөдүм.

 

Түрмөгө барып тургандар

Адам болду мазарда

Ажынын пулун ургандар.

Ак-Суу бою найманда

Мырзаибраим көзү өттү

Төрөдө ондой көрбөдүм.

Кылган ишин билдирбей,

Ашир баатыр Сур-Ташта

Ууруда мындай көрбөдүм.

Улуу жолдо жай болду,

Ууруну таштап бай болду.

Эл ичинде түзүк бий,

Эгемберди өзүң бий

Аярды мындай көрбөдүм.

Иша амин барк некирде

Шайырда мындай көрбөдүм.

Сагымбай стан мазарда

Чеченди мындай көрбөдүм.

Каңдыларда Моллохал

Печенди ондой көрбөдүм.

Мырзакулдун көзү өттү

Өзөктө ондой көрбөдүм.

Бир желмогуз дагы бар

Бузукта ондой көрбөдүм.

 

Айтып өттүм илгери

Шайыр менен кайырды.

Алайдан келип асылып,

Азим датка не кылды.

Ант уруп кетти шекилди

Субанкул менен Тайырды.

Зор кылып койду Кудайым,

Дини башка кайырды.

 

Ичкилик журттун баарысы

Кор болду жашы, карысы.

Ишти кылып койгонсуп,

Экинчи жинди жоголду.

Балдары баштап ала албай,

Мазарга басып бара албай.

Кардыны жаппас пул берип.

Касым жинди жоголду.

 

Ай гариби бейнава.

Мүшкүл, мариз бейдава,

Дава жоктур дардиңа.

Кудаа этсин дадиңга.

Маркум болур марзиңга

Магар тийса арзиңга.

Пандалик максул болмаса.

Машкүл болор өзүңга

Өмүрүң өтүп билбедиң,

Салихтарча жүрбөдүң.

Нечүк илаж этарсан

 

Жакшы амал кылбадың.

Такыва тават билбедиң,

Харгиз тофик этпедиң

Таот бирлан кетпедиң

Муну дедиң бейнава,

Муратыңа жетпедиң.

 

 

КУДАЙ  ПЕНДЕМ  ДЕБЕСЕ

(Х1 Санат дигараст)

 

Рахбар болгон дүнүйада

Пир мааниси немине?

Азыр айтар санаттын

Ыр мааниси немине?

Алыска учар канаттын

Ат мааниси немине?

Масала-маани Куран

Кат мааниси немине?

Алал менен арам дейт

Парк мааниси кайсыдыр?

Санат калган кадымдан,

Нарк мааниси немине?

Дилде болот купуя

Сыр мааниси немине?

 

Даш казанга кайнап көр,

Толуп-ташып жайнап көр,

Кыргызда болот ураан,

Масала-маани куран,

Башкасы баары жүзят.

Сазга жылкы топтогон,

Менин айткан сөздөрүм

Жүзятка окшогон.

 

Гүл бахардан тилесе

Айтып көр Адам баласы,

Билсең ырдын маанисин.

Бир жерде жоктур чаласы.

Бетпактын тиет балааси.

Казандын жугат карасы,

Кардында кызыл чок болот,

Казынын жеген парасы.

 

Азиз кылган пандаси

Адептүү болот жашынан.

Доору келген панданин

Дөөлөтү кетпейт башынан.

 

Дөөлөт кетсе аш кетет,

Ажал жетсе баш кетет.

Насибаси үзүлсө

Тактан тайып хан кетет.

Аргымактан жал кетет.

Адамзат бирдей турабы

Айдап жүргөн мал кетет.

Азирейил алганда,

Аршка карап жан кетет.

Кыяматтын эшиги –

Гөрүстөн карап тан кетет.

 

Карлуу күндү сонор деп,

Адырга чыкса мүнүшкөр

Арымдай басып из кетет.

Уул, кыз үйдүн урматы

Келген панда көрбөөчү

Келин келет, кыз кетет.

Токсон чыкса, тоң кетет,

Тоңуп жаткан муз кетет.

Асманда жүргөн паранда

Ысык-Көл жайлап жаз болсо,

Индустан карап күз кетет.

 

Машырыктан башбагып,

Магрып карап Ай кетет.

Алалуу жылкы айдатып,

Алайга карап бай кетет.

 

Дүнүйөнүн бурчуна

Соодегер болуп сарт кет.

Өлүмдү алып мойнуна

Чымынча жанын каркыта

Мекеге карап март кетет.

Узун болсо өмүрү

Беш күн мейман, дарт кетет.

Конолуу катта тойлордо

Колтугуну керилтип,

Эликтей көзүн элиртип,

Эл көңүлүн жылытып,

Кыздай жалын өрдүрүп,

Айдаса алыс ат кетет.

Өтө кызыл бат кетет,

Саилгак дейт дүнүйада

Самаркан карап сарт кетет.

 

Таң жарыса,түн кетет,

Оонардан нары күн кетет.

Кара тоонун боорунда

Кара теке ойночу

Кандуу ок тийсе кан кетет.

Азирейил алганда

Аршка карап жан кетет.

Гөрүстөн карап тан кетет.

Мардана бол карып баш,

Паришта кирет суракка.

Асан кылса Кудайым,

Арытар баштан туманын.

Атаа кылар ыманын.

Ар пандани илаим

Кабыл кылып амалин

Насип кылсын жамалын.

 

Азирети илим манзили

Хаузи каусар шербетте,

Азали тагдыр албатта,

Аси, жафи, гумрахни

Жалакасын жан Эгем

Жайини кылып жаннатта.

Ай гариби бейнава

Мүшкүл, мариз, бейдаба.

Ай гариби бадкирдар,

Муну демак не даркар.

 

Шайтан мойнун сындырып,

Качан көңүл тындырып,

Илими жок бир мынча

Шаирлигин билдирип,

Таатың жок бирийа

Өлүп барсаң бир күнү

Таниң жарыбас күн-түнү.

Карып башың шоруйа.

Заириңда пандасан,

Батиңда гандасан

Таппадың ал бахрини

Кылбасын Кудаа каарын,

Салбасын марлар заарын.

Бардырса бир күн лахатка,

Пандалик кылбай ахатка

Ада болуп мудатиң

Келер болсо Азреил

Койбос сени саатка.

Пандам десин жумлани

Падышакий хакикий

Аазабын салбасын.

Дабасыз дарди шакикый

Ай гариби бейнава

Бирдигине Кудаанын

Ыкрарың бар тилиңде.

Садакаң бирла ыклас

Ысмы затың көп кылып,

Каны сенин дилиңде.

Ай алыңа баксын

Кудаа бирө, Мукаммат бар хак

Ай куда-и баккарам

Ман панда-и бажарам

Эшит бидин арзани.

Качан бежа келтирдиң

Кадыр эгам парзини.

Өмүрүң өтүп таппадың

Азиздардин субханын.

Качан бежо келтирдуң

Пайгамбарым сүннатин

Дайым тилаб накабыл

Мунафыклар үлфатин.

Талап кылың көп тынбай

Иттин казип жибини

Акыйкат машкар базары

Көрарсан барып күлфатин

Марданмати бурия

Өлүп барсаң бир күнү

Саттарлигин кылмас

Карып панда шурийа

Ай магфират күнүндө

Азаткыл жүмла пандани.

Барча макулук ичинде

Мен карып шармандани

Өзгөнү кой, өзүңдү бил

Өлүм жакын, жарагын кыл

Дилиңди Кудай ачпаса,

Мойнуңдан шайтан качпаса.

Пирлар назар этмаса

Мискин карып дилиңдин

Хырс-ы хоа кетмаса

Ара жолдо каласын.

Эт напсиңди айгарип

Кайтып… салурсан

Гафлатта дайым жатарсын

Карван кетти кетарсан

Сен хам бир күн өтарсан.

Кудаа пандам дебесе,

Мискин карып нетерсин.

 

 

ЖАКШЫ  КАТЫН  ЖАМН КАТЫН

(II Санат-ы дигар)

 

Эси бүтүн адамдар

Эси менен пул кылат.

Эшик тышын жол кылат.

Эшигине кул кылат.

Короосуна кой кылат.

Коноктоп той клат.

Кайыр жолун казгандар
Уул, кызын урматтап,

Кегеннин камыны кеңеш кылат.

Итаягын мис кылат.

Ыкыбалдуу эрлерге

Кыз жакшысын туш кылат.

Сарайдай тутуп үйүнү

Салганыны куш кылат.

Баштыгыны тор кылат,

Базардай үйүн гүл кылат.

Туу калган бээни сойдуруп,

Туздатып кышта сүр кылат.

 

Жаман катын

 

Жаман катын жолукса,

Жакшы эрини кул кылат.

Аш кылса үстүн кыл кылат.

Алган эрин сил кылат.

Арам, адал аш кылып,

Ичкендин көңүлүн кир кылат.

 

Чайкап койбойт шунча-ки

Казан-аяк, табагын.

Болор-болбос кеп болсо,

Салган болуп кабагын,

Оромолун кайырып,

Ачып алат уялбай

Кир басып калган тамагын.

 

Бир айда башын жуугансып,

Жаман катын курусун,

Баласына бакырып,

Урган болот көтөрүп,

Көөнү менен туугансып,

Качан көңүл тындырат.

 

Казанына катырып,

Катырма кылса сындырат.

Нары-бери коймолоп,

Уйкусун бузуп чочутуп,

Уктап калса эринин

Чурайыны сыймалап,

Жаман катын курусун.

Аптада жуубайт башыны

Аруулап кылбайт ашыны.

Адамдын жаман келтирет

Арылдап сүйлөп газыны.

Көйнөктөрү самтырап,

Асып коюп казанын,

Айылга кетет сентиреп.

Көрсөң көөнүң кир кылат.

Ондой жаман палитти

Он күнгөче тим жүрүп,

Өлөрдөн зорго бир клат.

Кылса өзүгө эп болчу,

Кышлакы бейтартип,

Сартта шундай көп болчу.

 

Жаман катын курусун

Кылган ашы бозодой,

Далылары жастыктай,

Эмчектери баштыктай,

Жарылган буту амачтай,

Эки бети камачтай.

Эч иш келбей колунан

Эрки сүйбөйт корсоюп,

Бир кыл, бир кыл катындар

Белин байлайт үстүнөн,

Покчодой көтү торсоюп,

Көзү өлүңкү, көр кабак,

Күңкүлдөмө күң тамак,

Түртмө түндөр, өймө жүк,

Сырты сулуу, бей акыл,

Жыйып койбойт жүгүнү.

 

Туткан үйү тополоң,

Ар жерде жатчу чачылып,

Тил сүйлөсө балаадай,

Тырмаса көтү ачылып,

Жаман катын курусун

Жарытып сра иш кылбайт.

Жазда кылар ишини

Эч болбосо кыш кылбайт.

Эринин көөнүн куш кылбайт.

 

Жатып уктайт жаз болсо,

Эгемден анын тилеги:

Эринин малы аз болсо,

Айылдан бири келбесе

Айран сурап жаз болсо,

Жаман катын курусун

Жатып уктап алса экен,

Жамбашы сынып калса экен.

Эки колу күнч болсо,

Иш кылбай өзү тынч болсо,

Айыбы жок өүнө

Ар кандай сөздү деп койсо.

Эринин иши болбосо.

Алты нанды жеп койсо.

 

Шондо-шондо деп коем,

Шору курсун шолордун

Алчаңдап жүрсө аянбай,

Азамат ушул деп коем.

Санаттагы сөздү айтсам,

Сары жашын катындын

Эки көзү көк болсо,

Эринин иши жок болсо,

Азилкаш бойдок бар болсо,

Ажап эмес гар болсо,

Жазда конор конушу

Карагандуу чөп болсо,

Катылар бойдок көп болсо,

Көзү көк, сары катындын

Көөнүндөгү иш болот,

Көңүлдөшү туш болот,

Көөнү шондо куш болот.

 

Жакшы катын

 

Катындын хал-хал жакшысы

Беш убак намаз окуучу.

Беш күндө шалча токуучу.

Намахрам багар көзү жок,

Наширдек сөзү жок.

Сыпатыны кылабыз.

Андай катын өзү жок,

Жаман кыял пейли жок.

Арам ишке майли жок

 

Андай катын жолукса,

Алган марттин ыквалы

Аябай берип ашыны,

Азиз кылат ар жерге

Алганынын башыны.

 

Алган эри март болсо,

Түрлөп-түрлөп жибекти,

Түймөлүү топчу ажары

Кара токум, ак тердик

Жалпочу жакшы өрүмү

Жасап коет атыны.

 

Укурук бойлуу, узун чач

Уландар күйүп өлгүдөй,

Боларман чыккан марттардин

Бойдоктор күйүп өлгүдөй

Бото көз болсун алганы.

Ак шумкар болсун салганы,

Ай жамал болсун алганы.

Катардагы марттардин

Кара көз болсун алганы.

Кара-боз болсун чапканы,

Кайырга кетсин тапканы.

Тору-ала болсун мингени,

Тойго кетсин жыйганы.

Машрук болсун кийгени

Мечитке пулун сарп кылып,

Мекеге кетсин жыйганы.

.Ыйман тапсын өлгөнү,

Мейман болсун келгени.

Давлат болсун көргөнү,

Бойрийа болсун бергени.

 

Ай гариби бейнава,

Мүшкүл, мариз, бей дава.

Бей тартип сөзүн көп айтып,

Ар жерге кылдың сен шийа.

Ар надириң өзүңсүң

Көптөр күнах көзүңсүн.

Нахасулдур сөзүңсүң.

Адат болуп өзүңө

Ар ким күлөр сөзүңө.

Билбейм кандай иш болор,

Бир нечелер куш болор.

Сүйөрсүн адам кушуну,

Өзү билер Жараткан

Акыреттин ишини.

Көңүл аламак бардык иштен зыяда,

Анын алдында шадлар пияда.

Акыбетиң на халдур,

Тарки адат мукалдур.

Тоодой агар күнахиң

Пендем десе сехилдур

Асылардын дардина

Табибиңни урматы.

Жумла момун рахбари

Хабибиңни урматы.

 

 

КӨРДҮМ  ЖҮРҮП  ДАЛАЙДЫ

(III Санат дигар)

 

Чайнаган билет оозуда

Аччык чучук мазасин.

Арамды билбей жегендер

Өлгөндө көрөр жазасын.

 

Үчү-төртү биригип,

Үйүй күйсүн бузуктун.

Эшигиден туташып,

Төрү күйсүн бузуктун.

Түтүнү чыгып өлгөндө

Гөрү күйсүн бузуктун.

 

Парандани жеткирет,

Алыска учуп канаты.

Айта берсе түгөнбөйт,

Айтып жүргөн адатты.

Айтып-айтып ар жерде

Адат болуп калыптыр,

Жакшыларды көп айтып,

Санат болуп калыптыр.

 

Катындар каалайт манатты,

Катка салдым санатты.

Кыз каалайт кызыл жибекти,

Кымыздуу жер болгондо

Кызытам көп жүрөктү.

 

Көрдүм жүрүп далайды,

Кара-Тегин, Алайды,

Кашкар менен Кабакты,

Көп көрдүм эшен, калпаны,

Ат-Башы менен Арпаны.

 

Миң жылкылуу байлардын

Мингемин жакшы жоргосун.

Кашкарга кирип көргөмүн

Калмактын койгон доргосун.

 

Суу жорго минип жүргөмүн,

Муусамыр деген жерлерде,

Сарала жылкы айдаган

Сарбагыш менен саякта.

Көрүп келдим бир чакта,

Энди бармак каякта.

 

Ай гариби бейнава,

Мүшкүл, мариз, бей дава.

Башыңда көп коогалараң бар,

Акыреттин базарында.

Бейбезат бейнава

Башыңда көп соодаларың бар.

Эгар Куда болмаса сага мадаткар

Сүйгөнүн алалбас боласыз каридар.

 

 

К Ү Й Ө М Ү Н

(IV Санат-ы дигар)

 

1.Көргөмүн

 

Балачылык – мастыкта,

Жаңы өспүрүм жаштыкта.

Барбаган жерим калбады.

Аркада жакшы марттардин

Албаган жерим калбады.

Көздүн нуру барында.

Көрбөгөн жерим калбады.

Берешендүү марттардин

Бербеген жери калбады.

Белгилүү жерге мен барып,

Атамтайдай марттардан

Албаган жерим калбады.

 

Арка журттун баарисин

Сардарыны көргөмүн.

Атантай менен Тайлактын

Балдарыны көргөмүн.

Ырыскым шондой чачылып,

Рыскулбек, Акылбек,

Талканбай бийди көргөмүн.

Качыбек бийдин баласы

Эралини көргөмүн.

Рыскулбектин агасы

Шералини көргөмүн.

 

Эсиз марттар чыт түшкөн,

Түндүгүнөн үт түшкөн.

Короосуга кут түшкөн.

Койлору терип жеп койгон.

 

Уландары байбача

Кыздары сулуу, кара көз,

Байлыгы таин, ширин сөз,

Багышбек байды көргөмүн.

 

Басып кеткен изини,

Айканыш деген кызыны,

Ойноп-күлүп түнүнү

Өмүрзак көргөн күнүнү

Ол Аширди көргөмүн.

Оннон катта дагы айтсам,

Зор Аширди көргөмүн.

 

Хандардан улук Качыбектей

Карымшак бийди көргөмүн.

Бешкемпир менен Багышта

Сарымсак бийди көргөмүн.

Жумай баатыр небереси

Чолпонбайды көргөмүн.

Төрөкелди иниси

Бектенбайды көргөмүн.

Төлөгөндүн Кангелди

Чарки менен Осмоннун

Дыйканбайын көргөмүн.

 

Арка журттун ичинде

Абдандарды көргөмүн.

Жантай баатыр баласы

Шабдандарды көргөмүн.

 

Ат-Башынын чет-түбү

Арпасыны көргөмүн.

Айбаты улук Кытайдын

Шарпасыны көргөмүн.

 

Кашкардын үстү – Гүл бакта

Ордосуну көргөмүн.

Кытайдын койгон ордого

Доргосуну көргөмүн.

 

Ашуусу кыйын тоолордун

Күлфатини көргөмүн.

Нарын-Суу өткөн Курткада

Алымбек менен Койчунун

Үлфатини көргөмүн.

Улуулардын ар жерде

Урматыны көргөмүн.

Уламалар азизин

Кызматыны кылгамын.

Жанына канча сүт кылат

Жакшылардын дубасын

Жаштыкта көп алгамын.

 

2.Орус келип зор болду

 

Акыреттин адамзат

Карванини айтамын.

Албарстары зор болуп,

Азаматтар кор болуп,

Арманыны айтамын.

Тоолордогу арчанын

Жетилгенин айтамын.

Сабап болуп Экинчи

Каапырдын зулуму бу журтка

Өтүлгөнүн айтамын.

Баламаттын эшигин

Ачканыны айтамын.

“Орус келет”-деп койсо,

Олтура албай адамдар

Качканыны айтамын.

 

Экинчи калпа жөн жүрбөй,

Шор кылганын айтамын.

Мусулманды каапырга

Кор кылганын айтамын.

Караваннин журтуга

Баш кылганын айтамын.

Баламатты башыга

Салганыны айтамын.

 

Экинчи калпа жөн жүрбөй

Жыйын кылды дешедир.

Дүйүм журттун баарына

Дайын кылды дешедир.

 

Анжиянда көп адам

Абак болду дешедир.

Асылып кетип бир айылы

Чабак болду дешедир.

Кейишке калып амал жок,

Каапырга каттык шамал жок,

Каапырды Кудай зор кылып,

Аяк асты мусулман

Басылганга күйөмүн.

Сатыпалды, Мырзалар

Асылганга күйөмүн

 

Коло темир, коргошун

Ок болгонго күйөмүн.

Зиябүдүн Максымдар

Жок болгонго күйөмүн.

 

Фанага качкан бечара

Факырларга күйөмүн.

Март уул эде Карванда,

Балалары арманда

Бакырларга күйөмүн.

Бей күүнөө бир кыл башына

Док болгонго күйөмүн.

Мамытаалы байбача,

Байлыгы таин Атабек

Жок болгонго күйөмүн.

 

Өмүрбек журту атылып,

Кырылганга күйөмүн.

Бейпилдин журту абакка

Жыйылганга күйөмүн.

 

Каапырдын зулуму бу журтка

Өткөнүгө күйөмүн.

Ашир наип бей күнөө

Сибир жолу Сибирге

Кеткениге күйөмүн.

 

Үрүстөмбекти бей күнөө

Өлтүргөнгө күйөмүн.

Ыраакка кеткен баш алып,

Раиске салдырып,

Идайаткан төрөнү

Келтиргенге күйөмүн.

 

Колго түшүп качкандар

Келип калды дешедир.

Экинчини асылып,

Өлүп калды дешедир.

Өлгөн жок деп бир кылдар

Жолго түштү дешедир.
Колудан эч иш келбей,

Колго түштү дешедир.

 

Катта-кичик каң болду,

Мусурман халы таң болду.

Кыйматчылык бир жактан

Кыйын болду замана.

 

Отуз жылга жакындап,

Орус келип зор болду.

Оң, солдун баары кор болду.

 

Саал күндө кыш түшөт,

Мусулмандар башыга

Муңайтып кандай иш түшөт?

Азап кылса, момундар

Караңгы башка түн түшөт.

Кедей болсоң пул түшөт.

Кудайым асан кылбаса,

Кутулбаган кун түшөт.

 

Желмогуздар кошулуп,

Жетим уул, тул катын

Жер көз Кудаа кылбасын.

Ит каапырдын заманы

Раис деген жол чыкты.

Раис деген дейт эдик
Экинчи калпа кул чыкты.

Түптүү ишти кылбады,

Түйшүк салып башыга

Кир кылып журттун көөнүнү

Ким барды экен кашыга?

Чыдабай шондой кыларбы

Берген наны, ашыга?

Бекер кылды Экинчи

Мээнет салып башыга.

Жабыр кылды бей маал

Кооганы салып башыга.

Ада болбос армандуу

Сооданы салып башыга.

Жабыр кылып жаныга

Замин болду Экинчи

Бир кылдардын малыга.

Каралуу кылып катынын

Замин болду Экинчи

Канча дамдын каныга.

Токсон док кып кетти

Тогуздап берген наныга

Себеп болду Экинчи.

Адават кетпес орустан

Азат этти бир жылга.

Миң башы менен аминдер

Ырыскысы төшөлүп,

Бир кылдардын пулуга

Бир кыл жерден баш кетти.

Бир нечендер жаш кетти.

Бир кыл жерден пул кетти

Мусулман журттун бааринин

Муунуга зил кетти.

Албарстынын зманы

Айтып болбойт такайыр

Аалам жаман бузулду.

 

 

ЗАМАНА  ЧАПКА  АЙЛАНДЫ

(V Санат-ы дигар)

 

1.Улуктардын урматы

 

Акыры болсун бакайыр

Ай гриби бейнава

Мүшкүл, мариз, бей дава.

Башың калур мүшкүлга

Ишиң калур ишкалга.

Сапарың каттыг ыраакка

Кудаа сүйгөн ашыклар

Минип ойнар буракка.

Ай гариби бейнава

Билурман сендак эси йок

Бирлигиңнин хүрмати.

Жазана кылма карыпны

Алла санамиң хурмати.

Сарсан кылма мискинни

Саттар наамиң хурмати.

Гамкин кылма джумлани

Гафар наамиң хурмати.

Жармати кич жумлани

Жумла наами хурмати.

Фана бергин парчага

Пайгамбарлар хурмати.

Сарсан кылма гарыпны

Сакыбалар хурмати.

Дарманда кылма гарыпны

Дахыйарлар хурмати.

Дахы йаар ауали

Чахыыйарлар хурмати.

Иманыны атаа кыл

Имамлардин хурмати.

Гамкин кылма жумлани

Гаусулазам хурмати.

Илим бердиң ладунни

Имам А”ззам хурмати.

Чаар пиир-и шариат

Шафи имам хурмати.

Имам Малик хурмати.

Азиз бизниң ол эрдур

Абуюсуф хурмати.

Ахы йетар аршиңга.

 

2.Экинчи калпа

(Дүкчү эшен)

 

Анжияндын үстүдө,

Аравандын астыда,

Миң адам барса аш берип,

(Билбейбиз кандай бай болгон)

Миң-Төбөдө жайы болгон.

Акырет десе баш берип,

Ач-арыкка аш берип,

Дианат үчүн жан берип,

Тоопкер адам көп барса,

Тогуздап сылап нан берип.

 

Усталар урган балкасы,

Төрүнөн чыккан калпасы.

Төрөлүк кылбай турбады.

Кудайдан илхам болбосо,

Торфу канча панданин.

Эгемден илхам болбосо,

Эрки канча панданин.

 

Пайгамбарым батынан

Шариатин бербесе,

Арбактар азыр (даяр) болбосо,

Амали канча панданин?

 

3.Кайрандардан айрылдык

 

Ала-Тоодой гоо экен,

Албарс каттыг жоо экен,

Өтүп кетти жакшылар

Хөкүматин тилесе

Кайрандардан айрылдык.

Кыялыбызга жараша

Кумарпаздар кутурду,

Жалапбаздар жайрады.

Мээнет баскан бечара

Бей күнөө көбү тутулду.

Сурчанын башын бурбады,

Султан, хан, төрө, калпасы

Сүлүгүн кармап турады.

Замана чапка айланды,

Жакшылар көбү байланды.

Ак Паашасы Маскапта

Амалдарлар мансапта…

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ү  Ч  Ү  Н  Ч  Ү

 

К  О  Л    К  И  Т  Е  П

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КУРМАНЖАН  ДАТКА

 

Бул аманат дүнүйада

Бирөө жүрөт зор болуп,

Бирөө жүрөт кор болуп.

Жетелетип аса алып,

Бирөө жүрөт көр болуп.

Бирөөгө бирөө эс болуп,

Бирөө макоо, пес болуп,

Аланын дагын көрбөсүн.

 

Курук тукмат жабышып,

Жалаанын дагын көрбөсүн.

Баарыдан жаман балаамат

Баланын дагын көрбөсүн.

Камчыбек деп кан жутуп,

Курбанжан датка бу болду,

Баланын дагын көрбөсүн.

 

Алымбек датка балдары

Атасыдан зор болду.

Албарс каапыр оруска

Акыры жүрүп кор болду.

 

Абак болуп асылып,

Сибирге кетип сил болду,

Жети миң кагаз пул чачып,

Жеткен жери шул болду.

 

Ак элечек султаны

Аты чыккан Курбанжан

Күлүшөдө күл болду.

Күйүт менен чок болду.

Сибирге кетип, жок болду:

Мурзапаяз, Баатырбек –

Булардын дарди бир жактан…

 

Макмутбек деп мас болду,

Камчыбек деп гаш болду.

Ичкени заар аш болду.

Душмандын боору таш болду.

Эсиз марттар жок болуп,

Эки көзүң жаш болду.

 

Элинде калган беклерге

Асанбегиң баш болду.

Санаа тартып Курбанжан,

Саңа кыйын иш болду.

Алымбектин доорунда

Кийгениң кымкап киш болду.

Ит аягың мис болду.

 

Дөөлөр келип кашыңа,

Давлат куш конуп башыңа,

Аалымдын баары дос болду.

Шариатти кар кылып,

Балдарың баары мас болду.

 

Кара күн менен гам басып,

Карып болдуң бу чакта.

Абдылдабектен айрылып,

Дүйнөң кетти шо чакта.

Муңдуу болдуң бу чакта.

 

Булбулуңан айрылып,

Муңайгансың о чакта.

Жалтанчаак болдуң бу чакта.

 

Жакшы уулуңдан айрылып,

Жаңылган башың о чакта.

Орустун карап көзүнө

Осол болдуң бу чакта.

Жолборсуңан айрылып,

Жолдон чыктың о чакта.

 

Ааламдын баары жайланып,

Алайдай жакшы жер кана?

Алымбектин баш уулу

Абдылдабектей эр кана?

Кулан сындуу эр эде,

Карадан түшкөн төрө эде.

Айры калпак кыргызда

Ашар ачкан зор эде.

 

Камчыбектен айрылып,

Какшап калдың бу чакта.

Ак элечек султаны

Аты чыккан Курбанжан,

Абдылдабектен айрылып,

Караан болдуң о чакта.

Сибирге кеткен балдарың

Сил кылды сени бу чакта.

 

Алганы калып тул болду,

Алымбек датка авлады

Азалдан таздыр шул болду.

Ишиден түшүп зур болду,

Азиз беклер кор болду.

Атадан калып зур болду,

Азамат беклер кор болду.

 

Капкалуу шаарды сураган

Хандар шундай болучу.

Беш күндө бир жашаган,

Беклер шундай болучу.

Төрт күндө бир жашаган,

Төрөлөр шундай болучу.

 

Кара туу тигип кашыга,

Зымырык куш конуп башыга,

Ач белиге байланып,

Албарс кылыч колуда,

Жети кызыр жолуда,

Бир чегим насча көрбөгөн

Берилген тилла, күмүштү.

Башыга салса Кудайым

Паитакта отурган

Падышалар көргөн бул ишти.

 

Амирдеги аштыктай,

Казынаңды аралап,

Алтын, тилла, күмүштү

Азиз төрө балдарың

Азаласын бул ишти.

 

Карага берип ашыны,

Хандар берген башыны.

Бейызатка берип ашыны

Беклер берген башыны.

Төкпөй көздөн жашыны,

Төрөлөр берген башыны.

 

Алымбек датка балдары6

Абдылдабек, Асанбек

Айры калпак кыргызда

Ашкере түшкөн төрө эде.

Ак шумкардай эр эде.

Баатырбек менен Махмудбек,

Карчыга сындуу Камчыбек

Куландай катуу эр эде.

Ак жолборстой марттариң

Азалдан кылган сөөлатти.

Көк жолборстой марттариү

Көрүп келген давлатти.

Көп жерде кылган сөөлатти,

Азалдан көргөн дөөлатти

Ар жерде кылган сөөлатти.

 

Ак элечек султаны

Аты чыккан Курбанжан

Башы Алайга батпаган

Малынын көбүн айтамын.

Казыйнага батпаган

Пулунун көбүн айтамын.

Эшигиңде кызматкер

Кулуңнун көбүн айтамын.

 

Тоңмордон жайлап жаз болсо,

Тогуз уруу журт барып,

Тойлооңду айтамын

Колотко жайса батпаган

Койлооңду айтамын.

Ашканаңда алты ай

Түлкүлүүлүгүң айтамын.

Жылтыркан башын үздүрүп,

Жылкылуулугуң айтамын.

 

Кырк жигитке баш болуп,

Кызыл-Арт жайлап жаз болсо,

Кымыздан арак тарттырып,

Кыз, жубанды жыйдырып,

Кызыл-жар кыштап кыш болсо,

Кыш салганы  куш болсо,

Ордолуу жай Ош болсо,

Орус берип амалди

Өлфөн берип күз болсо,

Ойногону кыз болсо

Оң болобу, датка айым.

Орус каттыг жоо экен,

Өзүнү билип жүрбөсө,

Чоң болобу, даткайым.

Ногой менен орустан

Ноюбаган датка айым.

Каапырдын жайы азалдан

Кайибагин, даткайым.

Бу дүнүйа беш күндүк

Бул иштин баари, азали

Кадыр Эгем каалашы.

 

Камчыбек кетти асылып,

Кара көзү жумулду.

Кудайымдын иши деп,

Курбанжан датка түңүлдү.

Мурзапаяз, Махмутбек

Сибирдин жолун көздөдү.

Алымбек датка авлади

Амалы жок боздоду.

 

Камчыбек Ошто асылды,

Кара көзү жоодурап,

Ботосу өлгөн каймалдай

Боздоп калды амал жок.

Курбанжан датка дабдырап,

Шер баласы шер байлап.

Шерхимматтүү Асанбек

Билдирбеди бел байлап.

 

Асылып кетти балам деп,

Арман кылба, Датка айым!

Сибирге балам кетти деп,

Сил болбогун, Даткайым!

 

Айтып өттүм илгери

Алымбектин савлатин,

Арман кылба, Датка айым!

Жан Эгем берер жаннатти –

О дүйнөнүн давлатин.

 

Балдарың менен кошулуп,

Максатка жеткин, Датка айым!

Бу дүнүйа беш күндүк

Муратка жеткин, Датка айым!

 

Буракка минип махшарда

Кылдан ничке көпүрө —

Сраттан өткүн, Датка айым.

Ажалдын аччык шарбатин

Балдарың кетти баары ичип,

Сен хам таткын, Датка айым.

Жердин болот чүмбөтү

Башыңа жапкын, Датка айым.

Алганың менен балдарың

Пардазори махшарда

Шейиттердин ичиден

Шербет ичип отурар

Кавсардан тапкын, Датка айым.

Жан күйдүргөн балдарың

Жаннаттан тапкын, Датка айым

Эрте-кеч баарын дуба кыл,

Эненин жашы нур болот.

Ата-эне деген Пир болот.

Энеси ыраазы болгондун

Жайы болуп жаннатта

Жан жолдошу үр болот.

 

Камчыбекке кабыр кыл,

Мурзапаяз, Мамытбек,

Баатырбекке сабыр кыл!

Алымбекти арман кыл!

Асанбекке шүгүр кыл!

Акыретти пикир кыл!

Эч арманың калбады

Эгемди дайым зикир кыл!

 

 

ДЫЙКАНБАЙ

(VI Санат-ы дигар)

 

Карчыга салган мүнүшкөр

Алыстан кушун көздөдү.

Кетмен-Төбө жеринде,

Кең саяк журттун элинде,

Атыккан Сайкал байбиче

Дыйканбай деп боздоду.

 

Сенден калып, Дыйканбай,

Сеилканың зар калды.

Кара-Көл башы кар калды.

Какшаттың, Дыйкан, Сайкалды.

Анжияан менен Аркада

Аты чыккан, Дыйканбай,

Акматбек жүрсүн армандуу,

Мырзаканың муңайсын,

Бактыярың бакырсын.

Атамдан жаш калдым деп,

Ашырбегиң айкырсын,

Сеилкан күйүп секирсин.

Жетимдей кылып секир жекирсин,

Душманың көөнү жетилсин.

Санаа тартып Сайкалга,

Дыйкандын дарди өтүлсүн.

 

Ногой менен оруска

Наамы кеткен Дыйканбай.

Анжиян улук шаарга

Аваза болгон Дыйканбай.

Аш берет эдең ачканга,

Дем берет эдең шашканга.

Куржндап барып алтының

Мунарга чыгып пул чачып,

Атың кеткен Ташканга.

 

Манап чалыш Дыйканбай

Суусамыр элдин султаны.

Кетмен-Төбө жеринде,

Түнкатар саяк элинде

Лайлатул кадыр түн өттү.

Ырыскы улук азалдан

Рыскулбектин баласы

Дыйканбайдай ким өттү?

 

Жанып турган чырактай,

Дыйканбайды сурасаң,

Ажыбектин балдары:

Кудаяр менен Нурактай.

Жер сулуусу Таластай,

Дыйканбайды сурасаң,

Кырк чоронун төрөсү –

Байыркы өткөн Манастай.

 

Хан олтурган паитактай.

Кыргыз, казак сурасаң

Бошкой Канай баласы

Бөлөкбай солто төрөсү,

Дыйканбайды сурасаң,

Боларман чыккан Байтиктей.

Шер чоросу куландай.

Пишкек, Токмок жердеген

Сарбагыш, тынай уруусу

Жантай баатыр баласы

Атамтай чыккан шабдандай.

 

Сеил күн эле Сайкалга

Дыйканбайдын доорунда

Хал-хал үнү ар жерде

Дыйканбайдай ата уулу

Бу анжияндын боорунда

Ар жерде болсо ата уулу

Атын Дыйкан койсо экен.

Дыйканбайдай өңүнү

Ач адам көрүп тойсо экен.

 

Дыйкандын өңү ак сүттөй,

Жакшылыгы шунча эде,

Ичкиликтен мен айтсам,

Гүлмыкка күлүк байлаган,

Күмүш тоону жайлаган,

Миң башы датка Максыттай.

 

Аргымакты байлагаган,

Арстанбапты жайлаган,

Күн казыгы тушактай

Жазында тоого өрдөгөн,

Базар-Коргон жердеген,

Дыйканбайды сурасаң,

Жолборс менен Кушпактай.

 

Дыйканбайдын эшиги

Бир күнү – жыргал бир жылдай.

Көк-Жаңак, Көк-Арт ортосу

Көрүп өткөн давлатти

Нусуп менен Чыйбылдай.

 

Ата уул мырза Дыйканбай

Ат жалын тартып мингени,

Көрбөгөн срра азарди.

Дыйканбайдын ордосу

Ак күмбөздүү мазардай.

Эшигини сурасаң,

Дүркүрөгөн көп жыйын

Маргалаңдын базардай.

 

Абдылдабек, Асанбек –

Алымбектин баласы,

Кара багыш сарасы

Жантөрө Койчу баласы

Ой тартса онон алардан

Давлати артык эр эди

Дыйканбайдын булардан.

 

Пират байдын баласы

Миң башы мырза Жарматтай

өкүмдүү эле Дыйканбай.

Алымкулдун баласы

Адөөлөт мырза Шерматтай.

Аша дөөлөт көп көргөн,

Тескей журттан мен айтсам,

Мырзакул менен Ташбектей.

 

Суу башыны бургандай,

Султандар сөздө тургандай,

Кара-Дөбө жер жүзү,

Дыканбайды сурасаң,

Эрдиги көп зор эде

Эрдөөлөт менен Курбандай

Адамда срра жок эде

Аркада кылган сөөлатти.

Ак жолборстой Дыйканбай

Айткан менен баарыдан

Артык эле дөөлати.

 

Атана теги Дыйканбай

Капкалуу шаар хандардан

Жансабир болбой, зор болдуң,

Бей кайрым пааша жандардан.

 

 

Жашың жарым боло элек,

Жалганчы дүнйа бекер деп,

Жан Эгем койбой сени алды.

Жанына барып атаңдын

Жайландың эми, Дыйканбай.

Барса келбес жер экен

Байландың эми, Дыйканбай.

 

Ашыра тутуп дөөлатти,

Рыскулбек менен Дыйканбай,

Акматың көрсүн дөөлатти.

Ат тайгылат тар жерде,

Атадан артык туюлган

Ак жолборстой Акмат деп,

Айтып жүрөм ар жерде.

 

Имарат курган усталар

Кыш бышырат кумганда.

Байыркы Жусуп Акматтай

Каапырдын түшүп колуга

Бир жыл жатты зынданда.

Кара-Көл башын караса,

Катуу жол кылат Кабакта.

Ак жолборстой Акматтар

Саккиз ай жатты абакта.

Кошомат сөздү айтпады,

Ак сөзүдөн кайтпады.

 

Кой жайылат чыбырга,

Алымбектин балдары

Алды кетти асылып,

Кийини кетти шыбырга.

Акмат барып Аркада

Кылып жүрөт сөөлатти.

Инилери кетти эде

Карчыга салып, каз алып,

Көрүп жүрөт дөөлатти.

 

Биринчи төрө Акматтын

Бир кемдиги Дыйкан жок.

Ата уулу, манап Дыйканбай,

Арманың жок дүнйада

Эгемнен тагдыр азали

Эсептүү соо күнүң бар.

Аттиң! Сайкал давада

Атаңнан мурун көзү өткөн,

Ак жолборстой иниң бар.

Султан төрө Акматың

Суусамыр жайлап жазында,

Кайрылып келип күзүндө.

Кетмен-Төбө түзүндө

Жылкыңды таштап жылгада,

Коюңду таштап колотко.

Нарктуу эрлер ойлотуп,

Нарын сууну бойлотуп,

Ак-Чийге карап, Дыйканбай,

Ак ордой үй тигип,

Азамат эрлер жыйылып,

Ар тарапка ат берип,

Чабар кылды Акматың:

“Башы Токмок, Чүй, Талас

Кара багыш, көп мундуз.

Анжиян, Ак-Суу, Наманган,

Ашка келе берсин”- деп,

Кабар кылды Акматың.

 

Ак жолборстой ар жерден

Азамат эрлер жыйылды.

Суудан чыккан суурулуп,

Сүлүктүн баары жайылды.

Жүз тилла элик көп алган

Эликтей көзүн айрышып,

Эл жүрөгүн жылкыртып,

Күлүктүн баары жыйылды.

 

Алтымыш жерде ак өргө

Чарчы жыйын жайланып,

Чатырдын баары тигилди.

Оодарышмак оң, солдон

Кымкап жаап кызыл нар

Пайгасига көп коюп,

Маңдайлашып сайышкан

Баатырдын баары жыйылды.

Адади жок коюнун

Жетимиш согум союлду.

Жеткилең озгон күлүккө

Жети жүз кагаз коюлду.

 

Көз жашы кылып көп адам

Сан жыйын баары өңгүрөп,

Санатың журттан өткөрүп,

Кылбаган санат көп кылып,

Ашың өттү, Дыйканбай.

Ашкере болуп көп жерге

Башың өттү, Дыйканбай.

Аткан октой ар жерге

Сөзүң өттү, Дыйканбай.

Ажыз болуп өмүрүң

Атаңа барып кошулуп,

Көзүң өттү, дыйканбай.

 

Көп айтпадым, аз айттым,

Санатымды саз айттым.

Саар кылган дубабыз

Саңа жетсин, албатта,

Али акаңа кошулуп,

Жайың болсун жаннатта.

 

Адамзат бир күн өлмөгү(?)

Арзи кылсаң көрмөккө

Кетмен-Төбө жерини,

Кең саяк журттун элини,

Маргалаң барып кетесиң,

Шааркандан өтөсүң.

Суксурдай учуп тең жүрсөң,

Сыр-Суун карап сен жүрсөң,

Балыкчы барып өтөсүң,

Бат жүрсөң шул күн жетесиң.

Избаскен майлуу жери бар,

Коңгайты менен Мабеттин…

 

 

АДАМЗАТ  ӨЛӨТ  БИР  КҮНҮ

(VI1 Санат-ы дигар)

 

1.Бу дүнүйө, о дүнүйө

 

Амал кылар бу дүнүйө,

Жамал көрөр о дүнүйө.

Бирөөгө бирөө зорсунуп,

Казаптын жайы бу дүнүйө.

Акыретти бербесе,

Азаптын жайы о дүнүйө.

 

Уурунун жайы бу дүнүйө,

Туурунун жайы о дүнүйө.

 

Жамандын жайы о дүнйө,

Жакшынын жайы бу дүнүйө.

 

Залимдин жайы бу дүнүйө,

Аалымдын жайы о дүнүйө.

 

Бакылдын жайы бу дүнүйө,

Саакынын жайы о дүнүйө.

 

Бетпактын жайы бу дүнүйө,

Никбактын жайы о дүнүйө.

 

Өлмөктүн жайы бу дүнүйө,

Залымдар барып жазасын

Көрмөктүн жайы о дүнүйө.

Беш күн өтөр дүнүйөдө

Колу менен кайырды

Бермектин жайы бу дүнүйө.

Жакшылыгын ар панда

Көрмөктүн жайы о дүнүйө.

Дову көп хам кабарың

Докчунун жайы бу дүнүйө.

Дозоктуу жай о дүнүйө.

 

2.Эртеги эрлер эскирди

 

Акыретте момундар

Азаптын дагын көрбөсүн.

Казасы жетип өлгөндөр

Азаптын дагын көрбөсүн.

Беш күн өтөр дүнүйада

Беймаал жетип казасы

Белгилүү мырза байбача

Бекназар Молло Акундай

Балаанин дагын көрбөсүн.

Курук доомат жабышып,

Жалаанын дагын көрбөсүн.

 

Барча турат тирилип,

Пардазорий махшарда.

Эгем казы болгондо,

Эсеби болот бир пулдун.

Эсиңден кетпейт армани,

Элиңден кеткен бир кылдын.

Өткөндөр өттү пайда жок,

Жакыр тууган мынаке…

 

Боз карчыга чуктаткан,

Моюнун кайрып уктаткан,

Туйгуну жемге тойбогон,

Тууган менен душманга

Төрө сөзүн койбогон,

Мырзаибраим канаке?

 

Өлгүчө билбей пандабазды

Өзбөктүк менен сен кеттиң.

Болжошуп жүргөн немедей,

Кыз чырайлуу, кырчын жаш,

Кызыл жүздүү, кара каш

Көруулу менен тең кеттиң.

Мейман болуп бир түнү,

Жерге түштүң бир күнү.

Ай аттанып, жыл кеттиң,

Акыретке бир кеттиң.

 

Кой оозунан чөп албас,

Тоңго айдасаң Көруулу

Коргошундай салмактуу

Авур эде Көруулу.

Абдыгафур, Каримга

Даур эде Көруулу.

Кыз баладай ыйбалуу,

Момун эде Көруулу.

 

Орозбай бийдин баласы,

Шермухаммат бий баасы,

Би ринчи мырза, байбача

Пиратбай эде атасы.

Буларга жеткен азалдан

Жети кызыр батасы.

 

Кыпчактын баары кырылып,

Кыз, катыны кыр кеткен.

Пиратбайды сурасаң,

Кыпчакты таап келем деп,

Моюнсаз эде экөвү

Молдоташ менен бир кеткен.

Шондой эрдин баласы

Кыз чырайлуу Көруулу,

Мен билемин баариңди,

Муңдатып кеттиң Каримди.

Куп билемин баариңди,

Кунава кылдың Каримди.

Жакшы билем баариңди

Жалгыз кылып сен кеттиң

Жан күйөр агаң Каримди.

Кыпчакка кыргын келгенде,

Кыз чырайлуу Пиратбай

Кызыл беттен нур кеткен.

Ташмуракор, Моллоташ

Кырк үстүндө кырчын жаш,

Кылданып үчөө бир кеткен.

 

Ак-Суу бою тамандан

Довлари кетип ичиден,

Давлатига зил кеткен.

Ак жолборстой марттардин

Жамалыдан нур кеткен.

Жакшылар шондо бир кеткен.

Адамзаада өзү билбей

Акыреттин карвани

Караңгы гөрдө суу кылбайт

Ар канча кылса арманни.

Лахиддин курту тиштесе

“Күш!” дээрге кана дармани?

Эртеги эрлер эскирди.

 

3.Мырзабай

 

Эмдигини мен айтсам,

Көңүлдү көп өксүтүп,

Мырзабайдын армани

Кожолор келсе жай эде,

Кожо Ибраим бай эде.

Эгиз тууган козудай,

Экөө бирдей бай эде.

Боз карчыга кондруп,

Боз балача бар эде.

Колтук ачпай душманга

Козбалача бар эде.

Бек алдыда басынып,

Бели каттык Өзөк бай

Бекмурзача бар эде.

Маанидар сөзү маңыздуу

Мадраимча бар эде.

Хан алдында кайтпасан

Жүткүнүп сүйлөп булбулдай

Жүз башыча бар эде.

Эл ичинде төрө сөз

Эминдерче бар эде.

Ойну салык бечара

Момундарча бар эде.

Адамдын көөнүн оорутпас

Акылы бүтүн эр эде.

Ашы-нанын аябай,

Саакыларча бар эде.

Кадырыны билгенге

Кайырлуу жакшы эр эде.

Башы белгилүү байкөнчөк

Байырлуу жакшы эр эде.

Хайын немен ичинде

Кадырлуу жакшы эр эде.

Караймын срра көрүнбөйт

Кайып болду Мырзабай.

Кара жердин астыда

Айып болду Мырзабай.

 

Сарала тунжур салганың,

Санатыңды түзөтпөй

Саз айтып сеннен калганың

Аброюң зор кылып,

Акыретке узатпай

Белгилүү жакшы алганың

Мейманын жакшы күзөттү.

 

Боз карчыга салганың,

Боларман жакшы балдарың,

Баарисина баш болуп,

Ашыңды берди алганың.

Чын бейиш болсун барганың,

Чын кызмат кылды алганың.

Жаткан жериң нур болсун,

Жан жолдошуң үр болусун.

Салынганың гүл болсун,

Арманыңды көп кылып,

Алганың мында тул болсун.

Алыска сапар сен кылып,

Акыретке жол болсун.

Хаузи кавсар боюнда

Азирет Аали колдосун.

 

Ак көңүл төрө Мырзабай

Азат болсун азаптан.

Халас болсун казаптан.

Жароокер эдиң, Мырзабай,

Жайың болсун жаннатта.

 

Эгеме кылып аманат,

Эрте-кеч дуба кыламын.

Жеткиргин деп албатта.

 

Шейиттерге кошулуп,

Шарбат болсун наарың.

Азиздарга кошулуп,

Ачылсын шондо баарың.

 

Чилтендерге кошулуп,

Чын бейиш болсун жүргөнүң.

Үр кыздарга кошулуп,

Оюн менен күлгөнүң.

 

Саясы салкын сары арча

Сая болсун башыңа.

Сары аякка бал куюп,

Гылмандар келсин кашыңа.

 

Мырзабай жетсин ыраатка,

Минип өтсүн Буракка.

Кыямат күнү айдаса

Кыл көпүрңүк – сратка.

 

Ак-Суу бою наймандан

Расчындан тим өттү.

Мырзабай төрө ким өттү

Кыш салганы куш эде,

Жаз айдаса кош эде.

Жайлоодо бакса кой эде.

Жазып-тайып бир барсаң

Ак үйү ичи той эде.

 

Аның үчүн деп айттым,

Арманыңды көп айттым.

Азиз жаның өткөндө

Алганың ыйлап кашыңда,

Араманың менден таркабайт,

Болбодум шондо башыңда.

Эгем билет күбөм шул,

Эч көрбөгөн азапты

Энди кылган дубам шул.

 

Улук болсун урматың,

Гылмандар кылсын кызматың.

Үр кыздар болсун алганың.

Ашың өттү күз башы,

Акыреттик дос эдиң

Ойрон болсун корбашы.

 

Беш жүз койду айдатып,

Бирөвдү Кудай бай кылды.

Казасы жетип бирөвдүн,

Кара жерге жай кылды.

Кара чачын жайдырып,

Алганыны зар кылды.

Кайгысы кетпей жүрөктөн,

Калганыны зар кылды.

Бей бапаа беш күн дүнүйада

Бей туяк өткөн көп экен.

Парзант тилеп эч панда

Армандын дагын көрбөсүн.

 

 

КЫЯМАТ  КАЙЫМ  БОЛГУЧА

(VIII Санат дигар)

 

1.Деген

 

Буйласы бирге түйада,

Бул аманат дүнүйада.

Эгемдей болот Пир деген,

Эрмек экен ыр деген.

Жолго салат Пир деген,

Жуанчык экен эр деген.

 

Мачитта болот сыр деген,

Маанилүү болот ыр деген.

Көйнөктө болот кир деген,

Жууса агартат суу деген.

Көңүлдө болот дил деген,

Көөлайт дилиң Пир деген.

Белиңде болот кур деген,

Бетиңде болот нур деген.

Бектерде болот туу деген,

Бекер кетпейт”Хү!” деген.

Чакмакта болот кув деген,

Мергендин белин какшатат

Беш карыш теке ув деген.

 

Хандарда болот так деген,

Кара болбойт ак деген.

Насыя болбойт нак деген,

Сансар болбойт сак деген.

Багбандын жайы бак деген,

Хандар күндө кант жеген.

Аййардын баары пандж деген,

Арзан кыла көрбөңөр

Асан эмес ант деген.

 

Эр канаты ат деген,

Аябайт душман – жат деген.

Акмак келет сарт деген,

Калтак жесе “дат” деген.

Өлүмдөн кайтпайт март деген.

Саргартат оору – дарт деген.

 

Үч ай – токсон кыш деген,

Ырыскың экен тиш деген.

Уйкуда өтөт түш деген.

Пешене терин шыпырып,

Пештемей кетмен көтөрүп,

Азамат чөлдө иштеген.

Ысык_Көл барып балалап,

Индустан кетет куш деген.

Акмакты кылса күл кылат

Жоон билек муш деген.

Илгери келсе иш деген.

Чычканды тажик “муш” деген.

 

Байларда болот мал деген,

Макоого шерик кал деген.

Саялуу болот тал деген,

Шаарда болот пал деген.

Аргымакта жок болот,

Көшүлүп түшкөн жал деген.

Илимдин жолун кал деген,

Сүлүктүн жолун хал деген.

Самавар салкын жай деген,

Сарт атыны тай деген.

Камыштан болот най деген,

Канат кылып камбагал

Жардылуу болсо бай деген.

Кызыл куйрук нар деген,

Кызыл тилла зар деген.

Кылмышың мында көп болсо,

Кыямат жолу тар деген.

Карап коюп каш кагып,

 

 

Какшатат экен жар деген.

Кушту учурат пар деген,

Эрди учурат зар деген.

Эркегини нар деген,

Эшекти тажик “хар” деген.

 

Чымбайдан келет туз деген,

Чырайлуу сулуу кыз деген.

Пул мастар жүрүп издеген –

Адамкерчилик “сиз” деген.

Чебердин баарын издеген,

Чилдеде болот муз деген.

Эчкини тажик “буз” деген,

Ууруну көрсө “дуз” деген.

 

Байларда болот пул деген,

Он эки айды – жыл деген.

Онтотпойт оору – сил деген,

Эри өлгөн катын тул деген.

Жаман сөздү айтпаңар,

Адамдын көңүлү гүл деген.

Жалган эмес бул деген,

Кызматкер болот кул деген.

Ыштаныны “изар” деп,

Ылайды тажик “гил2 деген.

Коргондо болот коо деген,

Колотот душман – жоо деген.

Кожеттен нары Ну деген,

Аркан салса жетпеген,

Асман-фалак зоо деген.

 

Кардан келет суу деген,

Кечикпей өлөт уу жген.

Түндө уктабайт ит деген,

Жетимдин мойнун бит жеген.

 

Байларда болот кут деген,

Каапырда болот бут деген.

Франктан келет чыт деген,

Назикчилик маалда

Мөмөнүн алды тыт деген.

 

Давлаттин зору баш деген,

Жердин зору аш деген.

Каттуунун зору таш деген,

Макоонун дарди каш деген.

 

Саковдун дарди тил деген,

Санаты улук паашанын

Салтанаты фил деген.

Чабандес дарди ат деген,

Илими балант моллонун

Умараты кат деген.

Байлардын дарди кой деген,

Бийлердин дарди ой деген.

Марттардин дарди той деген.

 

2.Койдун кани Кочкордо

 

Эшендин дарди мурутта,

Катындын дарди курутта.

Жамгырдын жайы булутта,

Камбагал дарди оокатта.

Буудайдын кани Ноокатта,

Дыйкандын дарди галада.

Отунчу дарди талаада

 

Жылкычы дарди жылкыда,

Бүркүтчү дарди түлкүдө.

Койчунун дарди уйкуда.

Кекилик учат кырыда,

Чакчыгай алат коенду,

Чагына тапкан жериде.

 

Жибек килем жыйылбайт,

Кудай берген байлардын

Ак үйүнүн төрүдө.

Жылкынын кани казакта.

Мунар баары кадымнан

Өйүздө: Өзгөн, Созокто.

Өлүп кетсе бей күман

Каапырдын жайы тозокто.

Баатырдын дарди майданда.

Тыт-майиз кани Шайданда.

Илимдин кани Букарда,

Койдун кани Хысарда.

Кандек өрүк Хушарда

 

Күрүчтүн кани Анжиян

Маиздин кани Наманган.

Парчанин кани Маргалаң.

Арчанын жайы тоолордо.

Ылаачын ойнойт зоолордо.

 

Кара чай жайы Кашкарда,

Койдун кани Кочкордо.

Жылкынын жайы Жумгалда.

Түлкүнүн жайы Тарколдо.

Котоздун жайы Сарколдо.

Хандардын такты Кокондо.

 

Бей ызат каапыр бийикте,

Салдаттар суунун сайыда,

Балыктын дайым пайыда.

Жандары жатат жайыда.

Миң башылар пул алат

Айлык деп ар айыда.

 

Каапырдын дарда малайда,

Кошоктун кани Алайда.

Жолго жүргөн жолоочу

Адашат калың туманда.

Азали бетпак жараткан

Шайтандин дарди ыйманда.

Үмүтү көп панданин

Кетип барат күманда.

 

 

Саяпырлар казада,

Жалакасын Кудайым

Барчани йамулжазада.

 

Шайтан ыйман кастыда,

Көп эле болбо азада

Каласын жердин астыда.

 

Нысап берген пандалар

Көөнү дайым пикирде.

Колу кылып кайырды,

Тили дайым зикирде.

 

Мергендин оту чакмакта,

Иттин дарди капмакта.

Бакылдын дарди ар кимди

Баламатка такмакта.

Акыл болбойт акмакта.

Тамагыны жүн баскан

Тармал сакал пакмакта.

 

 

Кыздын дарди жибекте,

Койдун жайы топукта.

Төөнүн дарди жантакта

Бойдоктун дарди катында.

Эшендин дарди баатында.

Сопунун дарди азанда,

Соргоктун дарди казанда.

Сарт жыйылып отурса,

Ханыш кылат сазанда.

Катын болсо фазанда

 

Отурса үйдүн төрүндө

Күндөштүү катын күнөөлөп,

Күнү-түн дарди эринде.

Чабандес дарди улакта,

Чабактын жайы булакта.

Дербиштин дарди мачитта

Суучулар көөнү көчөттө.

 

Сартын байы сарайда,

Кыргыздын байы Алайда.

 

Басмачы дарди байларда.

Сибирге кеткен уурулар

Баштары калат кайларда?

 

Уурунун дарди тувчада,

Салдаттын дарди нымчада.

Касаптын дарди семизде.

Каапырдын дарди тоңузда.

Айылы бай жазда эгизде.

Сарттын жайы тегизде.

 

Урулар алмак пайыда,

Сарт адамсыйт жайыда.

Кызыл гүлдөй ачылып,

Кызы анын төрүндө

Кыямат кайым болгуча

Өлгөндөр калат көрүндө.

 

 

КЫМЧА БЕЛ

(1Х Санат дигар)

 

1.Бул арманым дагы бар

 

Буйласы бирге түйада,

Бул аманат дүнүйада,

Мусулман абад жок болуп,

Мурунку марттар жайланди.

Бул арманым дагы бар.

 

Журт сураган даткага

Жүз башы болсом дейт элем.

Бир келип-кетер дүнүйада

Миң башы болсом дейт элем.

Кокондо андар бар болсо,

Корбашы болсом дейт элем.

 

Түн катып, айлап уктабай,

Кудайчы болсом дейт элем.

Тилла камар зарга жам

Диданчи болсом дейт элем,

Бул арманым дагы бар.

 

Баш-Алай жайлап жаз болсо,

Мал багып келсем дейт элем.

Сары жилик, кой жорго,

Саман тору, кара жал

Саратан жемин үзбөстөн,

Ат багып минсем дейт элем,

Бул арманым дагы бар.

 

Сазга кулун байлатып,

Бээлүү болсом дейт элем.

Боз шыбактуу боз талаа

Ботолуу каймал боздотуп,

Төөлүү болсом дейт элем.

Алайга көчүп жаз болсо,

Көк-ала жылкы айдатып,

Көрктүү болсом дейт элем.

Кундуз телпек, түлкү ичик

Бөрктүү болсом дейт элем,

Бул арманым дагы бар.

 

Алты кош өгүз айдатып,

Мүлктүү болсом дейт элем.

Карчыга салып көлдөрдө

Каздарды алсам дейт элем.

Алты-тогуз мал берип,

Наздарды алсам дейт элем,

Бул арманым дагы бар.

 

2.Кымчабел

 

Чөп чыкпас жердин какыры ай,

Көөнү калыс март болсо,

Кудайым берер акыры ай.

Алты ай касал тарткандын,

Бетте болбойт дармани.

Алдыда турган Кымчанын

Ада болбойт армани.

 

Сандыкта пулдуу байлардын

Самаркан кетет карвани.

Салкындап кетти жайлоого

Саргартты Кымча армани.

 

Ак-Коргондун шорунда,

Ак урдум кымча доорунда.

Жүрөк күйөт кымча деп,

Жүргөн жерин таба албай.

Кетменим калат ордунда,

Жүрөгүмдү чаба албай.

 

Күлүп колу боорунда,

Күйдүм Кымча доорунда.

Наз-и фрак, найча бел,

Алаш бойлуу, ак көңүл.
Акылы даана Кымча жан,

Жагалмай көздүү баласың,

Жайлоодон качан каласың?

 

Жалт берип жаным аласың,

Жайлоого кетип жаналат.

Жаткан жериң бир көрсөм,

Жаным кыйла дем алат.

 

Карабашыл соносуң,

Кайда барып коносуң?

Кашымда качан болосуң?

Кайрылбай көчүп кетесиң,

Кадырга качан жетеси?

 

Калем каш жубан, Кымчабел,

Калемпир мончок тагынып,

Какшадым бозой сагынып.

Күйдүм жан мончок тагынып,

Күйдүргү жубан, Кымчабел,

Күйүп жүрөт жолуңда

Күлкүңдү бозой сагынып.

 

Сырга тилла тагынып,

Сил болду бозой сагынып.

Сыланып калек оройсуң,

Сырдашым срра болбойсуң.

Жаныма коңшу конбойсуң,

Жагалмай сындуу Кымча жан,

Жан кыйнайсың, оңбойсуң.

Жанымды фида мен кылсам,

Жакындан бери болбойсуң.

 

Мал көрүнбөйт мастыктан,

Жан көрүнбөйт жаштыктан,

Ырдаймын сенин кашыңа,

Ышкың түштү башыма.

Осмо болом кашыңа,

Отуң түштү башыма.

 

Алаша бойлуу Кымчабел,

Ашыглык кылып ак урам.

Акылы даана зирексиң,

Алаамиң кетпейт жүрөктөн.

Карматпайсың билектен.

 

Суу боюнда суу талдай,

Бураласың, Кымча жан.

Сыр бербей, өзүң бирөөдөн

Сыр аласың Кымча жан

Сурма, упа, эндиксиз

Сыланасың Кымча жан.

Ышкыңа түндө чыдабай,

Уйкудан кечип ырдаймын,

Үн аласың Кымча жан.

Чыкчытыңдан жыттасам,

Бураласың Кымча жан.

 

Чылбырдай чачың оролуп,

Мынча йам узун болорбу.

Ак бетиңдин ортосу

Мынча йам кызыл болорбу.

Калемдей кара чийилип,

Кашың кара болорбу.

Канты, набат, асалга

Башың кара болорбу.

 

Канты, набат, курут, печек

Алып келсем болобу?

Ойготпой сенин наз уйкуң

Гү бураган койнуңа

Салып кетсем болобу?

 

Жаныма жолдош болсочу,

Жалгыз жүрүп гаш болом.

Жамалыңа мас болом.

 

Маңыроо болуп жүрмөглүк,

Мастыктын, Кымча, белгиси.

Жаныңды кыйнап жашамак,

Жаштыктын, Кымча, белгиси.

 

Уктабай түндө түйшөлмөк,

Уландыктын белгиси.

Жытыңды жыттап мас болмок,

Жигиттиктин белгиси.

Алоуңа күймөглүк,

Ашыглыктын белгиси.

Кунаба болуп, кан жутмак

Кумарыңдын белгиси.

Эки колуң бооруүда

Саламыңдын белгиси.

Жүрөгүм күйүп чок болмок,

Алаамиңдин белгиси.

 

Ай билемин бетиңди

Жароокер жубан Кымча жан,

Жанымды жаман кыйнадың,

Өчүрсөңчү отуңду!?

 

Терлеп-терлеп ат чаптым,

Телторудан озбоду.

Теңирим салды шу гөйгө,

Тек жүргөн дардим козголду.

 

Курлап-курлап ат чапсам,

Кош Куладан озбоду.

Кудайым салды шу гөйгө

Кунава дардим козголду.

 

Алаша бойлуу Кымчабел,

Алтының бар пүчүңдө.

Алооң менин ичимде.

Күйкө көз бала Кымчабел,

Күмүшүң бар пүчүңдө.

Күйүтүң менин ичимде.

 

Жаңыдан ышкың түшүптүр,

Жалының менин ичимде.

Көзүңдүн кара, агы бар,

Көзгө жакын Кымчабел,

Көрсөм сенин боюңду

Көз нурунан айрылып,

Көз арманым дагы бар.

 

Өлтүрөсүң бей ажал

Өз арманым дагы бар.

Кайрат кылып ар жерде

Сөз арманым дагы бар.

 

Баш Алай жайлап, мал күтүп,

Мастыктын доорун көрбөдүм.

Ит агытып, куш салып,

Жаштыктын доорун көрбөдүм.

Бул арманым дагы бар.

 

Суу төгүлбөс сур жорго

Пармандин доорун көрбөдүм,

Калаага каттап, соодалап,

Карвандин доорун көрбөдүм.

Кыз алып качып алыстан,

Кырк тилли берип жазыкка

Армандын доорун көрбөдүм.

Бул арманым дагы бар.

 

Беш жүз койду айдатып,

Белгилүү мырза байбача

Байлыктын доорун көрбөдүм.

Балдыздарды бастырып,

Жеңелерди желдирип,

Белеске килем салдырып,

Белгилүү күйөө мен болуп,

Кайлыктын доорун көрбөдүм.

Бул арманым дагы бар.

 

Ак жегде кийип кылаңдап,

Байбачадай булаңдап,

Байларды көзгө илбеймин.

Билармансип желмогуз

Жорго минип чайпалтып.

Жолдо болсом дейт эдем.

Чабарлуу кылыч байланып,

Колдо болсом дейт эдем.

Медиресе бышык кыш

Маселе-маани талашып,

Молдо болсом дейт эдем…

 

 

АРШКА  КАРАП  ЖАН  КЕТЕТ

(Х Санат дигар)

 

Өтө кызыл бат кетет,

Сеилгак дейт дүнүйада

Самаркан карап сарт кетет.

Таң жарыса түн кетет,

Оонардан нары Күнкетет.

 

Кара тоонун боорунда

Кара теке ойночу,

Кандуу ок тийсе кан кетет.

Азирейил алганда,

Аршка карап жан кетет.

Кыяматтын эшиги –

Гөрстан карап тан кетет.

 

Сапарың каттык ыраакка

Паришта кирет суракка.

Асан кылса Кудайым

Арытар баштан туманын.

Атаа кылар ыманын.

Ар пандани ылайым

Афу кылсын күнөөсүн.

Махшар күнү болгондо

Кабыл кылып амалин,

Насип кылсын жамалын.

 

 

ДАТКАЙЫМ  СУЛУУ

 

Китепте өзүм көргөмүн,

Бейиш, дозок боюну.

Кармадым ишин, кубатын

Каттап көрдүм шу жылы

Ханабад, Созок жолуну.

 

Топурак-белге барганда,

Бузулуп көөнүм толукту,

Базар-Коргон мен барсам,

Миң үйлүү мундуз төрөсү –

Миң башы Максыт жолукту.

 

Мингени жого көшүлүп,

Бирге кеттим кошулуп.

Өкүмат кылып бийиге,

Өкүмдар Максыт миң башы

Улук-аян күндөрдө

Алып кирди үйүнө.

Көзүм түштү төрүгө:

 

Жайнамаз-килем салыптыр,

Жата турган жериге.

Сарала кийиз салганы,

Саркардага мунасип,

Салам кылды алганы.

 

Атуулу Максыт миң башы

Ак шумкар экен салганы,

Ай жамал сулуу алганы.

Торала туйгун салганы,

Төрөлөр кызы айымдай

Бир шаардын баасы

Миң башынын алганы.

 

Ак куржунга базарлык

Салып келди миң башы.

Кыздарына арзылап,

Кызыл шуру чач папик

Алып келди миң башы.

 

Базардан келген буюм деп,

Бирини колго албады.

Кыздан сулуу Даткайым

Кыя көзүн салбады.

 

Суксур моюн, суу талдай

Сулуулугун мен билдим.

Сунган бутун жыйбаган

Улуулугун мен билдим.

 

Улуктугун сурасаң

Курманжанча бар экен.

Кумархандын апасы

Алымканча бар экен.

Жаннат экен таалими

Залымханча бар экен.

 

Бир көргөн адам кайрылып,

Карашканын айтамын.

Жаннаттай үйдүн төрүндө

Жагалмай сындуу Даткайым

Жарашканын айтамын.

Сыры суудай айбаттуу

Савлатиңди айтамын.

 

Орсо катар он сандык

Оңдоп килем жүк жыйып,

Олтурсаң Аптапайымдай

Дөөлөтүңдү айтамын.

Атайы келген мейманга

Аштуулугуң айтамын.

Эки колуң бооруңда

Баштуулугуң айтамын.

Босого жайың – төрүңдө

Муратка жетсин миң башы,

Даткайым, сенин дооруңда.

 

Катык кылып бышырып,

Каймагы калың ак сүттөй.

Алтымыш жылкы калыңы

Алыптыр кыз үстүгө.

Аймакы болсом бу жерге

Жамлар эдем Максыттай.

 

Жакшынын калат санаты,

Калдыгачтай ойнотот

Кайчыдай эки канаты.

Катын алса үстүгө

Капа болбойт кайгырып,

Жакшы зайып адаты.

 

Айылың консун Чатка айым,

Атың кетти ар жерге,

Ай жамал сулуу Даткайым.

Ат тайгылат тар жерде,

Байкадырчылык болучу

Малы, пулу бар жерге.

Атыны жакшы чыгарып,

Айтып жүрөм ар жерге.

 

Баштыгыны тор кылган,

Базардай үйүн гүл кылган.

Агын суу кылып ашыны,

Азиз кылган аржерге

Алганынын башыны.

 

Чайы кайнап кумганда,

Майы кайнап казанда,

Аты жакшы Даткайым

Ашы мынча фазанда.

 

Мазаси балдай ашынын.

Ортосунда калы бар,

Пиликтей эки кашынын.

Босого бойлуу кара чач

Мунча йам узун болорбу.

Ак бетинин ортосу

Анардай кызыл болорбу!

 

Көзү жакшы Даткайым

Көк чайды көп аччык деп,

Памил чайды сасык деп,

Кара чайды кайнатып,

Каймактап шире чай кылат.

 

Мөөрлөгөн кагаздай

Даткайымдын ак бети.

Көрсөң көзүң тайгылат.

Ар жерде болсо кем эмес,

Атантайлыгы Максыттай.

Даткайымдын жамалы

Ак каймактуу ак сүттөй.

Ак бети Айдын жүзүндөй.

Көздөрү чилги жүзүмдөй.

 

Чачы кара кундуздай,

Сааркы Чолпон жылдыздай.

Кашы кара пиликтей,

Колдору коюн жиликтей.

Конодо озгон күлүктөй.

Султан боюн карасаң,

Суудан чыккан сүлүктөй.

 

Куурчактай Даткайым

Кумарлуу көзү сүзүлүп,

Күлө басса үзүлүп,

Даткайымды мен айтсам

Күн тутканы орозо

Сыямдарча бар экен.

Түндө уктабай ыйлаган

Кайымдарча бар экен.

 

Кудаяр хандын алганы

Агача айым кара көз

Айымдарча бар экен.

Туйгун төрө айымы

Тумарханча бар экен.

Аты чыккан ааламга

Алымбектин алганы

Курбанжанча бар экен.

Бакыбектин алганы

Базаржанча бар экен.

Султанмурат айымы

Суксурканча бар экен.

Атамбектин алганы

Айшаханча бар экен.

Рыскулбектин алганы

Канышача бар экен.

 

Маргалаң – улук шаарда

Казы Кален айымы

Кумарханча бар экен.

Сарталаанын Саз-булак

Саз булактан суу алган

Самарханча бар экен.

 

Көп жерде жакшы айым көп,

Көргөнүмдү мен айттым.

Көзү жакшы Даткайым

Көрбөсөм кайдан билейин

Көргөн үчүн сени айттым.

 

Жакшылыгың мен айттым,

Жамалыңды көп айттым.

Сыпатыңды сөз кылдым

Султандыгың билбеймин,

Эрдигиңди Даткайым

Кымбатыңды билбеймин.

Үстүмө катын алды деп,

Үшкүрбөгөн Даткайым.

Кем болот бүтүн наным деп,

Кейибеген Даткайым.

Султандыкта сен турсаң

Суча болор Даткайым.

Кыялыңды бузбайсың

Кызмат кылар Даткайым.

 

Урматың улук көрүнөт,

Ырыскыңды ким тыяр.

Коргошо менен адырбол

Колуңа келип суу куяр.

 

Казды жетип карматкан

Карчыганын канаты.

Айта берсем түгөнбөйт

Даткайымдын санаты.

 

Алтындан экен ийиги,

Айбарттуу экен эшиги.

Күмүштөн экен бешиги,

Күндө жыйын эшиги.

 

Дукаба жапкан бешиги,

Доор экен эшиги.

Көлдөй назик көңүлү,

Кам болбосун Даткайым.

Даткайымдын атыны

Көчкөндө кулдар токусун.

Санатыны саз айттым

Көргөндөр түзүк окусун.

 

 

АПАНДИМ

(Х1 Санат дигар)

 

Сүртүп көзү, кашыны,

Сүрмө кылып ажылар

Суудай төгүп жашыны.

Махшар күнү болгондо

Паришталар айдайт дейт,

Барчаны сабил сратка.

Баш алып кетет Мекке деп.
Ажылар жетсин муратка.

 

***

Кууш мүйүз текелер

Кубалашып ойнор жер.

Сарала тоонун боорунда

Сары асканын секиси.

Сарыгул ажы, Молдо Эрмат

Сагынып келип балдарын

Бири кетип төрт күндө,

Бири кетип беш күндө

Бирөөдөй болду экиси.

 

Калдыргачтай оногон

Кайчыдай эки канаты.

Кандай айтсак жарашат

Сарыгул байдын санаты.

 

Атыккан ажым – Апандим,

Алты күн жатпай сен кеттиң.

Хаж кылып келип карваним

Арыбас срра арманиң.

Азалуу болду алганың

Кайгылуу болду калганың.

Саялуу болду талдарың,

Санаалуу болду балдарың.

Арманыңды айтат алганың

Канимет экен барганың.

 

Беш күн болбой өлгөнүң…

Бекер болду келгениң.

Айтканыңа жетпедиң,

Хаж кылып келип үйүңө

Алты ай жүрүп кетпедиң.

Муратыңа жетпедиң.

Бурулуп келип үйүңө,

Бир жыл жүрүп кетпедиң.

 

Бурак болсун мингениң,

Айталбай кеттиң, Апандим,

Көрүп, угуп билгениң.

Жакшы болду келгениң,

Жаман болду өлгөнүң.

Кадыр түн болду келгениң,

Кара түн болду өлгөнүң.

Айт күндөй блду келгениң,

Жут күндөй болду өлгөнүң.

 

Той күндөй болду келгениң,

Топуру тоодой Апандим

Тойбой калды көзүбүз.

Айтылбай калды сөзүбүз,

Арманда калдык өзүбүз.

 

Хаж кылам деп күз кеттиң,

Ай аттанып, жыл кеттиң.

Саар келип, кеч кеттиң.

Сапардан келип, тез кеттиң.

 

Азалдан көргөн, Апандим,

Ат жалын тартып мингени

Азарди срра көрбөдүң.

Минбедиң аттын жоргосун.

Беш күн өтөр дүйнөдө

Эч панда сендей көргөн жок,

Дүнүйөнүн дооруну.

 

Арманың калбай хаж кылып,

Айланып келип Алайда

Кучтуң жердин бооруну.

О дүйнөм абат болсун деп,

Өмүрүң акыры болгондо,

Алты айда жетип хаж кылып,

Атың калды, Апандим.

Алып келген хажбадал

Катың калды, Апандим.

 

Коргонуңа батпаган

Коюң калды, Апандим.

Жылтыркан башын үздүрүп,

Жылкың калды, Апандим.

Ашканаңда алты ай

Түлкүң калды, Апандим.

Күн түшөгөн багырак

Мүлкүң калды, Апандим.

 

Агын суудай үйүңдө

Ашың калды, Апандим.

Хакам-Көжө, Кара-Мык

Башың калды, Апандим.

 

Алтын жака хандардын

Айы түшпөс багы бар экен

Ак шумкардай ажынын

Арманы бизде бар экен.

 

Күмүш жака бектердин

Күн түшпөс багы бар экен,

Күлүп турган азиздин

Күйүтү бизде бар экен.

 

Азали калам бүтүлгөн

Ажылардын кетмеги.

Хаж кылып жетип Каабага

Муратына жетмеги.

 

Канимет кайтып келмеги,

Каттык күн экен өлмөгү.

Сейил күн экен келгени,

Сабил күн экен өлгөнү.

 

Кадыр түн экен келгени,

Кара түн экен өлгөнү.

Нооруз күн экен келгени,

Ногойго Кудай салбасын,

Наиүмүт кылды өлгөнү.

 

Кызык күн экен келгени,

Кытайга Кудай салбасын,

Кыз, уулун таштап өлмөгү.

 

Базардай болуп келгени,

Баарыдан кыйын күн экен

Балдарын таштап өлгөнү.

 

Айдай балант Апандим

Айдай толуп келгени,

Арман болду шунча-ки

Жан карындаш көп эде,

Жайыга жетип өлгөнү.

 

Бапаасы жок дүнүйанин

Шул экен бир жалганы.

Кадыр түндөй Апандим

Кара-мыкта калганы.

 

Үч-Коргондон өткөндө

Испайрам узак дарасы,

Кара-Тегин, Алайдын

Кара-Мык экен арасы.

 

Кадыр түндөй азиздин

Катары жетип шу жайда,

Каттык уйку рахатта

Келе албай калды апандим.

 

Кыргыз кыпчак кыл журтуң,

Өктөм кыпчак өз журтуң,

Көкөш кыпчак көп журтуң

Көрө албай калды, Апандим.

 

Кызыл гүл бакта ачылды

Тере албай кетти Апандим.

Алып келген атайы

Аб-ы замзам курмасын

Колу менен келгенге

Бере албай кетти апандим.

 

Кожосун көргөн муруттай

Колуңду сүртүп көзүгө

Номут калды бу журтуң.

Наумун кыйла бар эде

Наиүмүт калды бу журтуң.

 

Аксарбашыл кой союп,

Азиз башың куттуктап,

Аш берсеңчи Апандим.

Андан кийин үйүңдө

Акыретке бой салып,

Баш берсеңчи Апандим!

 

Жакшынын үйү майкана,

Көпүрө башы гөрүстөн,

Жардын башы жайкана

Жаназаң окуп көп журтуң

Жайласачы, Апандим.

Жакшылар көрүп көзүңдү

Жайрасаңчы, Апандим!

 

Жакын болсо кабырың

Булбул болуп башыңда

Сайрасамчы, Апандим.

Алдымда болсо кабырың

Ар бир жуму кечеси

Шам чырак жагып башыңа

Сыйласамчы, Апандим.

Күйүтүңө чыдабай,

Күкүк болуп чакырып,

Күндө барып башыңа

Ыйласамчы, Апандим.

Тутугуп ыйлап тура албай,

Түндө барып башыңа

Эки көзүм жашына

Көл кылсамчы, Апандим.

Өзөктүү жанга өлүм ак

Жолумду тосуп турар деп.
Дува кылам, Апандим.

 

Хаж кылып өлгөн шейитим,

Арман болду шунча-ки

Алыста калды бейитиң.

Күндө өтөт бизге күйүтүң.

Күндө кылам сыйытың.

Күйүнөмүн Апандим.

 

Султан башың өтөрдө

Хауз-ы кавсар азыр деп,

Суу ичпедиң бир жутум..

 

Желгирип жетип келгенде,

Жерге тийбей у бутум,

Ак үйү толуп адамга,

Балалары сүйүнүп,

Базар болду, Апандим.

Казасы жетип Кара-Мык

Мазар болду, Апандим.

 

Кара-Мыкта кабарың

Кадырдан азиз, Апандим,

Кантип чыдайт сабырым.

Айтсам жетпейт саламым,

Арылбайт срра алаамим.

 

Азиздардан башаарат

Сыр көрсөмчү, Апандим,

Азиз башың түшүмдө

Бир көрсөмчү, Апандим.

 

Адеп менен мен туруп,

Арыз кылсамчы, Апандим,

Азиз башым жолуңда

Назир кылсамчы, Апандим.

Амир кылсаң кайсы ишти

Парз кылсамчы, Апандим.

Көз жашымды кургатпай

Сел кылсамчы, Апандим.

Айтканыңды тарк кылбай,

Мен кылсамчы, Апандим.

Жаннат жайың таин деп,

Сен калсаңчы, Апандим.

 

Аманат дүйнө алдамчы,

Жарык дүйнө жалганчы.

Бул жалганчы дүйнөдө

Үмүт кылат турбайбы.

Бир көргөн башы тааныштан

Бир жастыкка баш койгон

Мен кыламын, Апандим.

Жайыңыз жаннат-бейиштен

Жалганчы дүнүйа бекер деп,

Жан аябай сен кеттиң.

Болжошуп келген немедей,

Молло Эрмат менен тең кеттиң.

 

Жорго минсе жоорутпас,

Жолдоштун көөнүн оорутпас,

Тулпар минсе жоорутпас,

Душмандын көөнүн оорутпас,

Намашрө сөз айтпас

Намарт эдиң, Апандим.

Бакка конгон булбулдай,

Аали минген дулдулдай,

Кумга тийген чырактай,

Кудайым азиз жараткан.

 

Пайгамбар минген бурактай,

Балдарын таштап буякка ай

Чакырса добуш жетпеген

Апандим кеткен ыраакка ай.

Адамзат барса гөрүнө

Паришта кирет суракка ай.

Эсиз азиз Апандим

Эми бирөөдөн пайда жок

Кыямат күнү болгондо

Кыл көпүрө кыйын дейт,

Минип өткүн Буракка ай!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ТӨРТҮНЧҮ

 

КОЛ ЖАЗМА-БАРАК

 

 

 

 

 

 

 

 

         Мадина

 

(Түп нускасы баткен районуна караштуу Кадамжай районундаг Көтөрмө айыл кеңешине караштуу Карл Маркс атындагы колхоздун тургуну, 1898-жылы туулган  Сулайман уулу Айдар Молдодон 1974-жылкы экспедицияда алынган. Молдо Айдар Молдо Нияздын ырларынан үзүндүлөрдү да айтып берген. КРИАнын Кол жазмалар фондусу, Инв. №644, 153-158-бб.).

 

Алыска сапар кылганы

Карваниң мынча зор экен.

Атаң мекке, энең нур

Акыретке бой салса,

Арманы мынча зор экен.

 

Катар-катар нар айдап,

Калаага кеткен байлардын

Карвани мынча зор экен.

Кайрылбас сапар – акырет

Арманы мынча зор экен.

 

Сандыкта пулдуу балардын

Сары-Кол кетсе соодалап,

Сарвари мынча зор экен.

Сарсан кылып башыны

Сапары узак жакшынын

Арманы шунча зор экен.

 

Бурулуш жерде мен болсом,

Бурулуп келер муңдашым.

Кайрылыш жолдо мен болсом,

Кайрылып келер муңдашым.

Айрылыш жолдо мен болсом,

Атайлап келер муңдашым.

 

Сымаптан жакшы сырдашым

Карлуу күнү кайрылып,

Муздуу күнү бурулуп,

Муң айтышар муңдашым.

Каттык сапар сен кылдың,

Кадыр түндү муңдашым.

 

Максатка жетер Мадинам

Барып жүрөр мен дартим.

Ачылат эле баарым

Базардай кызык шаарым.

Өтүп кетти базарым,

Өтүлөр эми азарың.

 

 

Каттап жүрөр зор дартим,

Кадыр түндөй мен дартим.

Канатыман кайрылдым,

Кандай сенден айрылдым?

 

Пейли жакшы Мадинам,

Белимдеги кубатым.

Бокчомдогу манатым.

Алыска учар канатым,

Айттырдың кандай санатың.

 

Эгизде тоолор кар болду,

Энесинен айрылып,

Эки кызы зар болду.

Жайлоонун башы кар болду,

Жатып калдың жайланып,

Жалгыз ботоң зар болду.

 

Алыска сапар кылчы эде,

Арсар кылдың атамды.

Сары-Кол сапар кылчы эде

Сарсан кылдың атамды.

 

Көлөкө сапар кылчы эде,

Көөнүнү кандай гаш кылдың.

Арманың айтып жүрөргө

Атамды бизге баш кылдың.

 

Көөнүбүздү гаш кылдың,

Көзүбүздү жаш кылдың.

Кашка тиштер кетилсин,

Кадырыңа жетпедик,

Азариң энди өтүлсүн.

 

Азыр кеттиң мадинам

Адат болсун о дүйнөң.

Мадинамди мен айтсам,

Башы Алайга батпаган

Малдуу эди атасы.

Коргонуга батпаган

Койлуу эде атасы.

Жылтыркан башын үздүрүп,

Жылкылуу эде атасы.

Ашканада алты айлык

Түлкүлүү эде атасы.

Миң тиллалик зары бар

Мүлктүү эде атасы.

 

Хан, беклердин алдында

Кадырлуу эде атасы.

Аң-Төргө кою жайылып,

Адырлуу эде атасы.

Күндө үйүдө тоййар

Күлүктү чапкан атасы.

Бабаларын сурасаң,

Шамырат хандар түнөгөн,

Азиздин тийген патасы,

Айтканымдын баары чын,

Жалганы жок-катасы.

 

Тоодо өткөн тагасы,

Кожа-и кызыр жар болгон

Кожомкул бай агасы.

Багыны багбан пайлаган,

Балдары өсүп жайнаган,

Кара-боз койду айдаган,

Казы, карта чайнаган;

Казаныда май кайнап,

Кумганында чай кайнап,

Каадалуу каңды эли бар,

Тулпарга тарткан тулу бар,

Багыда кызыл гүлү бар,

Мадинани мен айтсам,

Шундай байдын баласы.

Көзүнүн агы, карасы,

Көрктүү байдын баласы.

Туйгун көздүү азалдан,

Тулпарлуу байдын баласы

Максаты улук Мадинам,

Күнүң бүтүп сен кеттиң

Гүл бейиш болсун барганың.

Күнүнү көрөр каганың.

 

Жаның болсун жаннатта,

Жан күйөрүм Мадинам,

Балдарың таштап быякка,

Чакырса добуш жетпеген,

Мадинам, кеттиң ыракка,

Жалакасын илайим.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БЕШИНЧИ  КОЛ  ЖАЗМА

 

(Эл оозунан жыйналган)

 

1974-жылы Ноокат менен Кадамжай (Мурдагы Фрунзе)

Райондорунан жыйналган Материалдар (Жыйнагандар:

Сапар Закиров, Пайзулла Ирисов, Жаңыл Мусаева)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен областынын Кадамжай (Мурда Ош областына карачу) районундагы Көтөрмө айыл кеңешине караштуу Карл Маркс атындагы колхоздон Сулайман уулу АЙДАР МОЛДО (1898-жылы туулган, уруусу найман) айтып берген Молдо нияздын Санаттарынан үзүндүлөр:

 

Жетинбейт бирөө бир пулга,

Жеткилең берип коюптур

Дүнүйани бир кылга.

Бирөө жүрөт тоолордо –

Кар басып көзү карыгат.

Бир нече мискин карыптар

Бир пул таппай зарыгат.

 

Көргөн билет шунча-ки

Дүнүйөнүн  карини.

Эгем билет шунча-ки

Эки дүнүйа баарини.

 

***

 

Түндө уктабайт ит деген,

Жетимдин мойнун пит жеген.

Хандар күндө кант жеген,

Аярдын баари бант деген.

Арза кыла көрбөңөр,

Асан эмес ант деген.

Эр канаты ат деген,

Аябайт душман-жат деген.

Акылы кем сарт деген,

Өзөктөн тиет дарт деген.

Өлүмдөн кайтпайт март деген.

 

Үч ай — токсон кыш деген,

Пешене терин шыпырып,

Пештеме кетмен көтөрүп,

Азамат чөлдө иштеген.

 

***

 

Алпар издин заманы

Азар болду канчалар.

Малың жакын бара албай,

Мазар болду арчалар.

Пайтава болду парчалар.

 

***

 

Жар мазардын жанына

Жаңы мазар жүргүзүп,

Жатып алды бетпактар.

Жазда жүрөр жайларды

Тартып алды бетпактар.

 

Бетпактардын аманы

Пахта саткан бай болду.

Палиттар жайы сум болду,

Баары адамдар шум болду.

 

Журтта көпөс көп экен,

Жүрүп калды зауту.

Баласыны көтөрүп,

Малай болду көп иттер.

 

***

 

Китапта өзүм көргөмүн,

Бейиш-у дозок жолуну.

Кармадым эшен колуну.

Каттап көрдүм шу быйыл

Канабад, Созок жолуну.

Көргөнүм срра жок эде.

Базар-Коргон мен барсам,

Миң үйлүү мундуз төрөсү

Миң башы Максыт жолукту.

Кайдан келген адамдеп.

Күмөн кылды миң башы.

Сөзүмө канып ишенип,

Мейман кылды миң башы.

Кожосундай көрүнүп,

Жолдош кылды миң башы.

 

(Миң башынын аялына):

Мектепте балаң окусун,

Көргөнүм айым көчкөндө

Кулдарың атың токусун.

 

Кадыров Эшбайдын айтканы (1930-жылы туулган, колхоздо бухгалтер):

 

Тамаша деген жерде 200 жыл жашаган чоң түп тал бар. Аны Тайгаранын талы деп аташат. Молдо Нияз:

“Талдуу кооз, көлөңкө

Тайгаранын супасы.

Абдыразак байбача

Уруулуу бөөнүн упасы.

 

Эрте баар болондо,

Алайга карап көч аштайт.

Ач-арыгым жесин деп,

Амбардын оозун бош таштайт.”-деген экен.

 

Молдо Нияз жөнүндө Фрунзе районунун (Азыркы Кадамжай району) Кызыл-Булак кыштагында (Шаймарданда) жашап туруучу неберелеринин бири мындай дейт: “Молдо Нияз карыган убагында улоосуна бээ минип жүрчү экен. Бир күнү Шаймарданга бээсин минип барып, сарайга байлап койсо,

Молдо Ниязды уятка калтырмак болуп, Молдокан деген киши айгыр атын чечип, бээге коюп жибериптир. Айгыр азанап бээге ашат. Отурган сарттар боору катып күлүп калышат. Анда Молдо нияз мынтип ырдаптыр:

Шариаттин жолунда

Илаим тагдыр буюруп,

Менин байталыма ат ашат.

Молдокал, сага буйруса

Баудилдин сарт ашат.

Чыт көрпөчө бөз арткан,

Кечээ

Чыңырткан палбан өзү айткан.”-деп кайра Молдокалды уяткарган экен.

 

 

ТАЙТӨРӨ БАТЫРКУЛОВ жазып алган материалдардан

 

Кадамжай районундагы кызыл-Булак кыштагынын тургундары, Молдо Нияздын чеберелери: СЫДЫК менен ТАШБҮБҮДӨН жазылып алынган.

 

САЛИЯДАН (Молдо Нияздын уулу Мырзакулдун кызы болгон Ташбүбүнүн кызы): “Энем раматылык айтат эле, чоң бубабыз Молдо Нияздын аялы, биздин чоң энебиз көрүмү жок, өң, түсү анчейин, билген билими жок аял экен. Молдо Нияздай атактуу адам, ошондой билимдүү, акын адам ошондой билимсиз, көрүмсүз аял менен жашап өтүп кеткен экен дечү эле. Чоң бубабыз Молдо Нияздын бир досуна жазган ырынан (Ал досунун аты Өмүрзак болгон):

 

“Актыканам Алайдай,

Саманканам сарайдай.

Менин баари балдарым

Пулга салган малайдай.

Жаман катын, жаш бала

Жаткызбаптыр бир кече.

Саамайыны саксайтып,

Сата албасам базарга,

Эки көзүн чекчейтип,

Коё албасам мазарга.”

 

СЫДЫКТЫН кошумчасы (Сыдык, анын атасы Бекмурза, анын атасы Мырзакул, анын атасы Молдо Нияз болгон. Бекмурза менен Ташбүбү бир тууган. Бекмурзадан Сыдык, Ташбүбүдөн Салия, Сыдык Салияга үйлөнгөн):

 

“Менин баккан балдарым

Пулга түшкөн малайдай.

Ала-Тоонун бооруна

Ай түнөсө не болот?

Кембагалдын үйүнө

Бай түнөсө не болот?”- деген экен Молдо Нияз.

 

***

 

Молдо Нияз мырзакул деген уулун үйлөнтүп аткан тойдо бир карын май жоголуп кеткен экен, анын жоголгону Молдо Ниязга да жетет, ошондо мынтип ырдаган экен:

 

“Үндүү-Колдо үндөгөн

Улур алып кеттиби?

 

Апсатардын балдары –

Булар алып кеттиби?

 

Кысыктан келип кызарып,

Тажиң алып койдубу?

 

Мойлоо жагы кылым деп,

Момункул алып койдубу?

 

Колу-башы кождурап,

Кабылың алып койдубу?

 

Токтотуп айткан сөзүнү,

Тостойтуп эки көзүнү,

Мазардан чыгып мас болуп,

Олпон пулу түштү деп,

Чолпон алып койдубу?

 

От жага албай опоюп,

Күйөө жан алып койдубу?

(Өзүнүн баласын айтып атат)

 

Энемдики алал деп,

Тумаржан алып койдубу?

(Той түшүп аткан келинин айтып атат)

 

Атка салат шалчаны,

Өзү билип бербесе,

Ажап кылат Парчани.”

(Өзүнүн аялын айтып атат)

 

Бул материалдар “Ала-Тоо” журналынын 1989-жылкы  №1 санынан алында.

 

САТЫБАЛДЫ САЙПИДИН уулу жарыялаган “Молдо Нияз – жазгыч акын” деген макаласынан (Кадамжай райондук “Жаңы заман” газетасы, 10.03.1993-ж.):

 

“Молдо Нияз …өзү жашаган доордогу эзүүгө, теңсиздикке адилет баа берген. Ал өүнүн ырларында адамдарды салыштырып да ырдаган:

 

“Тамашада Ак эшен

Саакыда мындай көрбөдүм.

Шаймарданда Мамажан

Бакылдан мындай көрбөдүм.”  Бул ырында Ак эшен Тамаша айылында туруп, кедей-кембагалдарга жардам берип, жтим-жесирлерди баккан. Балдарды окуткан. Ал эми Мамажан болсо Шаймардандик бай болгон. Ал элди райымсыздык менен эзип иштеткен. Ошондуктан эл аны жек көргөн. Молдо Нияз төкмөлөргө окушоп ошол замат ыр чыгарган. Ошондой бир окуяны эске салып кетели.

 

“Май жоголгондо” деген ырдан. Молдо Нияз уулу мырзакулду үйлөгөн тойдо кудаларга коёбуз деген бир карын май жоголот.Элдин “Май жоголду” деген күбүр-шыбыры Молдо Ниязга да жетет. Ошондо Молдо Нияз мынтип ырдаган экен:

 

“Үндүү-Колдон ышкырган

Улар алып койдубу?

Атамдыкы адил деп,

Тумар алып койдубу?”  Мындагы  үндүү-Кол үйүнүн үстүндөгү кокту. Тумар – той түшүп, алып аткан келини.

 

МОЛДО  НИЯЗДЫН  ТӨКМӨЙДӨГҮ (шернедеги) ЖОРУКТАРЫ

(СЫДЫК БЕКМЫРЗАЕВДИН айтуусу боюнча)

 

Бир үйдө болгон “Төкмөйдө” койду союп илип койсо, бир дейди ит (жолбун ит) этти жыттап коёт. “О, этти ит жыттап койду. Арам болдубу же болбодубу? Жесе болобу же болбойбу? дешип, Молдо Нияздан жол сурашат.

Ошол замат Молдо Нияз ырдап жооп айтат:

 

“Ак дөбөдөн аттанып,

Чыккан экен оовпадар.

Кулмамбетти жыт кылып,

Келген экен оовпадар.

Кал Парманча курама

Ит тийген гөштү жеп алып.

Шарисин менден сураба.”  Мындагы “шарисин”  “шариятин” деген сөз. Мааниге караганда ит Кулмамбеттики окшойт.

 

***

 

Бир дайди ит дагы бир төкмөйдө (түштүктүн башка чөлкөмдөрүндө “гап” “Гап жейбиз” деп айтылат) союлган гөштү (этти) уурдап жейт. Төкмөйгө чогулгандар итти бир тамга камашып, итке жер май чачып, от коюп өлтүрүшөт. Ошону Молдо Нияз угуп, ырга кошот:

 

“Айдар баңги, наспуруш

Пит соёр деп эшиттим.

Кескен-Таштын балдары

Ит соёр деп эшиттим.

Жото жилик – Жолдошко.

Кабыргасы Колдошко.

Кары жилик Кадырга,

Ашыктуу жилик — Айдарга.

Мурун барган албасын,

Мурзаибраим калбасын.

 

Суутпай белге сала бар,

Сулайманга ала бар.

Таштемирдин селдеаси.

Эралыга тийсин калдаси.”-деген экен.

 

Ошондой Төкмөйлөргө катышкан бир аял бар экен. Күйөөсүн тоготпойт экен, төкмөй болгон жерлерге бара берет экен. Төкмөйдө жалаң эркектер болот эмеспи. Аялдын аты Дүржан экен, Молдо Нияз ошону:

 

“Эралы сийгек эселек

Эри болду Дүржандын.

Көрүнгөндүн чапаны

Көрпөсү болду Дүржандын.

Чатыр-Ташты айланып,

Сууга түштү Дүржаның.

Суук сууга көп түшүп,

Тиши ооруду Дүржандын.

Төкмөчүлөр аш берсе,

Ичи ооруду Дүржандын.”-деп ырдайт. Дүржан да кыйын аял экен, ал да ыр менен:

“Молдо Нияз кайнага,

Кайиба менин жаныма.

Калла толот тамыңа.”-деп жооп бериптир. “Калла толоттун” мааниси мындай: Биздин Ак-Кыя айылыбыз Шаймарданга жакын. Зыяратка келгендер эчки, улак, кой союшса, шыйрак, баштарын Молдо Нияздын туугандары үйүнө апкелип бышырып жешет экен, ошого тийиштирип айтып атат.

 

***

 

Ак-Дөбөдө Карымбай деген бай той кылат. Молдо Нияз барса, тойго түш деп дурус урматтабаптыр. Ошондо Молдо Нияз:

 

“Кең-Корукка тиктирген

Дарың менен куруп кал.

Бордокулап сойдурган

Нарың менен куруп калган.

Куламбет жүрөт туугансып,

Белин тышынан буугансып,

Аттарларди кугансып.”-дегендей саптар менен узун сабак ырдайт. Бай кечирим суранып, аттан түшүрүп бир тайлак берген экен. ошол тойдо көп ырчылар менен ырдашып, баарин жеңген экен.

 

***

 

…Молдо Нияз кимдир бирөөнүкүнө барат. Анын атын алып, торпок байлаган казыкка байлашат. Кандайдыр казык суурулуп, Молдо Нияздын аты торпокту сүйрөп барып суу ичет. Аны Молдо Нияз көрүп:

 

“Коркутса болот коркокту,

Не кылса болот чоркокту?

Молдо акемдин байталы

Сугарып келет торпокту.”-деп ырдайт.

 

Ак-Кыя айлындагы аял-эркектер гана эмес, алыскы айылдардагы аял-эркектер да Молдо Нияздан абдан айбыгышчы экен. Молдо Нияз укса ырга кошот деп зөөкүрлүк, бейадепчилик, уурулук иштерден сактанышчу экен. Биздин чоң бабабыз Молдо Нияз ушундай таасирдүү адам болгон экен. биздин билгенибиз ушул. Азбы, көппү ыраазы болуңуз,-деди Сыдык Бекмурзаев.” (Тайтөрө Батыркуловдун “Молдо Нияздын китеби” деген жол дептеринен алынды).

 

 

Профессор РАИМЖАН  ЭГЕМБЕРДИЕВдин 1985-жылы 14-25-майда Кадамжай районунан жазып алган материалдарынан

 

  1. Молдо Нияздын бир досу Алайдан ат тартуулап келсе, аялы: “Ал киши (Молдо Нияз) үйдө жок.!”-деп, кондурбай коет. Кийин аны уккан Молдо Нияз ыр менен Алайга кат жазат:

 

“Жаман катын, жаш бала

Жай бербептир бир кече.

Саманканам сарайдай,

Аттыканам Алайдай.

Менин бинаа болгон балдарым

Байга жүргөн малайдай.

 

Самайыны саксайтып,

Сата албасам базарга.

Эки көзүн тостойтуп,

Коё албасам мазарга.

 

Эгиз тоонун бооруна

Ай түнөсө не болот?

Кембагалдын үйүнө

Бай түнөсө не болот?

 

Букарада бир жүрүп,

Бирибизди сыйлашып,

Жүрбөдүк беле ыйлашып.

Мен берип ийдим бир кадак чай,

Сен жөнөтүп ий бир карын май!

 

2.

Жакшы катын каадасы

Булгары кылат терини,

Мырза кылат эрини.

Жаман катын белгиси

Калдырмак кылат терини,

Карыздар кылат эрини.

 

3.

Кыбылжынды каймал дейт,

Биздин урууну найман дейт.

Татыранды төөлөр жейт,

Сени тантык бөө дейт. (“бөө” уруунун аты)

 

4.

Ак-Суу бою наймандай

Аштуу журтту көрбөдүм.

Жийделиктей, каңдыдай

Баштуу журтту көрбөдүм.

 

5.

Окуу, окуу, окуу таш

Охнада чоку таш.

Убакти-ки Парманас.

Өзүбүздүн кор Манас.

 

Ак-Дөбө кандай дечи элем,

Ак-Дөбөнү мен көрдүм.

Көк_Дөбө курук чөл экен,

Көз жеткисиз көл экен.”

 

6.

Молдо Алымкул ырчы менен кыдырып жүрүп:

 

“Китапта өзүм көргөнмүн,

Бейиш, дозок жолуну.

Кармадым эшен колуну.

 

Кадыр Эгем махшарда

Карабай өттүм тозокту.

Каттап келдим шу жерге

Канабад менен Созокту.

 

Топурак-Белге барганда

Туруп көөнүм толукту.

Мундуз максым төрөсү

Миң башы Максыт жолукту.

 

Сөзүмө канып, ишенип,

Беймаалда аттанып,

Үйгө конду Миң башы.

Көзүм түштү төрүгө,

Ырысы катар он сандык

Ондоп килем жыйдырган.

Сунган бутун жыйбаган,

Улуулугун мен көрдүм.

Эки колу боорунда,

Сулуулугун мен көрдүм.

Миң башынын алганы

Саркардага мунасип…

 

 

 

 

 ТҮШҮНДҮРМӨЛӨР

 

Бул китепке Молдо Нияздын 1993-жылы жарык көргөн “Санат дигарасттар” деген китебиндеги тексттер кирди. Аны арап тамгасындагы эски жазмадан Р.Зулпукаровдун жардамы менен азыркы тамгага көчүрүп жарыялаган элем. Бул жолкуда кайрадан такталып окулду. Манас-түрк университетинин окутуучусу Мустафа Качалин менен окулган текст негизинен түрк тилине ылайыкталып окулгандыктан, мурунку китепте кеткен кемчиликтер эске алынуу менен, эки текст салыштырылып, туура делгени китепке кирди. Ошондой эле, “Бейнасип кылба, Кудайым!” деген Экинчи колкитептеги ырдын текстинин 24-сабынан кийинки, биз “чагатай тилинде” деп божомолдогон, жагы ошол боюнча берилди. “Божомолдогон” дегеним, ушул кезге чейин кыргыз тилчи-окумуштуулары тарабынан Чагатай бийлеп турганда жазма тил катары (бул өзүнчө нагыз тил эмес) пайдаланылып, Борбордук Азияда жашаган түрк элдеринин ар бири өз тилдериндегидей окуган  тексттерди тилдик эрежелердин негизинде талдап, түшүндүрүп бере электиги өкүндүргөндүктөн айтылып атат. Негизинде өзбек тилиндеги тексттер менен Чагатай тилинде делген тексттердин айрымачылыктары такталып берилиши зарыл эле. Менин байкоомдо ичкилик диалектисиндеги кыргыз тили “Чагатай тили” делген жазма тилдин жаралышына негиз түзгөн. Мен муну Молдо Нияздын “Санаттарындай” бир нече кол жазмаларды окугандан кийин айтып атам.

“Көч жүрө-жүрө түзөлөт” дейт эмеспи, так эмес жерлери болсо. Кол жазманы окуй ала турган азаматтар тууралап окуп, туурасын бизге билдирип койсо, зор жардам болор эле. Анадай адамдарга алдын ала ырахматыбызды айтабыз.

 

Биринчи кол китептеги ырлар:

 

Жан Эгем өзү жараткан”. Түп нускада жана биринчи басылышында мындай аталыш жок, биз тараптан жаңыдан берилди. Молдо Нияз жазган ырларына  аталыш бербей эле, “Санат-ы дигараст” (башка санат), “Санат-ы дигар” (дагы бир санат), “Санат-ы хасират” (арман санат) деген сөздөр менен ажыратып кете берген. Биринчи басылышта (1993-ж.) аларды бирин экинчисинен айрымалаш үчүн ар бирине Рим цифрасы менен номур коюп чыкканбыз. Поэзия туундулары үчүн Рим цифралары менен ажыратуу анчейин ынанымдуу боло бербегендиктен, бул басылышында санаттардын ар бирине өзүнчө аталыш бердик. Ошондой эле “Бейнасип кылба, Кудайым!”, “Жаратты”, “Берип коюптур”, “Көп көрдүм”, “Миң башы” деген темалар коюлуп, майда бөлүктөргө ажыратылды. Камтыган мазмунунун ар түрдүүлүгүнө жараша ырларды мындан ары да ушундай жолго салынат.

 

Ыр мааниси немине?  Акын бул ырында: “Менин айткан сөздөрүм//Жүзятка окшогон” деп аткандай, кол жазмалары бөлүктөрдөн б.а. ар түрдүү чыгармалардан турарын айткан, айрым нерселердин, ошонун ичинде ырдын мааниси эмне экендигине суроо салган.

 

Эгем жалгасын.  бул ырдын мазмуну эки бөлүктөн тургандыктан “Кетет”, “Жайыңы кылсын жаннатта” деген эки ырга бөлүндү.

 

Бул аманат дүнйада.  Муну дагы жогорку ырдай экиге бөлүп, биринчисине “Деген”, экинчисине “Кыяматкайым болгуча…”  деген аталыштар бердик.

 

Замана чапка айланды.  Молдо Нияз ушул ырынын аягына “1333” деген хижра жылын жазып койгон. Акын бул датада көрсөтүлгөн убактан жыйырма жылча мурда каза болгонун билбеген окурман ырдын жазылган датасы экен деп түшүнүп калышы да мүмкүн. Андай эмес, орус баскынчыларынын кылык-жоруктарына анализ жасап, замандын кебетесине карап “Уруш болор аз күндө” деген тыянакка келип, аны ошол 1333-хижра жылына б.а. 1916-жылга туура келет деген божомолун айткан окшойт.

 

Жакшы катын, жаман катын.  Мындай аталыштагы чыгармалар кыргыз ырчылар поэзиясында традициялуу тема. Муну да экиге бөлүп, “Жаман катын”, “Жакшы катын” деген аталыштар бердик.

 

Беш күн өтөр дүйнөдө.  Бул ыр биринчи басылышта “VI Санат дигараст” деп аталган.

 

Болот.  Бул ыр “болот” деген сөздүн кайталанып отурганынан жаралган. Биринчи басылышта “VI1 Санат Дигараст” деген аталышка ээ болгон эле.

 

Китеп кылдым ырымды. Биринчи басылышта “VIII Санат дигараст” деп аталчу.

 

Катка салдым санатты.  Бул ыр “Доору экен”, “Көп айттым” деген сөздөрдүн кайталанып отуруусунан жаралгандыктан ушундай аталыштар бердик.

Албарс каапыр заманы.  Бул ырда:

“Жакшылардан айрылып,

Жакыр болду жерибиз,

Жаман шум болду элибиз.

………………………………………

Катка түштү үйңбүз,

Калбады жакшы бийибиз.

………………………………………

Тоо менен жолду бутпарас

Бүтүп алды дептерге.

………………………………………

Алыстан келген басмачы

Ада болуп калса экен!”-дегендей, “Замана агымы” делип куугунтукталып, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч сыяктуу акындардлын мурастары камакка алынгандай, саптар бар.

 

Алымкул.  Муну орус баскынчыларына каршы согуштун факты-материалы, зор маанилүү тарыхый поэма (дастан) кароо туура болот.

Алымкулдун өзүн Ата Мекен үчүн жанын сайып согушкан кыргыз-кыпчак баатыры жана мамлекет башчысынын таза үлгүсү , мусулман элинин зор патриоту катары кабылдоо жана даңазалоо зарыл.

 

Адамзат өлөт бир күнү.  Бул чыгарма төрткө бөлүнүп, төрт түрдүү аталыштар берилди. Молдо Нияз:

“Аты канам Алайдай,

Саманканам сарайдай.

Менин баккан балдарым

Пулга салган малайдай.

 

Ала-Тоонун бооруна

Ай түнөсө не болот?

Кембагалдын үйүнө

Бай түнөсө не болот?

 

Саамайыны саксайтып,

Сата албасам базарга.

Эки көзүн чекчейтип,

Коё албасам мазарга”-дегендей белгилүү саптарын өзү жокто Алайдан үйүнө келген Өмүрзак деген досун үйдөгүлөрү жакшы кабыл албай, аттан түшпөй кайра Алайга кетип калганын кийин билген соң арман жана өкүнүч катары жазган. Муну “Өмүрзак” деп атадык. Экинчи ырында акын наркы дүйнө менен бу дүйнө жөнүндө сөз кылгандыктан, “Бу дүнүйө, о дүнүйө” деп аталды. Үчүнчү ырда Көруулу, Пират бай, Молдоташ аттуу мыкты инсандар жөнүндө сөз болот. Муну “Эртеги эрлер эскирди” деп атадык. Биз “Армандын дагын көрбөсүн” деп атаган төртүнчү ырда Молдо Нияз турмуштагы теңсиздиктерди санап келип, “Алымбек датка балдары// Атасынан зор болду. Албарс каапыр оруска// Акыры жүрүп кор болду” дегендей саптар менен корутундуланган.

 

Ашырбек чыкты казатка. Бул бир ырдын үзүндүсү сыяктанат, бир сабын аталыш катары берип койдук.

 

Экинчи кол китептеги ырлар:

 

Жан Эгем өзү жараткан.  Ырдын аталышы “Биринчи колкитептин” башындагы чыгармага окшошуп турганына карабастан мазмунунда окшош жана окшош эмес жерлери көп. “Биринчи колкитептегисинин” баш жагына 29 сап ып ыр кийин (мүмкүн мурундур) киргизилип, “Экинчи колкитептеги” башка тилде жазылган 2-15-беттердеги 127 сап, ошондой эле кыргыз тилиндеги 38-48-беттердеги 113 сап ыр ж.б. бир нече саптар, түрмөктөр “Биринчи колкитепке” кирбей калган. Демек, “Бейнасип кылба, Кудайым!”, “Жаратты”, “Берип коюптур”, “Көп көрдүм” деген аталыштардагы бөлүктөр эки колкитепте тең болгондугуна карабастан мазмундарында, саптарында айрымачылыктар бар. Акыркы бөлүгү болсо эки колкитепте эки башкача жазылган. Ошондуктан аталыштары эки башкача берилди.

 

Кудаа пендем дебесе.  Ырдын баш жагындагы 30 сап “Биринчи колкитепке” “Ыр мааниси немине?” деген өзүнчө ыр катары кириптир. Калган бөлүгүнүн аяк жагындагы сексендей сабы башка тилде жазылган.

 

Жакшы катын, жаман катын”.  Бул Чыгыш поэзиясында илгертен салт катары айтылып, жазылып келаткан ыр. Кыргыздын төкмө жана жазгыч акындарынын көбүндө бар. бул бир аз кыскартуулар менен “Биринчи колкитепке” да кирген.

 

Көрдүм жүрүп далайды.  Мында Молдо Нияз кыргыздын Түндүк, Түштүгүн түрө кыдырып, Кытайдын Кашкарына чейин барганы, көптөгөн улуу, улук кишилерди көргөнү айтылат.

 

Күйөмүн.   Чыгарма эки бөлүктөн тургандыктан, эки чыгарма катары аталыштар бердик. Биринчисин “Көргөмүн”, экинчисин “Орус келип зор болду” деп атадык. “Көргөмүндө” Алымбек, Койчу даткалардын үлпөтүндө болуп, Качыбек, Дыйканбай, шабдан сыяктуу көптөгөн белгилүү инсандарга жолукканын сөз кылса, “Орус келип зор болду” деген ырында “Анжиян көтөрүлүшүн” кепке алат. Ырдын башындагы “Аркада калган марттардин//Албаган жерим калбады” деген саптарды ошол жактагы (Аркадагы) чыгаандар, билармандар менен жүрдүм же тааныштым, достоштум дегендей түшүнүү керек.

 

Замана чапка айланды.  Ырдын баш жагы чагатай тилинде жазылып келип, аягы Миң-Төбөлүк эшенди мактап, орус баскынчыларынын залдарынан замананын бузулганын кабарлайт. Бул “Биринчи колкитептеги” ушундай аталыштагы ырдан айрымаланып турат.

 

 

Үчүнчү колкитептеги ырлар:

 

Курманжан датка.  Ыр Алай ханшасы деп аталган Курманжан датканын тагдыры жана мамлекеттик маанидеги иштери жөнүндө. Ошондой эле Курманжан датканын күйөөсү Алымбек датка, ал экөөнөн жаралган балдары жөнүндө баяндалат. Курманжан датканын кичүү уулу Камчыбек дарга асылып, Абдылдабеги Ооганда көз жумуп, калган балдары сүргүнгө айдалган трагедиясына байланыштуу Молдо Нияздын Курманжан даткага көңүл айткан учуру да бар. мындай кайгылуу окуяларга орус баскынчылары себепкер экендиги айкын көрсөтүлгөн.

 

Дыйканбай.  Токтогулдун атактуу “Беш каман” аттуу ырындагы Рыскулбектин баш уулу, ырдын башкы каармандарынын бири Дыйканбайдын ашы тууралуу сөз болот. Ырдын мазмунуна караганда ошол ашка Молдо Нияз өзү катышкан. Дыйканбайды Канайга, Шабданга, Максыт миң башыга, Жолборс казыга, Чыйбылга ж.б көптөгөн атактуу адамдарга, атүгүл Манаска салыштырып, алардын кээсине Дыйканбай тең эле десе, көбүнөн артык эле деп айтат.  Ырдын аягындагы 12 сап бөлүнүп турат, уландысы 16-бетте болсо керек? Ушул жерден түп нусканын бир барагы жок.

 

Адамзат өлөт бир күнү.  Бул ырды “Биринчи колкитепте” үчкө бөлүп, “Бу дүнүйө, о дүнүйө”, “Эртеги эрлер эскирди”, “Мырзабай” деген аталыштар берилген.

 

Кыяматкайым болгуча.  Бул ыр “Эрмек болот ыр деген”, “Койдун кани Кочкордо” деген эки бөлүмдөн туруп, биринчиси “деген”, экинчиси “дарди”, “кани”, “жайи” сыяктуу сөздөрдүн кайталанышы аркылуу жасалган. Мисалы: “Адамдын көөнү гүл деген”, “Сопунун дарди азанда//Соргоктун дарди казанда.” ж.б.

 

Кымчабел.  Бул ыр “Бул арманым дагы бар”, “Кымчабел” деген эки бөлүктөн турат. Мында акындын бир келинге болгон ашыктыгы айтылат. Молдо Нияз ырчылардын илгертен келаткан салтына салып, ал келинге Кымчабел деп ат коюп алып ырдайт. Ырдын аягы же бүтпөй калган.

 

Аршка карап жан кетет. Аягы бүтпөй калган, кыска ыр.

 

Даткайым сулуу.  Бул ырдын Алымбек датканын алганы Курманжан даткага таптакыр байланышы жок. Мында Базар-Коргондук мундуздардан чыккан Максыт миң башынын (болуштун) супсулуу жана акылы жетик зайыбы Даткайым жөнүндө сөз жүрөт.

 

Апандим.  Сарыгул деген бай Меккеге барып, ажы болуп кайтып келатып, Алайдагы Кара-Мык деген жерде, үйүнө жетпей каза болот. Ошого карата арман-кошок түрүндөгү ыр. Ал срсгул байды Молдо Нияз “Апандим” деп атап алып ушул ырды жазган экен. Анда: “Жорго минсе жорутпас//Жолдоштун көөнүн оорутпас,//Тулпар минсе жорутпас,//Душмандын көөнүн оорутпас” дегендей саптар менен узун-сабак мактайт. “Жакшы болду келгениң,//Жаман болду өлгөнүң. Кадыр түн болду келгениң,// Кара түн болду өлгөнүң.” дегендей кошок таризиндеги саптар кайталанып отурат.

 

 

Төртүнчү кол жазма-барактагы ыр.

 

Мадинам.  Бул чоң ак баракка араб тамгасында кештеленип жазылган жазма-мурас. Мадина аттуу зайыбы өлгөн бирөөгө Молдо Нияз кошок катары жазып берген ыр окшойт. Аны: “Канатыман кайрылдым,// Кандай сенден айрылдым!” “Балдарың таштап быякка,//Чакырса добуш жетпеген,// Мадинам, кеттиң ыраакка.” дегендей саптар ырастап турат. Ыр 109 саптан турат.

 

 

Бешинчи кол жазма  (Эл оозунан жыйналган).

 

!974-жылы Ноокат менен Кадамжай райондорунан жыйналган материалдар.

 

Айдар Молдо айтып берген Молдо Нияздын санаттарынан.

 

Кадыров Эшбайдын айтып бергендеринен.

 

Тайтөрө Батыркулов жазып алган материалдардан.

 

Сатыпалды Сайпидин уулу жарыялаган “Молдо Нияз – жазгыч акын” деген макаладан алынган материалдар.

 

Молдо Нияздын Төкмөйдөгү (Шернедеги) жоруктарынан.

 

Профессор Раимжан Эгембердиев 1985-жылы эл оозунан жазып алган материалдардан.

 

 

Айрым сөздөргө түшүнүктөр

 

А

 

Аалым илимпоз, окумуштуу.

Аамийкөпчүлүк.

Адо кылды, ада кылды.

Азадатаза. Пакиза (эркин).

Азазилшайтан.

Айгариби – ай, карып, ай, бечара! Деген түшүнүктө.

Айлади – жаратты, берди.

Аййар – аяр, айлаукер.

Акабир – боюн көтөргөн, керсейген.

Алии – жогору.

Алир – ашырып.

Амалин – ишин.

Амач – буурсун.

Амин – башкаруучу, сот аткаруучу, бөлүштүрүүчү.

Амо – сокур, көр.

Арвай – арбак.

Арзи – жер.

Арзувлап – арзып.

Арзынча – ылайыктуу, арзыса, татыктуу болсо.

Арфа – арпа.

Арш – адам тагдыры жазылган жер.

Аршикүрс – Кудайдын тактысы.

Арзиңга – арызыңа.

Аси- күнөкөр.

Асырам баруу.

Атаа – берүү, атаа кылуу.

Атаа кылуу – берүү, энчилөө.

Атону – атаны.

Ауал – алгач, эң мурун.

Афу айласа – кечсе.

Ахад – Алла Таала жалгыз.

Ахи – жүрөктөн.

Ахырсоң – акырында.

Ашал – бал, асал.

Ашоратни- жыргалды.

 

Б

 

Баазилардин – кээ бирөөлөрдүн.

Бажо – кылсаң, кылды.

Байбача – эрке бала, байбатча.

Бакром – ысык эмес.

Баламат – балээ, балээге калтыруу.

Балант – бийик.

Бант – байлануу, эркин эмес.

Барчани – баарын.

Батининда – ичинде.

Батпак – бетсиз, бетпак.

Батында – ички дүйнөсүндө, сырында

Бахали – баалуу

Бахар – жаз

Бахридан – шапатынан, аркасынан, жакшылыгынан.

Бейбезат – пайдасыз.

Бейиллат – соо, таза, илдетсиз.

Бейбапа – опасыз.

Бейдин – динсиз.

Беймар – оору, кесел.

Бейнава – бечара, көзүнөн жашы чыкпаган.

Бейра – эл көрдү болбосун.

Бейрахвар — өкүлсүз.

Бейтамиз – бети жок.

Бериа – көрүмсүз

Бидкардар – жаман мүнөз

Биримиң – биримдигиң

Бурийа – эски килем.

 

В

 

Важип – милдет.

Вирхак – улук, бир кудай.

 

Г

 

Гавирди – сүйлөдү, гап урду.

Гадо – кедей.

Газы – казы.

Газыйнадар – казыналуу, казына башы.

Гаййар – аяр

Гала – эгин, дан, түшүм.

Галай – калай.

Галла – дан, эгин.

Гамкин – кайгыга чалдыккан.

Гамрах – эч нерсени билбеген.

Гаң – чаташкан, башы кеңип, адашып.

Гандасан – жамансың.

Ганий – бай

Гап – сөз

Гар – кор

Гар – кызганч.

Гариби – бечара, карып

Гархуда – эгер Кудаа…

Гафлат – кокустук

Гаффар – кечирүүчү

Гашыны – жинин

Гүлбахридин – жаз гүлүнүн

Гылман – бейиштин кызматчысы.

 

Д

 

Давир – доор

Дадиң – датың, арызың.

Даимый – ар дайым

Дарманда – бечара.

Дарт – оору.

Дастхар – дос кылсын, үмүт кылсын

Дафтар – дептер.

Даш казан – чоң казан

Дианат үчүн – дин үчүн

Диарлар – достор

Дигар – башка, дагы бир.

Дидар – жүз, бет.

Довран – доорон, доорон сүрүү.

 

Ж

 

Жаандар – жарандар

Жаббар – кудуреттүү, күчтүү

Жалакасын – кубантсын, жалгасын.

Жаллаб – соодегер, далдалчы.

Жаллат – желдет

Жамаат – эл, көпчүлүк.

Жаннат – бейиш

Жаң – уруш

Жарый – жүрсүн, турсун, жүрүп.

Жафа – чириген, жаман.

Жафи – жапаа чеккен

Жүзийат – бөлүк.

Жүхүт – жөөт.

Жумлани – баарин, көпчүлүктү

 

З

 

Загара – маканин (жүгөрүнүн) наны.

Захириңда – сыртыңда

Зулиат – караңгылык.

 

И

 

Изар – ыштан

Илахим – ылайым, илайим

Илач – илээ, айла

Имам Махди – мухаммат пайгамбардын насилинен чыккан аалым. Акыр заманда Дажжал менен урушат.

Исмизатын – атын атап

Ифлас – ыплас

 

Й

 

Йаувмулжаза –кыямат күн

Йагона – жалгыз

 

К

 

Кабир – чоң

Кадымнан – мурунтан, эскиден

Казип – жалган

Казий — өкүм чыгаруучу.

Казыят — Өкүм чыгаруучулардын уюму.

Кал – илим, граматика.

Кал – таздын бир түрү.

Камар – ай

Канды – кант

Канзү – (канизи)-казына

Кани – кени

Каны? – канакей?

Каралга — өтүп кетти.Карини – ишиң, ишини.

Карчтап – сарптап.

Карыны – ишин

Каса – кесе

Касани – жибек кездемени

Катта – чоң, зор

Каттык – бекем

Кафил – кепил

Кахар айласа – каары келсе

Кисафир – чөнтөкчү

Киш – териси баалуу жаныбар (соболь)

Күнч – экзема жарасы

Күлфат – мүшкүл

Кысса – аңгеме, новелла

Кыямы – кыябы, ылайыгы

 

Л

 

Ладун – илмикайып, кайып илими

Лажарим – бечара

Лазиз – ширин, таттуу

Лауху калам – тагдыр китеби

Лахат – гөр, табыт

Лахиатдасан – наалаттасын

 

М

 

Магар этса – эгер болсо

Магрур – убаракерчилик

Магрып – батыш

Магфират – кечирүү

Мадда – умтулуу

Мазо – ширин, таттуу

Майли – тетири жүрбөйт деген мааниде.

Макомдасан – бийиктесин

Макрө — айлакер, илакар (илээлүү)

Мадатиң – медетиң, жардамың

Манзили – жайы

Мар – жылан

Мардана – эркек

Мариз – оору

Марифат – кечирүү

Матиндар – бекемдер, каттыктар

Махалдур – кыйындыр

Махбул болсо – кабыл болсо

Махшарда – жыйында

Машгүл – убаракерчилик

Машырык – Чыгыш

Мервет – бермет

Мехрибан – мээрбан, мээримдүү

Мива – мөмө

Мисил менен – андай менен

Мискин – жетим-жесирлер, кембагал, бечара

Муакил – вакил, өкүл

Мугабр – тарынчаак

Музфуруш – муздак суу, муздак чалап саткан киши.

Мунафык – дили каапыр, тили мусулман

Мусибат – балээ, кыйынчылык.

 

Н

 

Надаркар – керек эмес

Надирин – кемчилик.

Назир – кол кайыр, садага

Назнемат – түркүн жемиштер, ырыскылар

Найсап – нысапсыз

Найча – жолок

Накш аалам – адамдын жүзүндөгү ааламдын көчүрмөсү

Намадур – эге (эгедир)

На мехрим – мээримсиз

Намиян – чөнтөк

Нанда – каткан, курушкан тери

Нанкир (Мүңкүр, Наңкир) – Көрүстөндө суракка алуучу эки периште.

Насибаси – насиби

Наф – нап, канаат кылуу, пайда алуу

Нафим исфад – келме айтуу

Нахалдур – алсыздыр

Нахасулдур – асыл эмес, маанисиздир

Начарадан – чаарасыз, аргасыз

Нашрдех – ушак

Немат – ырыскы, мөмө-жемиш

Нечүх – кандай7

Ныл – боек

 

П

 

Паитакта – так, хандын тагы

Пак – таза, аруу

Палит – балит, ыпылас

Пандч – беш

Параизхан – таза, нысаптуу, алдым-жуттум эме

Парвана – чексиз, кеп

Пашазаин – кең, кенен

Педе – беде

Пияда – жөө

Пом – үкү

 

Р

 

Рават – дарбаза

Рахбар – башчы

Рахим айласа – ырайым кылса

 

С

 

Саакы – март

Саз – ылайык, туура, даяр

Сазанда – ойнотот, ыр кылат.

Саилгак – сеил бак

Сайа – саябан, көлөкө

Сайафир – саяпкер

Сайлоо – шайлоо

Сакыйлар – жакшылар

Салихлардех – жакшылардай

Салман – аман, саламат, коопсуз

Салых – таза, жакшы

Самадур – асман

Самар – мөмө

Саркар – аскер бөлүгүнүн командири

Сарраб – ысырап

Сарсан – кыйналуу, сарсанаа

Сатаң – көйрөң

Саттарлик – айыпты, күнөөнү жашыруучу

Сафа – таза

Сафи – калк

Сафи – колу ачык, берешен

Сафилар – эрте

Сафта – таза

Сахар – таңда, саар

Сахиб хуруч – тазадан чыккан

Сил – оору, учук оору

Сүннөт – Пайгамбардын аткарар иши

Сом – пул

Сраттасан – жолдосуң, көпүрөдөсүң

Сыххат – таза

 

Т

 

Тааджүт – түнкү намаз

Таам – даам

Такабир – текебер

Таква – Алла Таалага моюн сунуу

Тан – дене

Таот – моюн сунуу

Таотиң йок – моюн сунбайсың

Тарк – таштоо, токтотуу

Ташвиш – мүшкүл, кайгы

Тувча – эки тишти эчки

Турфа күн – кыйын, оор күн

Туфик – нысап, ынсап

 

У

 

Урфа — өткөн ата-бабалардын

 

Ү

 

Үлфат – үлпөт

 

Ф

 

Фазанда – ашпоз

Фазылдар – улуктар

Файзи – пайдасы

Факим – байкаган, баамдаган

Факмак – көйрөң

Факырлар – кембагалдар

Фалак – бийик

Фам – оор

Фана – азап

Фана бергин – азап бергин

Фараизхан – нысаптуу, алкымын тыя ала турган киши

Фарз –парз, Алланын буйругу

Фаришта – периште

Фарк – айрыма

Фикир – пикир, ой

Фил – пил

Фрак – ажыроо

Франк – Франия

Фурсат – убакыт

 

Х

 

Хабиб – сүйүктүү

Хадия кылып – тартуу кылып

Хаёнда – турмушта

Хайа – уят кылуу

Хайырсаха – жакшылык кылуу, садага берүү

Хакийкый – акыйкат

Хал – ал, ал-ахвал, ден соолук

Хал бахрини – деңизди, кеңдикти

Халилдур – достур

Халыңга баксаң- алыңа карасаң

Хамрах – жолдош

Хамсап – камдап

Ханыш – ыр

Харгиз – ар качан, ар дайым

Харит – алуу

Хасират – арман

Хатарлик – коркунучтуу

Хатим – берешен

Хатим – шакек, үзүк

Хаузи каусар – суусундук, бейиштеги суу

Хафи сыр – жашыруун сыр

Хафики – кооптуу, коркунучтуу

Хайал – ой

Хила – айла-амал

Химмотни – берешендикти

Хүт – үт (жаз болгондо үт кирет)

Хылватыр – кылыптыр, аткарыптыр

Хури хава – курук ой, ысык аба

Хүрлар – үрлөр

Хушум – табитим, көңүлүм

 

Ч

 

Чабаңдаз – чабандес

Чака болдум – бала болдум

Чарпари – төрт бөлүктүү

 

Ш

 

Шадманлик – шаттык

Шакикый – шакый оорусу

Шарийа – масилетчи, кеңешчи

Шаримсиз – уятсыз

Шахайа – иштекти ача турган

Шахид – шейит

Ширваздын гөшү – баглан козунун эти

 

Э

 

Эгер – ээр

Эгиз – бийик

Эминдар – момундар, тынч адамдар

Эфак – заматта

 

Я

 

Яранлар – достор, бир боорлор.

 

 

МАЗМУНУ

 

Омор Сооронов. Улуу акын, унутулгус мурас………………………

 

БИРИНЧИ КОЛ КИТЕП

 

Жан Эгем өзү жараткан…………………………………………..

1.Бейнасип кылба, Кудайым!………………………………………………

2.Жаратты……………………………………………………………………………

3.Берип коюптур………………………………………………………………….

4.Көп көрдүм ………………………………………………………………………

5.Миң башы. . . . . . . . . . . . . . . . . . .  .. . . . . ……………………………..

Ыр мааниси немине?………………….

Эгем жалгасын!………………..

1.Кетет…………………………………

2.Жайыңы кылсын жаннатта……….

Бул аманат дүнүйада…………………

1.Деген………………………….

2.кыяматкайым блгуча…………….

Замана чапка айланды………………

Жакшы катын, жаман катын…………

1.Жаман катын………………………………..

2.Жакшы катын……………………………….

Беш күн өтөр дүйнөдө……………………

Болот………………………………………

Китеп кылдым ырымды……………….

Катка салдым санатты…………………….

1.Доору экен ……………………….

2.Көп айттым……………………

Албарс каапыр заманы………..

Алымкул………………………………

Адамзат өлөт бир күнү…………

1.Өмүрзак……………………………..

2.Бу дүнүйа, о дүнүйа…………….

3.Эртеги эрлер эскирди………….

4.Армандын дагын көрбөсүн…….

Аширбек чыкты казатка…………

 

ЭКИНЧИ КОЛКИТЕП

 

Жан Эгем өзү жараткан…………..

1.Бейнасип кылба, Кудайым………

2.Жаратты………………………………

3.берип коюптур…………………..

4.Көп көрдүм…………………….

Кудаа пендем дебесе………………….

Жакшы катын, жаман катын………….

1.Жаман катын…………………………….

2.Жакшы катын……………………….

Көрдүм жүрүп далайды………….

Күйөмүн………………………………

1.Көргөмүн …………………………

2.Орус келип зор болду………….

Замана чапка айланды…………

 

ҮЧҮНЧҮ КОЛКИТЕП

 

Курманжан датка…………………..

Дыйканбай………………………………

Адамзат өлөт бир күнү…………….

1.Бу дүнүйө, о дүнүйө………………

2.Эртеги эрлер эскирди………….

3.мырзабай…………………………….

Кыяматкайым болгуча………….

1.Деген…………………………………….

2.Койдун кани кочкордо……………..

Кымчабел…………………………………..

1.бул арманым дагы бар………………

2.Кымчабел…………………………..

Аршка карап жан кетет……………

Даткайым…………………………………

Апандим…………………………………

 

ТӨРТҮНЧҮ КОЛ ЖАЗМА- БАРАК

 

Мадина…………………………………………..

 

БЕШИНЧИ КОЛ ЖАЗМАЛАР (Элден жыйналган)

 

1974-жылы Ноокат менен Кадамжай райондорунан жыйналган материалдар…………………………………………..

Айдар Молдо айтып берген Молдо Нияздын санаттары…………

Кадыров Эшбайдын айтып бергендеринен……………………….

Тайтөрө Батыркулов жазып алган материалдардан……………….

Сатыбалды Сайпидин уулужарыялаган “Молдо Нияз – жазгыч акын” деген макаладан алынгандар……………………………………….

Молдо Нияздын “Төкмөйдөгү” (Шернедеги) жоруктарынан………

Профессор Раимжан Эгембердиев жазып алган материалдардан….

 ТҮШҮНДҮРМӨЛӨР

Чыгармалар туурасында түшүндүрмөлөр……………………………….

Айрым сөздөргө түшүндүрмөлөр……………………………………………….

Адабий-көркөм басылма

Молдо Нияз

Чыгармалар жыйнагы

Араб арибинен которуп, китеп кылып түзгөн О.Сооронов