Коом

Баткен: Дайынсыз болуп жаткан жигиттерди Тажикстан тарап алып кеткени белгилүү болду

Баткенде Тажикстан менен болгон чек арада дайынсыз болуп жаткан эки уланды Тажикстан тарапка алып кетишкен. Бул тууралуу  дайынсыз болуп жаткан балдардын биринин апасы билдирген.

Маалыматка ылайык, Тажикстан тарап алып кеткен балдарга нааразы болуп чогулган эл менен аймактын аким сүйлөшүүдө.

«Биздин балдарыбызды Тажикстанга алып кетишиптир. Учурда чогулган эл менен аким сүйлөшүү жүргүзүп жатат», — деген ал

Эске салсак, бүгүн, 24-апрелде «Кулунду» чек ара бекетинин жетекчисине Лейлек районундагы Бешкент айылынын тургунунан 2002-жылы туулган А.Д. жана К.К.у. аттуу уулдары жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Жаран алар Лейлек районунун Сай деген тилкесинде курулуш иштерин жүргүзүп жатканы айтылган. Аларды Тажикстандын жоокерлери түнү менен уктап жаткан жеринен алып кетти деген видео социалдык тармактарга тараган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button