Кылмыш-кырсык

Каракол шаарында автоунааны уурдаган эки жаран кармалды

25-апрелден 26-апрелге караган түнү, болжол менен саат түнкү 00.35 чамаларында Каракол ШИИБдин нөөмөт кызматына 23 жаштагы жергиликтүү тургундан кабар түшүп, анда белгисиз адамдар короосунун жанына токтотуп койгон «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап кеткендигин билдирген.


Аталган кабар боюнча шаардын ичинде «Перехват» иш чарасы киргизилип, атайын посттор коюлуп, өздөрүнө бөлүнүп берилген маршруттарда кайгуул күзөт иштерин жүргүзүп жатышкан милициянын мобильдик топтору кабарланган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө милициянын мобильдик тобунун курамында кызмат өтөп жатышкан милиция кызматкерлери уурдалган автоунааны шаардын көчөлөрүнүн биринде байкап калышып, аны уурдаган шектүүлөрдү колго түшүүрүгө үлгүрүштү. Шектүү катары кармалышкандар, Каракол шаарынын тургундары 20 жаштагы А.Д. жана 22 жаштагы К.Б. болуп чыгышты. Алгачкы суракта, шектүү катары кармалышкан жарандар өздөрүнүн күнөөлөрүн мойундарына алышып, бирөөнүн автоунаасын өз алдынча айдап кетишкенин билдиришкен.
Аталган факты боюнча чогулган материалдар Каракол ШИИБдин тергөө кызматына тергөө-процессуалдык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button