Коом
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 81 миллион метр кубга көбөйдү
Бүгүн, 9-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 581 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
«Бүгүн, 9-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 581 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 895 метр куб, агып чыгышы 398 метр кубду түзүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.
7-июнда суу сактагычта 10 миллиард 500 миллион метр куб суу бар болчу.