УКМКнын Чаткал райондук бөлүмүнүн жаңы имараты менен ага жанаша жайгашкан кызматтык үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды. Ташиев ушуну менен Жалал-Абад облусу комплекстүү, бардык керектүү кызматтык имараттар менен камсыздалганын белгиледи;
Чаткалдагы кен казган компаниялардын үлүшүнүн бир бөлүгү мамлекетке өтүп, иши УКМКнын көзөмөлүндө болот;
Жалал-Абаддагы ар бир жетекчинин иши атайын кызматтын тыкыр көзөмөлүндө;
Чаткал дарыясына Башкы-Терек чакан ГЭСин куруу иштери башталды. Ага «Гран Холдинг» ЖЧКсы инвестор болгон, курулуш иштери үч жылда аяктайт;
Райондогу узундугу 16 чакырым болгон Каныш-Кыя — Кара-Буура автожолунун курулушуна старт берилди. Ага бюджеттен 1,7 миллиард сом бөлүнгөн. Жол кийинки жылдын октябрына чейин салынып бүтүшү керек.

