Бишкек — Кой-Таш — Ысык-Ата жолунун 40,4-чакырымы автоунаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
«ДЭП-25, ӨКМ жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин күчү менен жол 29-июнь күнү кечки саат 20:00дө ачылды», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 27-июнда Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Суу ташкыны Алмалуу жана Кебек бий (Горная Серафимовка) айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган. Жалпысынан 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үй) жайгаштырылган. Жабыркагандар, бузулган үйлөр катталган эмес. Ал эми жогоруда аталган жол тилкесин ылай каптап, жабылып калган.

