Кара-Балтанын мэри кармалганы айтылды


Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов жана башка бир нече аткаминерлер камакка алынды. Бул тууралуу маалымат булактары өздүк шилтемеге таянып жазууда.

Маалыматта айтылгандай, аталган кызмат адамдары коррупцияга шектелип кармалган. Кармалгандардын арасында мэр жана шаардык муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы да бар.

Белгилей кетсек, өткөн жумада Камчыбек Ташиев жергиликтүү тургундардын начар курулган сейил бак боюнча даттануусунан кийин Токмок шаарына текшерип барган. Ал жерде Чүй облусунун бардык жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүп, аталган жыйын учурунда Токмок шаарынын мэрин жана дагы үч жооптуу кызматкер камакка алынган.