Садыр Жапаров Россияда Путин менен жолугат


Президенти Садыр Жапаров 2-июлда иш сапары менен Москва шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров президент Владимир Путин менен жолугуп, сүйлөшүү жүргүзөт.

“Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат”, — деп айтылат маалыматта.