Кыргызстандык окуучулар Болгарияда өткөн олимпиада күмүш жана коло медаль утту


Кыргызстандын мектеп окуучулары Болгариянын Несебрь шаарында өткөн “Математикага чек жок” эл аралык олимпиадасына катышты. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.


Анда аймактык турнирлерден жеңип чыккан, Бишкек, Чүй жана Талас облусунан барган 6 окуучу 17 өлкөнүн өкүлдөрү менен күч сынашты.
Кыргызстандык окуучулардан №17 мектептин 7-классынын окуучусу Бактыбекова Айыма күмүш медаль утту.
Ч. Айматов лицейинин 9-классынын окуучусу Разаков Исхак коло медаль жана “Турнирдин жылдызы” сыйлыгын алды.
“Билимкана кидс” мектебинин 1-классынын окуучусу Мурзаев Нурислам коло медалга ээ болду.
Белгилей кетсек, олимпиада 12 жылдан бери өткөрүлөт.