Коом

Бишкек-Балыкчы-Бишкек багыты боюнча поезд каттамы күн сайын жүрө баштайт

 Бишкек-​​Балыкчы-Бишкек багытындагы №608, 609 жүргүнчү ташыган поезд 19-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан  кабарлады.

Маалыматка ылайык, поезд каттамынын жүгүртмөсү төмөндөгүчө: Бишкек-Балыкчы каттамы саат 07:00дө, Бишкек-1 темир жол бекетинен жөнөп, саат 11:59да Балыкчыга барат.

Балыкчы-Бишкек-1 поезди саат 17:15те Балыкчы бекетинен жөнөп, 22:03тө Бишкек-1 темир жол бекетине келет.

Билет баалары: Чоңдор үчүн 69 сом, балдар үчүн 34 сом (5 жаштан 10 жашка чейин). Ал эми 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз.

«Билеттерди темир жол станциясынын кассасынан же поезддин ичинен сатып алса болот», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жайкы туристтик сезонго карата «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Бишкек-Балыкчы багыты боюнча поезд каттамын 18-июндан тарта ишке киргизген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button