Сууга түшүп кеткен эки өспүрүмдүн жансыз денелери табылды


Сууга түшүп кеткен эки өспүрүмдүн жансыз денелери табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-июль күнү саат 20:20 чамасында Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагына караштуу Шибе айылындагы Жантайма жайлоосунда жайгашкан көпүрөдөн өтүп бара жаткан учурда эки бала 2009-жылы туулган Б.А. жана анын иниси, 2017-жылы туулган Ө.А. сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 102 кызматы аркылуу түшкөн.

Кырсык тууралуу билдирүү алынышы менен Чоң-Алай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан РИИБ кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте ыкчам издөө-куткаруу иштери жүргүзүлгөн. Бирок кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 5-июлда таңкы саат 04:00дө издөө-куткаруу иштери улантылып, саат 7:00 чамасында эки баланын тең жансыз денелери табылып, суудан чыгарылып Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.