Бишкекте Каражыгач токоюндагы  Комсомол көлү ачылды


Мэриядан билдиришкендей, Комсомол көлү 10:00дөн 19:00гө чейин ачык. Эс алуучулардын коопсуздугу үчүн куткаруучулар нөөмөттө турушат.

Комсомол  көлүнө түшүүнүн бир нече эрежелери:
— балдар чоңдордун жана ата-энелердин көзөмөлүндө гана сууга түшүшү керек;
— белгиленген жерден ары сүзүүгө болбойт;
— мас абалында сууга түшүүгө болбойт;
— баланы суунун жанында кароосуз калтырбаңыз;
— кайыктардын жанында сүзүүгө жана моторлуу кайыкты кууп чыгууга тыюу салынат;
— сак болуңуз, булуттуу же шамалдуу убакта сууга түшпөңүз.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоону суранат.