Бүгүн Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы, жоопкерчиликтүү кызмат өтөөсү, ошондой эле адамдардын өмүрүнө коркунуч жараткан өзгөчө кырдаалдарда кайраттуулук жана тайманбастык көрсөткөндүгү үчүн, өз милдетине берилгендиги жана чыныгы баатырдык үлгүсүн көрсөткөн бир катар милиция кызматкерлери салтанаттуу түрдө сыйланышты.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун буйругу менен «Каармандык» медалы төмөнкү милиция кызматкерлерине ыйгарылды:
-Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын, өзүнчө батальонунун туристтик-экологиялык взводунун тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Акылбек Макеев;
-ИИМдин ЖКККББнын Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын Чүй РИИБ боюнча ЖККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын прапорщиги Рысбек уулу Кубаныч;
-ИИМдин ЖКККББнын Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын Чүй РИИБ боюнча ЖККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын прапорщиги Рысбек уулу Кубаныч.
Сыйлыктарды Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов тапшырып, коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоого кошкон зор салымы үчүн бардык кызматкерлерге терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле мындай демилгелер коомчулуктун укук коргоо органдарына болгон ишенимин жогорулатууга чоң таасир этерин белгиледи.
Ички иштер министрлиги өз кызматтык милдеттерин так жана мыкты аткарып, жарандарга жардам берүүгө ар дайым даяр турган кызматкерлерди мындан ары да колдоп, татыктуу сыйлоону улантат.

