«Ала-Тоо Резорт» курортунун курулуш иштери башталды


Ысык-Көлдө «Ала-Тоо Резорт» курортунун курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Эс алуу жайы Ак-Суу районунда жайгашкан. Азыр ал жакта узундугу төрт чакырым болгон асма жол салынып жатат.
Комлекстин 3D эскизи даяр. 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманканалардын долбоорлору иштелип чыккан. Курорт жылына 2 миллион конок күтө алары кошумчаланды.
Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларына 2028-жылга чейин «Ала-Тоо Резорт» деп аталган курорт салуу пландалууда. Анын биринчи фазасы 2026-жылдын декабрында ишке берилери айтылган.