Бүгүн күндүз тоолуу аймактарда күн күркүрөп, жаан жаайт, өрөөндөрдө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31…+36, Талас жергесинде +29…+31, Ысык-Көлдө +20…+25, Нарын аймагында +24…+29 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +33…+35 градуска көтөрүлөт.

