Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев кармалды


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын Тунгуч аймагынын жашоочулары менен жолугуу учурунда Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин ишмердүүлүгүн текшерүүнү буюруп, аны ыкчам-кызматкерлер алып кетишти.

Ырсалиев калаанын транспорт жана жол курулуш боюнча тармагын көзөмөлдөйт.

Буга чейин УКМК төрагасы Сокулукка барып, Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын камоону тапшырган. Көп өтпөй Пригородное айылынын башчысын карматып, мэрдин кадр тандоодогу чабалдыгын белгилеген эле.