Монголия Кыргызстанга топоз менен эчки экспорттойт


Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Ынтымак Ордодо Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсух билдирди.

Хурелсух эки тарап буга чейин экономикалык кызматташтыкты чыңдоо тууралуу макулдашканын жана ал ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Ал Кыргызстанга кой, эчки, бодо мал, жылкынын этин, ич эттерди экпорттоого жана Монголияга балык жана балык азыктарын импортоо үчүн эл аралык ветеринардык сертификаттар алынганын билдирди.

Ал Монголиядан Кыргызстанга топоз менен эчки экспортоло баштай турган айтып өттү.

Эскерте кетсек, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсух Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт.