Балыкчыда ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды


Балыкчы шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания сала турган турай жай комплексинин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, бул турак жай комплекс 67 блоктон турат. Анын ар бир 12 кабаттан болуп, жалпы 3.7 миң батир салынат.

Туманбаев президенттин тапшырмасы менен Мамлекеттик ипотекалык компания ар бир облуста ипотекалык үй салып жатканын айтып өттү.